Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:31

4-декабрга карата аба ырайы


Ат-Башы, Нарын
Ат-Башы, Нарын

Чукул билдирүү

3-декабрдагы абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу дарыялардын нугу көтөрүлүп, ойдуң жерлерди суу капташы мүмкүн.

4-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 5...10 градус жылуу;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз 4...9 градус жылуу;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 0...5, күндүз 6...11 градус жылуу;

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз 0...5 градус жылуу;

Нарын облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз - 1...- 6 градус суук болот.

4-декабрда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетмекчи. Абанын түнкү температурасы 3…5, күндүзгү жогорку температурасы 7…9 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG