Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:53

Бириккен улуттар уюмунун баш-катчысы Пан Ги Мун Борбор Азияга сапарын улантууда. Түркмөнстан менен Кыргызстанга баргандан кийин, баш-катчы бүгүн Өзбекстанда болду. Президент Ислам Каримов менен сүйлөшүүлөрүндө ал адам укуктарынын абалына “этияттык менен кайрылганы” айтылууда.

Өзбекстандын жетекчилиги менен жолукканда баш-катчы Пан Ги Мун мамлекет адам укуктарын коргоо боюнча айрым ийгиликтерге жетишкенин, мисалы, өлүм жазасын жойгонун, бир топ эларалык келишимдерге кол койгонун белгиледи. Ошол эле учурда өзүнө алган “эларалык милдеттенмелерин аткарууга азыр убакыт келди”, - деди баш-катчы.

“Мен президент Ислам Каримовду жана анын өкмөтүн Бириккен улуттар уюмунун сунуштарын эске алуу менен өзү кабыл алган эларалык келишимдерде айтылгандарды аткарууга чакыраар элем”, - деди Пан Ги Мун.

Этият ишарат

Адам укуктарын коргоодо конкреттүү иштер, ийгиликтер жасалышы керектигин Улуттар уюмунун башчысы өзбек президенти Ислам Каримов менен өткөн бетме-бет сүйлөшүүлөрүндө да билдирди.

Бирок Улуттар уюмунун башкы дипломаты өзүнүн билдирүүлөрүн аябай этият жасаганы айтылып жатат. Маселен, ал өзбек лидерлери менен жолугушууда Анжиян окуялары жөнүндө ооз ачпаптыр, же укуктар орой бузулган башка окуяларды да мисалга келтирген эмес.

Адам укуктарын коргоо боюнча Бириккен улуттар уюмунун бөлүмү Өзбекстанды сындаган баяндамасын чыгарганына эки жума да боло элек. Билдирүүдө өзбек жетекчилигин беш жыл мурдагы Анжиян окуяларын кайрадан тереңирээк иликтөөгө чакырык айтылган эле.

Өзбек бийликтери 2005-жылдын май айында Анжияндагы демонстрацияда “мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган” 187 адам өлгөн деп билдирип келишет. Окуяга күбө болгондор жана бир топ эларалык уюмдар өкмөттүк аскерлердин огунан өлгөндөр мындан алда канча көп болгонун жана алар тынч демонстрацияга чыгышканын айтышууда.

Адам укуктарынын абалы тууралуу Улуттар уюмунун баш-катчысы негизи Борбор Азиядагы баардык эле мамлекеттерде айтып жатат. Билдирүү Түркмөнстанда да, Кыргызстанда да, Өзбекстанда да айтылды. Эми Тажикстан менен Казакстанда да кайталанат деп күтүлүүдө. Анткени жарандардын укугунун тебелениши өңдүү тенденциянын күчөгөнү региондогу баардык жумурияттарда байкалууда.

Арал апааты

Пан Ги Мун Улуттар уюмунун башчысы катары Борбор Азияга алгачкы сапарын аймактагы суу ресурстарынын колдонулушу маселесине да бурууда. Ал 4-апрелде Арал деңизинде болуп, анын азыркы ахыбалынан катуу таасир алганын айтты. Кургап бараткан деңизди “дүйнөдөгү эң жаман табигый кырсыктардын бири” деп атады.

Өзбекстан, Муйнак, 4-апрель, 2010
Суу демекчи, региондо өлкөлөр ичиндеги талаш-тартыштуу маселеге айланган ахыбалды Пан Ги Мун ушул эле күнү Тажикстанда президент Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүдө да көтөрдү.

Аймактагы мамлекеттер суу боюнча мунаса таба албай жатканы жөнүндө ушул аптада Борбор Азияда болгон Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Ассельборн да айтты. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, ал региондогу өлкөлөр маселени ич-ара талкуулап чечкени оң, дейт.

“Менимче, бул региондогу беш өлкөгө тең маанилүү нерсе. Ошон үчүн ич-ара сүйлөшүүлөр, диалог аркылуу чечилиши керек, - деди Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Ассельборн. - Азырга чейин сүйлөшүүлөр өтө жай, жыйынтыксыз өтүп жатат. Борбор Азия регион катары күчтүү, таасирдүү аймакка айлангысы келсе, мына ушул суу маселеси жана энергетика өңдүү темаларда мамлекеттер ич-ара кызматташтыкты күчөтүүлөрү зарыл. Маселе жалпы аймактын кызыкчылыгы үчүн чечилгени дурус болот”.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG