Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:50

Президент Янукович - эң көп киреше тапкан жазуучу


Украина президенти Виктор Януковичти сөзгө чечен деп атай албайсың. Бирок анын калеминен чыккан китептер былтыр авторуна 2 миллиондон ашуун доллар киреше алып келген.

Жергиликтүү жазуучулар өлкөнүн ар бир жараны президенттин чыгармаларынын бир нече нускасын сатып албаса эле, китеп жазуудан Украинанын шартында мынча каражат табуу дээрлик мүмкүн эмес дешет.

Бир нече жыл мурун биринчи жолу президенттикке аттанып жатканда Виктор Янукович профессор деген наамын туура эмес айтып алып, көпкө чейин сөз болуп жүрдү. Дагы бир ирет Львов жашоочулары менен жолугушууда “генофонд” дегендин ордуна “геноцид” деп айтып алганы бар.

2010-жылдын этегинде “балаты” деген сөздү украин тилинде эстей албай, “ялынка” эмес “елка” деп, көптөгөн сынга кабылган.

Кыскасы, Украинанын мамлекет башчысы чечендиги менен айырмаланбайт. Буга карабай, Янукович жазган китептер эң көп сатылгандардан болуп чыкты. Президенттин сайтында жарык көргөн декларацияга караганда, 2011-жылы ал автордук укуктар жана калем акысына 16,4 миллион гривна, же 2 миллиондон ашуун доллар киреше алган. Янукович – “Оппозициядагы бир жыл”, “Бийликтеги бир жыл”, “Украинанын келечек багыты” деген китептерди жазган.

Ошентип ал бир жылда тапкан гонорар жагынан дагы бир президент Барак Обама менен теңтайлаш чыкты. Обама жаңы шайланган 2008-жылы чыккан китеби үчүн 2 жарым миллион доллар киреше тапкан. Ал эми орточо айлык 300 долларды түзгөн өз өлкөсүндө Янукович ушундай гонорары менен эң жакшы төлөнгөн авторлордун тизмесинин биринчи сабын ээлегени таң калычтуу эмес.

Бир нече сыйлыктын ээси, журналист жана жазуучу Ирэна Роздобудько Януковичтин китептери ага ушунча киреше алып келгенине ишенүү кыйын дейт:

- Украинада калем акысы өтө төмөн, чыгарма үчүн мынча көп акча алуу мүмкүн эмес. Бул коррупцияны гана күбөлөйт. Бизде Уильям Фолкнердин деңгээлиндеги, дүйнөгө таанылган жазуучуларыбыз бар. Бирок алар өмүрүндө мынча акча албаса керек.

Буга чейин паракорлук, кызматынан кыянат пайдаланган деген айыптоолорго туш болгон президент элдин көңүлүн 2 миллиондон башка жакка буруу үчүн адабий эмгектеринен түшкөн каражатты соопчулукка жумшоо пландары менен бөлүштү. 15-апрелде Янукович ал акча оорулуу адамдарга, биринчи кезекте балдарга берилээрин айтты.

Гонорардан сырткары украиналык калемгерлер китептердин сапатынан да күмөн санашат. Инвестициялар жөнүндөгү “Украинанын мүмкүнчүлүктөрү” деген акыркы китебинин ири бир бөлүгү плагиат болуп чыккан.

Пьеса, детективдерге адистешкен жазуучу Андрей Кокотюха Янукович китептери жазылганда колуна калем да албаса керек деген ойдо:

- Бир сабын Януковичтин өзү жазганы күмөндүү. Бирок ал “елка” өңдүү бардык каталарын патенттеп, башкалар ал сөздөрдү пайдаланган сайын акча түшүп турса, анда ал 16 миллион гривнадан да көп тапмак.

Президенттин таламын талашкандар базар экономикасынын шартында бир да басма үйү кайтарым болбосо, акча төлөбөйт дешет.

Сынчылар: “Анда Януковичтин чыгармаларын ким сатып алат?” деген суроо узатышат. Жергиликтүү дүкөндөрдө анын китептери сейрек кездешет.

Дагы бир белгилүү украиналык жазуучу Васил Шкляр Януковичтин кирешесин бир эле жол менен түшүндүрсө болот дейт:

- Мынча акчанын түшүшү үчүн ар бир украиналык – балдар, пенсионерлер, көзү азиздер болобу – бардыгы ар бир китебинин 2 нускасын сатып алышы керек.

XS
SM
MD
LG