Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:19

Ооган согушунда карапайым калк көп жоготууга учуроодо


Хераттагы жардырууда жарадар болгон кыз жергиликтүү ооруканада, 1-июль, 2010

Хераттагы жардырууда жарадар болгон кыз жергиликтүү ооруканада, 1-июль, 2010

Ооганстандагы согушта батыштык аскер күчтөрү арасында жоготуу азайганы менен, набыт болгон жөнөкөй тургундардын саны буга чейин болуп көрбөгөн чегине жетти. Быйыл жылдын биринчи жарымында 1271 карапайым ооган окко учкан. Дагы 2000 жакын адам жарадар болду. БУУнун атайын өкүлү муну “өзгөчө кабатырга салчу жагдай” деп атады.

Бириккен улуттар уюмунан билдиришкендей, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, быйыл уруштан жапа тарткандардын саны 31% өстү.

Бул эмне дегенди билдирет?

Улуттар уюмунун баш-катчысынын атайын өкүлү Стаффан де Мистура: “31% дегени, адамдардын саны менен айтканда, акыркы алты айда 3268 ооган тургуну согуш учурунда өлгөн же жарадар болгон дегенди билдирет”.

Карапайым элдин ичинде болгон өлүмдүн дээрлик баарына талиптер менен башка козголоңчу топтор күнөөлүү дешти. Кабарга караганда, адамдар көбүнчө жолдордогу жардырууларда өлүп же жарадар болуп жатышат.

Ал эми 368 адамдын өлүмүнө америкалык же НАТОнун аскерлери, өкмөттүк аскерлер жооптуу экенин айтышты. Бул быйылкы бүт жоготуулардын 12% түзөт. Былтыр ал 30% болгон эле.

Ооганстандагы карапайым калктын ичинде согуштун айынан өлгөн жаш балдардын саны былтыркыдан 55% жогорулап кеткен.

Өкмөткө каршы күчтөр адамдарды элдин алдында дарга аскан же өмүрүнө тымызын кол салган учурлар да дээрлик эки эсеге өстү.

Эки күн мурда эле ооганстандык адам укугун коргоочулар эл ичиндеги жоготуулар жөнүндө билдирүү жасашкан. Бирок Улуттар уюмунун изилдөөчүлөрү келтирген фактылар алардыкынан алда канча көп болуп жатат.

Ооганстандагы Адам укуктарын коргоо комиссиясы жоготуулар былтыркыдан 6% өскөнүн айтышкан.

Жекшембиде Кабулда ошол комиссиянын расмий өкүлү Надер Надери түз эле козголоңчуларга кайрылып: “Комиссия куралдуу оппозицияны шариат боюнча жана согушка катышкан тарап катары өздөрүнүн милдеттерин так аткарууга чакырат, - деди. - Эларалык мыйзамдарга жана Женева конвенциясына ылайык, карапайым эл ичинде жоготуулар мүмкүн болушунча аз болушуна аракет кылыш керек, элди коргоо баары бир алардын башкы милдети болуп калышы абзел”.

Ооганстандын президенти Хамид Карзай да буга чейин бир нече жолу Батыштын аскерлери кокусунан куралсыз элди өлтүрүп алган фактылар оогандар арасында нааразылыкты, козголоңчулардын аракеттеринин андан бетер активдешүүсүн жаратат деп эскерткен.

Ал арада талиптер да бул маселеге жооп иретинде өздөрүнүн козголоңчулары арасында “жүрүм-турум кодексин” кабыл алышты. Ага ылайык, талип куралчандары тынч жаткан эл ичинде жоготуу болбошуна аракет кылышы зарыл, элди талап-тоноо деген өңдүү натуура иштерге барбашы лаазым.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG