Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:59

Украинада полиция иштей баштады


Патрулдук полиция ант берүүдө. Киев. 4-июль 2015
Патрулдук полиция ант берүүдө. Киев. 4-июль 2015

Өткөн ишемби күнү Киевде патрулдук полициянын биринчи батальону кызматка киришти. Алар Мамлекеттик автоинспекцияны алмаштырат.

Украин жетекчилигинин айтымында, кылдат тандоодон жана атайын даярдыктан өткөн жаңы полициячылар өлкөдө жүрүп жаткан реформалардын символу болушу керек. Жаңы түзүлүп жаткан полиция эски советтик милицияны алмаштырат.

5-июлга караган түнү алгачкы ирет кызматка чыккан патрулдук полициянын кызматкерлерин Кошмо Штаттар, Канада жана Жапониядан келген инструкторлор машыктырды. Биринчи топтогу 2 миң полициячы 17 миң талапкердин ичинен ылгап алынды. Алардын 17си гана мурда МАИнин катарында эмгектенген. Алар алты айлампадан турган сынактын негизинде тандалып алынып, үч айлык даярдыктан өтүштү.

Президент Петро Порошенко 4-июлда патрулдук полициянын кызматка кирүү салтанатында сүйлөп, алардын милдети мыйзамды камсыздоо жана жарандарга реформа жүрүп жатканын даңазалоо деди:

- Украинага ант берүү - бул сыймык жана жоопкерчилик. Силер бүгүн ички фронтко: мыйзам жана адилеттүүлүк фронтуна киресиңер. Патрулдук кызмат - бул биздин өлкөдө жүрүп жаткан олуттуу өзгөрүүлөрдүн далили.

Порошенко жаңы полициянын милдети - мыйзамдуулукту жана адилеттикти камсыздоо татыктуу колдо деп элди ишендирүү экенин да баса белгиледи.

Жаңы униформачан полициячылар. Киев.
Жаңы униформачан полициячылар. Киев.

Бул күнү 26 жаштагы Василь Семнюк да биринчи жолу Киевдин көчөлөрүнө патрулга чыкты. Ал өлкөдөгү жашоонун жакшы жакка өзгөрүүсүнө салым кошоруна ишенет:

- Мен өлкөдөгү жашоону жакшыртайын, жарандардын полицияга болгон мамилесин өзгөртөйүн деп ушул жумушка орноштум. Эл бизге ишенгендей болуусу үчүн баарын жасайбыз.

Ички иштер министри Арсен Аваковдун айтышынча, Киевдин парктарында жана дарыя жээгине чыккан патрул атчан жүрөт.

Полициячылар демейдеги аспаптары - курал, зоолу, газ баллончо, желим таяктан тышкары Lenovo планшети жана портативдик видокамера менен камсыздалган.

Жаңы кызматты Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилинин учурунда өлкөнүн Ички иштер министрлигин ийгиликтүү реформалаган Эка Згуладзе жетектейт. 37 жаштагы Згуладзе былтыр күздөн бери Украинанын ички иштер министринин орун басары.

Киевдин жаңы түзүлгөн патрулдук полициясындагы кызматкерлердин 25 проценттен көбүрөөгү аялдар. Алардын бири 21 жаштагы Виктория Черванчук машакаттуу кесипти тандап алганына өкүнбөйт:

- Окуп жүрүп, каалаган жагыма чындап келгениме күн сайын бекем ишенип жаттым. “Жаш кыз, көчөдө эмне кыласың?” дегендерге бул кесипти тандам алганыма кыпындай да өкүнбөйм деп айтам.

Полициячы аялдар. Киев. 4-июль 2015
Полициячы аялдар. Киев. 4-июль 2015

Патрулдук полицияда иштегендердин эмгек акысы 8000 гривен же 380 доллар, атайын отряддагылардын маянасы 475 доллардан 710 долларга чейин, ал эми тергөөчүлөрдүкү 1190 доллар болот.

Премьер-министр Арсений Яценюк ишемби күнкү телекайрылуусунда жыл аягына чейин Львов, Харьков, Днепропетровск жана Одесса шаарларында да патрулдук полиция пайда болуп, МАИлер жоюларын эскертти.

Мындай реформа Украинанын тартип сактоо органдарындагы коррупциянын тамырын кыркуу боюнча Евробиримдик койгон талапка ылайык жүргүзүлүүдө.

Киевдеги бейөкмөттүк Разумов борбору июнда жарыялаган иликтөөгө караганда, сурамжылоого катышкандардын 20-30% Украинада эч кандай реформа жок десе, 81% коррупцияга каршы күрөш натыйжа бербей жатат деп эсептейт.

Украин парламенти - Жогорку Рада 2-июлда Улуттук полиция жөнүндө мыйзамды бекиткен. Ага ылайык, облустарда жана райондордо ички иштер башкармалыктары жоюлуп, ордуна полиция башкармалыктары түзүлөт. Полицияга кызматка өтчүлөр конкурстук негизде тандалат. Полициянын ишин өкмөт келишим менен беш жылга дайындачу жарандык министр жетектейт.

XS
SM
MD
LG