Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Кургакчылык жана багбан


Миталип Балтабаев: "Биз кудай берген сууну пайдаланганды үйрөнүшүбүз керек"
Миталип Балтабаев: "Биз кудай берген сууну пайдаланганды үйрөнүшүбүз керек"

БУУ 2006-жылы Борбор Азияда жердин чөлгө айланышына каршы күрөшүш үчүн 10 жылдык программасын ишке киргизген. Уюм бүгүн Кургакчылыкка жана жердин чөлгө айланышына каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүн белгилеп жаткан чакта анын жети жыл мурдагы программасы эмне үчүн ийгиликсиз болду деген суроо жаралууда.

Лейлек районунда Козу-Баглан дарыясынын жээгин бойлото жайгашкан айылдардын көпчүлүгүндө эле тоодон аккан суунун кенендигине карабай, сугат жерлер тартыш. Сууну гектарлаган кайрак жерлерге жеткирүү жергиликтүү эл үчүн чоң проблемалардын бири. Бирок алардын арасында дарыядан тоого суу чыгарып, жерди көрктөндүрүп, алма, өрүк, жүзүм, түрдүү жемиштүү бадалдары менен аймакты өзүнчө бак-дарактуу бейишке айландыргандар да жок эмес. Жашы алтымыштан ашкан Миталип Балтабаев аксакал – катраңдык ошондой багбандардын бири.

"Негизинен эле алманы, табийгатты жакшы көрөм. Мага айлана гүлдөп турса эле болду. Мына бул малинанын карасаң кандай өскөн. Мал кире албайт, түшүмү жакшы, - дейт ал. - Азыр экинчи жолу терип жатабыз. Мына бул жак - бүтүндөй жүзүм".

Алты баланын атасы, 14 неберенин чоң атасы Миталип Балтабаев өмүр бою Катраңда жашаган. Советтер союзунун тушунда бул жердеги колхоздун иши менен болуп, “шопурлук менен гана жүрдүм” дейт. СССР кулап, ишсиз калганда дароо эле өкмөттөн алган дөбөдөгү кайрак, таштак 15 сотук жерине эптеп дайрадан суу чыгарып, бийик жананын чокусуна үй салып, айлананы таштан арылта арык салып, суу коюп, өрүк-алма тигип, мөмөсү аз же начар дарактын шагын кыйып, ордуна жакшы сорттун бутагын "пайванттап", иши кылып, керели-кечке жылдан-жылга бакты карады. Аз эле мезгилде алмасы да, өрүгү да түшүм берип, малы көбөйүп, кийин такыр эле кошумча иш издебей калыптыр. “Бизди жер багат”, - дейт. Бул сөздү мага ал бир канча жолу кайталап жаткансыды.

Миталип багбан өзүнүн жерин иштете баштаганда анын көрүнүшү ушуга окшош болчу
Миталип багбан өзүнүн жерин иштете баштаганда анын көрүнүшү ушуга окшош болчу
Миталип аксакал “азыр бул жактагы элге бир аз эле ишин баштаганга акча болсо, анан сууну туура иштетишти көрсөтүп беришсе эле, өзүн-өзү багып кетет”, - деп ишенет.

"Ишти улантып кетиш үчүн бир аз кошумча акча болуш керек. Азыр жаштарда көбүнчө акча жок. Ошон үчүн аларга колдоо керек. Ошон үчүн көптөр кредит алышат экен. Мен өмүрү кредит алган эмесмин. Бирок көптөр эле ошентип иштеп жатышат. Бирок анын натыйжасын күткөнгө, ишине көптөр чыдабай, Орусияга кетип калып жатат, - дейт багбан. - Бизде иштете турган, суу чыга турган жер көп. Аны ылдыйдагы дайрадан жогору айдалган жерге чыгаруунун гана ыгын, жолун табыш керек. Азыр айрымдар сууну ошентип иштетип жаткандар бар. Мен сага азыр көрсөтөм..."

Биз Миталип аксакал менен Козу-Баглан дарыясынын жээгинде туруп, суу бөлүштүрүүнүн ал билген мыкты жолдорун сүйлөшүп отурдук. Сол тарабыңда тикенектүү, эч нерсе өспөгөн, саргайган дөңдүү жер жатат, оң жагында - суу чыккан, чөбү белинен келген, шактары сынайын деп араң турган кыпкызыл алма бак. Дал ушул айырмадан эле аймакты кантип өзгөртсө, кичинекей айылдын деңгээлинде деле кургакчылык менен кантип күрөшсө болоорун түшүнгөндөй болосуң.

Бириккен улуттар уюму кургакчылык менен күрөшүү зарылдыгын белгилегенде эле негизги көңүл Борбор Азияга бурулаары дайын болгон. Регион дүйнөдөгү эң эле чоң чөлдөрдү камтыйт, кургак климаты менен айырмаланат, анын үстүнө, кургакчылык улам күчөп, абал начарлашына адамзаттын тикелей катыштыгы да үлкөн болгону айтылууда.

Миталип Балтабаев бүгүн бир нече гектарда жашылдандыруу иштерин карайт. Анын ичинде өзүнүн балдарынын, айылдаштарынын жерлери да бар
Миталип Балтабаев бүгүн бир нече гектарда жашылдандыруу иштерин карайт. Анын ичинде өзүнүн балдарынын, айылдаштарынын жерлери да бар
СССР кулагандан бери аймактагы кургакчылыктын деңгээли мурдагыдан да өстү, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанда айыл-чарба өндүрүшүнүн көлөмү мунун айынан 30% кыскарды. Түркмөнстандын жалпы аймагынын 70% чөлгө айланды, Өзбекстанда болсо жердин жарымын туз каптады.

Ошон үчүн 2006-жылы Бириккен улуттар уюму Кургакчылыкка, жердин чөлгө айланышына каршы конвенциясынын негизинде ушул беш өлкө жана эл аралык донорлор менен биргеликте региондогу кургакчылыкты токтотуш үчүн аракет баштаганы сүйүндүргөн эле. Азия Өнүктүрүү банкы ишке ашыра баштаган программа 1,3 млрд.долларга бааланып, анын алкагында жайыттарды пайдаланууну башкаруу, токойлорду көбөйтүп, өсүмдүктөрдүн түрдүүлүгүн камсыздоо, сугат жерлердеги айыл чарба продукцияларынын түшүмдүүлүгүн арттыруу иштери жасалаары айтылган.

Жакшы ниет менен программа ишин баштагандан бери жети жыл өттү. Бирок бүгүн экологдор анын иши көңүл чөктүрөт дешет. Сынчылар эң оболу каражаттын натуура иштетилгенин да, 2010-жылдан тарта аталган банк програманын ишин көзөмөлдөбөй калгандан тарта анын ишинде башаламандык пайда болгонун да буга себеп катары көрүшөт.

Отто Симонетт Женевадагы “Zoi” деген экологиялык топту башкарат. Бул уюм жогоруда аталган программанын Швейцария тараптан аткарылган ишине көз салууга жардамдашкан. Швейцария ал программанын негизги донору болчу. Симонетт бүгүн “Азаттыкка” сүйлөп жатып, алар ошол программанын алкагында иштеп турганда эле анын натыйжалуулугунан күмөн санашканын билдирди.

"Бул демилге алгач Борбор Азиядагы жердин дегдарациясына байланышкан проблемаларды чечкенге чындап прайдалуу болот деген ишеним чоң болчу, - дейт ал. - Биз 2010-жылы изилдөө өткөргөндө бөлүнгөн акчанын 10% гана конкреттүү ишке жумшалганын көрдүк. Ошондо программа такыр ийгиликсиз экенин аңдадык".

Багбан жаңы өздөштүргөн жерлердин бир бурчуна эс алуучу жай курууну да самап жүргөнүн айтат
Багбан жаңы өздөштүргөн жерлердин бир бурчуна эс алуучу жай курууну да самап жүргөнүн айтат
Симонеттин айтымында, программанын жер-жерлердеги үзүрсүз иши бирок дыйкандарды жерди туура иштетүүгө үйрөтүүдө бир топ эле натыйжа берди. Андан сырткары, дал ушул программанын ишинин натыйжасында ар бир мамлекетте жер кодекси, токой кодекси өңдүү мыйзамдар күчтөндүрүлгөн.

Жерди кантип туура иштетүүнү катраңдык Миталип Балтабаевге да, анын айылдаштарына да эч кайсыл эл аралык уюм чынында үйрөткөн эмес. Ошон үчүн ал "бизге көңүл бурушса" дейт. Айылдын элине бул жердеги сууну кантип натыйжалуу пайдаланганды үйрөтүшсө дейт.

Катраңдык бул багбандын айланасынан жаш бала үзүлбөйт экен. Балдарга мөмөлүү дарактын түрлүү сортторун кыйыштырганды, суу коюп, көчөт тиккенди үйрөтөт.

"Мен азыр 60 жашка чыктым. Жогорку билимим да жок, чыгарма калтыргыдай жазуучу да эмесмин. Артымда эмне калат? Менде ушул дарактарыман башка эмнем бар? Адамдар келип алмасын жесе, эс алып кетсе, ошол менин бактым, - дейт Миталип аксакал. - Катраң - ушунчалык кудай берген жер. Бизде суу көп, дарыябыз бар. Мен анын болгону бир гана тамчысын колдонуп жатам да. Ар бирибиз бир тамчыдан колдоно берсек, кайрак жерге насос мененби, башка техника мененби, айтор, суу чыгарсак жакшы эмеспи! Жерибизди иштетип үйрөнүшүбүз керек".
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG