Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:22

"Азыркы кыргызстандык” рубрикасынын бул жолку каарманы ишкер Уланбек Тынччылык уулу. Түркияда билим алып, учурда баш-оту менен курулуш тармагына кирип, өз компаниясын жетектейт.

Мамлекеттик жана жеке заказдар боюнча бир катар имараттарды салган компания эми үйгө муктаждар үчүн социалдык турак жайларды куруу алдында турат.

"Азаттык": Сиз Түркияда билим алып, учурунда Кыргыз-түрк Манас университетинде да иштептирсиз. Анан курулушка кантип аралашып калдыңыз? Бул тармакта жүргөнүңүзгө канча жыл болду?

Уланбек Тынччылык уулу: Бул тармакка 2003-жылы аралашкам. Үч жыл башка компанияда тажрыйба топтоп, ошол жактан курулуш сырларын үйрөнгөм. 2006-жылы өзүмдүн “Мэрибел Текстиль Иншаат” курулуш компаниясын негиздедим. Быйыл ага туура он жыл толду. Албетте, көптөгөн кыйынчылыктардан, тоскоолдуктардан өттүк. Ошонун баарын жеңе билип, жаңы технологияларды колдонуп, жакшы кадрларды өстүрүү менен ушул деңгээлге жеттик десем болот.

"Азаттык": Тобокелдик болмоюн иш жүрбөйт дешет, бирок кыйналган маалда ушул бизнести баштаганыңызга өкүндүңүз беле?

Уланбек Тынччылык уулу: Өкүнгөн эмесмин. Бирок тобокелдикке барып, жеке мүлкүбүздү, үйүбүздү күрөөгө койгон учурлар болду. "Сабырдын түбү сары алтын" демекчи, ишибизди акырын уланта берип көп тоскоолдуктарды артка калтырдык.

"Азаттык": Силердин компания жеке үйлөрдөн тышкары мамлекеттик да заказдарды аткарат экен. Учурда курулуш компаниялары абдан көбөйдү. Мындай атаандаштыкка кантип туруштук бердиңер? Алардын арасынан суурулуп чыгып, мамлекеттик заказдарды кантип алдыңыздар?

Уланбек Тынччылык уулу: Убагында көбүнчө жеке заказдарды алчубуз. Үч-төрт жылдан бери мамлекеттик да заказдарды ала баштадык. Биздин компания ушу тапта төрт имарат салууда. Анын экөө мамлекеттики: Баткенде бир чек ара тозотун, Ат-Башы районунда бир мектеп куруп жатабыз. Андан башка Бишкектин Жал кичи районунда жана Жумабеков-Шевченко көчөлөрүнүн кесилишинде көп кабаттуу үйлөрдү куруудабыз.

Курулуш тармагында 2003--жылдан баштап иштеп келе жатам.

Курулуш тармагында 2003--жылдан баштап иштеп келе жатам.

"Азаттык": Кризис демекчи, учурда курулуш тармагы кыйынчылыкка кептелип турат. Сиздерге оорчулук сезилип жатабы?

Уланбек Тынччылык уулу: Албетте, жаңы түзүлгөн фирмалар чыгып, курулуштун баасын арзандатып, сапаты начар үйлөрдү сала башташты. Анткен менен сапаттуу курулушту жүргүзүү, убагында жумушту аткаруу, анан өтө сезимталдык менен рыноктун өйдө-ылдыйын баамдап иштөө аркылуу ушул кризистен чыгып атабыз десем болот.

Курулуш компаниялары негизинен тез өсүп, өзүнө тез пайда таап, бирок ошол эле учурда кризис болгондо биринчи сокку жеп, банкрот боло турган сектор деп мүнөздөлөт. Экономика жакшы болсо анын локомотиви - курулуш. Эгер, тескерисинче, экономика туруксуз болсо курулуш тармагы эски, жакшы жүрбөгөн, пайдасы жок унаага окшоп калат. Албетте, учурдагы кризис бизге сезилип жатат. Мамлекеттик, жеке жана эл аралык уюмдардан заказдардын азайганы, биринчиден, жумушсуздукту көбөйтүүдө. Мындан тышкары түшкөн пайданын пайызы өтө төмөндөп кетти. Маселен, батирдин мурда 1 чарчы метри 700-800 доллар болсо, азыр 400-450 долларга чейин түшүп кетти. 2016-2017-жылы бул кыйынчылыктар уланат, ал эми 2018-жылы бир аз абал жакшырат деген божомолдор бар. Жумушту такыр токтотуп койгон жокпуз, токтоткон да болбойт деп ойлойм. Түркиядагы менин өнөктөштөрүм жардам берип жатат. Биз алардан ири суммадагы кредиттерди алып келип, мурда баштаган иштердин баарын аягына чыгарып жатабыз. Андан тышкары дагы бир долбоордун үстүндө иштеп баштадык. Бул социалдык турак жай куруу. Аны 2016-жылдын соңунда ишке киргизели деп ойлоп жатабыз.

Экономика жакшы болсо анын локомотиви - курулуш. Эгер, тескерисинче, экономика туруксуз болсо курулуш тармагы эски, жакшы жүрбөгөн, пайдасы жок унаага окшоп калат.

Социалдык турак жай деген бул аянты 35-40 метрден ашпаган чакан батирлер. Биз алган кредиттин кайра төлөмдөрү 10 жылга деп эсептелинген. Ошондуктан биз салып, саткан батирлерди сатып алуучуларга 10 жылдык мөөнөт менен берсекпи деген оюбуз бар. Андай үйлөр Бишкектин борборунда эмес, жака белинде жайгашат деп ойлоп жатабыз. Азыр жер тилкесин, бардык шарттарын караштыруудабыз. Себеби коммуникацияны да чогуу салып кетишибиз керек. Дарыгерлерге, мугалимдерге, негизи эле айлыгы 30 миңден ашпаган мамлекеттик кызматкерлерге алгачкы төлөмүн болжол менен 20 миң сомдон кылып, анан 10 жылдын ичинде батирге ээ болуп калгандай шартта социалдык багыттагы турак жай салсакпы деген үмүтүбүз бар.

Мамлекеттик заказдардын бири Баткендеги чек ара заставасы.

Мамлекеттик заказдардын бири Баткендеги чек ара заставасы.

"Азаттык": Азыр өкмөт да бул багытта мамлекеттик кызматкерлерге колдоо көрсөтөбүз деп жакында эле ипотекалык программа тууралуу жарыялабадыбы. Бул программанын келечегин кандай көрөсүз?

Уланбек Тынччылык уулу: Ипотекалык программалар көп өлкөлөрдө кеңири жайылган көрүнүш. Бирок бул жерде бир-эки инструмент күчтүү болуш керек да. Биринчиден, банктардын ипотекалык кредит берүү мүмкүнчүлүгү өтө жогору болуш керек, экинчиден, мамлекеттик бюджеттин эсебинен субсидия кылуу керек. Үчүнчүдөн, сатып алган кардарлар ошол айлык төлөмдөрдү айлыгынан болобу же тапкан кирешесинен болобу - үзгүлтүксүз төлөй турган мүмкүнчүлүккө ээ болуш керек. Ушул үч нерсе шайкеш келсе ипотекалык программа иштейт деген ойдомун.

"Азаттык": Улан мырза, сиз курулуштан тышкары “Жол богошту” деп аталган коомдук фондду дагы негиздепсиз. Фонд эмне иштер менен алектенет?

Уланбек Тынччылык уулу: “Жол богошту” коомдук фонду аты айтып тургандай эле өзүм-туулуп өскөн Ат-Башы районундагы Богошту айылынын урматына коюлган. Ошол жерде Жол богошту анан Туюк богошту деген эки жайлоо бар. Ошолордун биринин атын койгом. Менин айылымдан башка Талды-Суу жана Өзгөрүш деген айылдар биригип, Талды-Суу айыл округун түзөт. Фондубуз ушул үч айыл ортосунда маданий-спорттук иш-чараларды өткөрүп келет. Маселен, Жумамүдүн Шералиев атындагы комуз ийримдерин, ошол адамдын ысымын кийинки муунга калтырып, анын чыгармалырын жайылтуу үчүн үч айылдын мектептерине атайын класстарды ачтык.

Эң ири заказдарыбыздын бири "Бишкек парк" комплекси.

Эң ири заказдарыбыздын бири "Бишкек парк" комплекси.

Айылдар ортосунда ынтымакты бекемдеп, жаштарды музыкага, маданиятка тартуу менен турмушка болгон ойлорун көтөрүүнү көздөп түзүлгөн коомдук фонд болуп эсептелет. Башында ар бир айыл башкармалыгында ушундай коомдук фонддор ачылса, кийин республиканын аймагына жайылса, анан баары биригип, коомдук фонддорун конфедерациясын түзсөк деп ойлодум эле. Мамлекетти же өкмөттү карап отура бербей, ар бир айылдагы тың чыкмалар колдон келишинче финансылык каражаттарыбыздын мүмкүнчүлүгүнө жараша майда нерселерди өзүбүз эле чечсекпи деген ой бар.

"Азаттык": Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?

Келинчегим Айнура экөөбүз эки уул, эки кыздын ата-энесибиз.

Келинчегим Айнура экөөбүз эки уул, эки кыздын ата-энесибиз.

Уланбек Тынччылык уулу: Апам мугалим, атам журналист. Атам ушул күнгө чейин “Ат-башы жаңылыктары” гезитинде эмгектенет. Келинчегим экөөбүз Түркияда окуп жүргөндө таанышканбыз. Кийин Кыргызстанга келип баш коштук. Азыр эки уул, эки кызыбыз бар.

  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG