Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Төрөбаев: өлкөдө саясый абал чыңалып баратат


Бакыт Төрөбаев
Бакыт Төрөбаев

Өмүрбек Текебаевге карата атайын кызмат өтө одоно чараларды көрүп жатканын парламенттеги оппозициялык “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.

"Текебаев атайын кызматтан кача турган же тергөөгө келбей койчу адамдардан эмес. Ошондой эле ал жөн гана депутат эмес, Текебаев оппозициялык фракциянын лидери. Мен атайын органдары өлкөдөгү саясый абалды чыңалтып жатканына кабатырмын", - деди Бакыт Төрөбаев.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн таңкы саат үчтөрдө “Манас” аэропортунда Туркиядан учак менен келгенде кармалган.

25-февралда Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча УКМКдан келген материалдардын негизинде иш козгогон. Башкы көзөмөл органдын маалыматында Текебаев орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин каражатты кошумчасы менен кайтарып берерин айткан.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн. (SDz)

XS
SM
MD
LG