Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:08

БУУ дүйнө жүзүндө 600 миллиондой аялдын кызмат укугу корголбосун баяндады. Кыргызстандык аялдарда болсо менчикке укук – олуттуу көйгөй.

Бириккен Улуттар Уюмунун баяндамасында 2002-жылкы эсеп боюнча, Кыргызстанда менчикке берилген жердин 12 пайызына аялдар ээлик кылат. Калктын үчтөн эки бөлүгү менчиктин ушул түрү аркылуу жан сактаарын эске алганда бул аялдардын укуктарынын бузулуп жатканын айгинелейт.

Мындай калыптанууну адистер 1991-жылы башталган жер реформасындагы алешемдиктен көрөт. Жергиликтүү салтка ылайык бардык менчиктерге эркектер ээлик кылат жана бул жазылбаган эреже катары калыптанган.

БУУ: Кыргызстанда жердин 12 пайызы аялдардын менчигинде
Жогорку Кеңештин депутаты Эсенгул Исаковдун айтымында, чындыгында эле ошондой улуттук өзгөчөлүктүн негизинде1999-жылы кабыл алынган "Жер жөнүндөгү" Кодексте жерге бүлө башчысы ээлик кылып, калгандарына үлүш ыйгарылат жана ал бөлүнүп сатылбайт деген берене болгон. Анын негизинде салттуу менчиктин бардык түрүнө эркек ээлик кылып, ал жок учурда гана аялга укук тийген. Мындай өксүктү кыргыз бийлиги 2003-04-жылдары жойгон жана азыр аялдардын жерге ээлик кылуусуна шек келтирген эч кандай жагдай жок дейт депутат:

- Биз ушунун баарына изилдөө жүргүзүп, мен да иштеп калдым. Жер Кодексине өзгөртүү киргизгенбиз. Ал эмнеден келип чыкты? Келин болуп келгендер күйөөсү менен ажырашып кетсе үй ээси үлүшүн бербей койгон учурлар болгон. Ошон үчүн биз жер үлүштөрү бөлүнүп сатылат дегенди киргизгенбиз. Ошону менен азыр баары жайында. Эч кандай мыйзам бузуу жок.

Исаковдун айтымында, аял ажырашкан учурда да сот аркылуу жер үлүшүн бөлдүрүп алып, ээлик кылганга, мурдагы бүлө мүчөлөрүнө же башка жергиликтүү тургундарга сатканга укугу бар.

Аялдардын укуктарын коргоочулардын ынанымында, мыйзам болгону менен аны ишке ашырчу нормативдик-укуктук базалар алсыз. Ошондон улам менчик жери бар аялдардын саны БУУ расмий көрсөткөндөн да төмөн болушу мүмкүн.

Калкты социалдык жактан коргоо министринин орун басары Гүлнара Дербишеванын айтымында, аялдар укуктарын билбестиктен жабыркайт:

Г. Дербишева: «Аялдардын көп мүлкү, жер үлүшү эркектерде калат»
- Статистикага таянсак, ар бир алтынчы үй-бүлө жылда ажырашат. Алардын көп үй мүлкү, жер үлүшү эркекте калып калат. Аялдар укугун билбей, мүлктөрдү териштирбей, кагаздарды туура толтурганды билбейт. Жыйынтыгында аял өзү эле эмес, кошо кеткен балдары да мүлксүз, жер үлүшү жок калып атат.

Дербишева нике келишимин ишке киргизүү маалы келгенин кошумчалады. Укук коргоочулар көтөрүлгөн маселени жарандык коом жалгыз жөнгө сала албастыгын эскертет. Мамлекеттин бекем туруму, саясий багыты болмоюнча жана жер-жерлерде бийлик менен аялдар бул ишти алдыга чогуу жылдырмайынча аялдын менчикке укугу толук корголбойт.

«Сезим» кризистик борборунун кызматкери Сүйүн Курманова иликтөөлөрүнө таянып билдиргенине караганда, менчиги жок аял өз бактысын өзү байлап, көп аял алган эркектин ыгы менен жашоого аргасыз учурлар көп кездешет:

- Бала-чакалуу болуп калган аял балдарын эми айла жок, атаңардын каражаты менен окуп алгыла, бутуңарга туруп алгыла, үй алдырып алгыла дейт. Менин болсо андай материалдык жардамым жок, ошондуктан, тилиңерди тишиңерге катып, атаңардын акчасын өз кызыкчылыгыңарга пайдаланып алгыла дешет экен.

Гүлнара Дербишеванын баамында, менчикке укуктарды калыптоо саясаттагы аялдардын салымынан да көз каранды:

- Аялдардын атайын чара аркылуу квота менен келгени деле көп проблеманы чечкен жок. Ошол саясаттагы аялдар бул маселени жогорку трибунада аткаруу бийлигине тез-тез, тынымсыз айтып турушу керек. Бизде аялдар тескерисинче көбүнчө саясий маселелер менен алек болуп атышат

Элет аялдарынын укуктарын коргоп келген мурдагы депутат Дербишева ошондой эле менчиги, байлыгы жок аялдын саясатка келиши да, ага жараша саясий трибунасыз аялдын укугунун корголушу да күмөндүү экендигин айтат.

Улуттар Уюмунун баянында белгиленгенге караганда азыр кыргызстандык миңдеген аялдар укуктук жардамга муктаж. Ошондуктан уюм бийликтин бардык бутактарына, жарандык коомго аялдардын жер менчигине укуктарынын бардык түрлөрү боюнча көмөк көрсөтүүнү сунуштаган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG