Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:42

БУУ: ИМ тобу Мосулда кыргын уюштурууда


“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Ирактагы Мосул шаарынын тегерегинде жашаган жөн-жай адамдарды аёосуз өлтүрүп жатканын Бириккен Улуттар Уюму билдирип чыкты.

Бул кабар согушкерлер шаардын четиндеги айылдардан чегинип, Ирактын жана күрттөрдүн Пешмерга күчтөрү Мосулга жакын калган учурга туш келүүдө.

Мосулда жайкын тургундар бутага алынууда

Ирактын Мосул шаарын ээлеп турган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу эч териштирүүсүз эле жөн-жай тургундарды кырып жатканын Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Руперт Колвилл Женевада журналисттерге билдирди. Уюмга түшкөн маалыматтар боюнча, Ирак күчтөрү өткөн аптада Мосулдун түштүгүндөгү Тулул Насер айылындагы турак жайлардан 70 жайкын тургундун сөөгүн табышкан. Алардын дээрлик бардыгына ок тийгени аныкталган.

Ирак жана күрт күчтөрү Мосулга жакындап баратышат.
Ирак жана күрт күчтөрү Мосулга жакындап баратышат.

Мосулдун түштүгүндөгү дагы бир Сафина аттуу айылда 15 жергиликтүү жашоочунун сөөгүн дарыяга ыргытып жиберишкен. БУУнун жогорку комиссары Колвилл согушкерлер бул кадам менен шаардын башка тургундарын коркуткусу келгенин айтты:

“Ирак өкмөтүнүн күчтөрү Мосулга жакындаган маалда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу эч териштирүүсүз жайкын тургундарды өлтүрүп жатканы тууралуу кабарларды алып жатабыз. Бул кабар согушкерлер жөн-жай жашоочуларды тирүүлөй калканч катары колдонуп жатат деген ойду бекемдөөдө. Алар тургундарды стратегиялык себептер үчүн эч жакка кетирбей жатат”.

Согушкерлер “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы турган уруу башчыларынын жакындарын унаага байлап алып, алардын жаны чыккыча айылды кыдырышканы жана барымтадагы 50дөй мурдагы полиция кызматкерлерин өлтүргөнү тууралуу да БУУга маалыматтар түшкөн. Бирок уюм мындай кабарларды дароо тактоо азырынча мүмкүн болбой жатканын билдирди.

Мосул үчүн күрөш уланууда

Мосулдун түштүгүндөгү Каярра шаары
Мосулдун түштүгүндөгү Каярра шаары

Мосул шаары Ирактагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу көзөмөлдөгөн акыркы ири аймак болуп саналат. Эки жылдан бери согушкерлердин колунда турган шаарды бошотууну көздөгөн Ирак жана күрттөрдүн Пешмерга күчтөрү Мосулга 6-10 чакырымдай жакындап калышты. Аларга колдоо көрсөтүп жаткан коалициянын мүчөсү - Франциянын президенти Франсуа Олланд Мосул бошотулгандан кийинки кырдаалды көз жаздымда калтырбоо керектигин айтты:

“Биз бул кармашты кантип жеңебиз? Бир жагынан Ирак жана Пешмерга күчтөрү күрөшүп жатат. Ийгилик үчүн алардын биримдиги маанилүү. Мындан тышкары коалиция да салым кошуп жатат. Убакытты талап кылган бул жеңиш менен иш бүтпөйт. Себеби Мосулдун кулашынын кесепеттерин билишибиз керек. Мындан улам “Ислам мамлекети” тобунан кийин Мосулдун кандай абалда болоорун талкуулоо үчүн бир канча күн мурда тышкы иштер министрлер Парижде чогулду”.

Мосул шаарында 1,5 миллиондой жөн-жай тургун жана 3-5 миңдин тегерегинде согушкер бар деп жоромолдонууда. Жоочулар менен кармаш шаардын түндүк, түштүк жана чыгыш аймактарында жүрүп жатат. Бирок Орусия Мосул шаарынын бир тарабы курчалбаганын, бул ачык коридор аркылуу согушкерлер Сирия тарапка жер которушу мүмкүндүгүн эскертти.

Мосул үчүн күрөш дипломатиялык кайым айтышууларга да себеп болууда. Маселен Иран Түркиянын Мосул операциясына катышуусун сындап чыкты. Президент Хасан Рухани Түркия Ирак өкмөтүнөн уруксат алышы керектигин айтып, такташпай туруп операцияга катышуу коркунучтуу экенин белгиледи. Буга чейин Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади болсо Түркияны Мосул операциясынан оолак турууга чакырган. Бирок Түркия бул айтылгандарга көнбөй турат. Түрк тышкы иштер министри өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жарала турган болсо, расмий Анкара Иракка кургактан да операция баштайт деди.

Кантсе да Мосул операциясы качан жана кандай аяктары азырынча белгисиз бойдон. Бириккен Улуттар Уюму шаардан качып чыккан согушкер делген адамдардан өч албоого, аларга эл аралык нормалардын негизинде мамиле жасоого чакырды.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG