Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Палестина боюнча маселе БУУда колго салынат


БУУнун Башкы ассамблеясы бейшембиде Палестинанын макамы боюнча добуш берет. Палестиндердин уюмдагы макамын «мүчө эмес мамлекет» дегенге которуу аны кыйыр түрдө Палестина мамлекети деп таанууга тете болмокчу. Бул сунушка саналуу мамлекеттер гана, анын ичинде Израил менен Кошмо Штаттар каршы добуш берет деп күтүлөт.

Палестин автономиясын «Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болбогон өлкө» деп таанууну өнүнүгүп келаткан көптөгөн мамлекеттер, ошондой эле Франция жана башка бир катар европалык мамлекеттер колдойт деп болжолдонууда. Дагы көптөрү добуш берүүдөн баш тартышаары күтүлөт. Резолюцияны жактыруу үчүн Башкы ассамблеяда 193 мүчө-өлкөнүн жөнөкөй көпчүлүгү же аз дегенде 97 мамлекет колдосо жетиштүү болот.

Орусия менен Кытай палестиндерди колдоп добуш берээри күтүлөт.

Каршы добуш бере тургандардын арасында Израил, Канада жана АКШ аталууда, алар Палестина мамлекетин түз сүйлөшүү аркылуу түзүш керек деп талашып келишет.

Шаршембиде АКШнын эки мартабалуу расмий өкүлү Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас менен Нью-Йоркто жолугуп, палестиндерди бул добуш берүүдөн баш тартырууга соңку аракетин жасап көрүштү.

Мамлекеттик Департаменттин маалымат катчысы Виктория Нуланд мындай деди:

- Алардын "мүчө болбогон мамлекет" деген байкоочу макамына, аны караган резолюцияга каршы экенибизди биз ар дайым палестиндерге айтып келатабыз. Палестин президенти Махмуд Аббас менен жолукканда, Мамлекеттик катчынын орун басары Уиллиам Бөрнс да ушуга кайрылды.

Нуланд ошондой эле БУУдагы добуш берүүгө байланыштуу палестиндер АКШнын каржылык жардамынан кол жууп калышы мүмкүн экендигин белгиледи.

Ал эми Палестинанын боштондук уюмунун улук өкүлү Ханан Ашрави өз кезегинде резолюцияга каршы болгон өлкөлөрдү сынга алды:

- Биз алдыга жылышыбыз керек. Израил, АКШ жана дагы бир ууч өлкөлөр моралдуулуктун аркы жээгинде кала берип жатышат. Бул акыйкаттыкка жатпайт, мыйзамды сыйлабоого жатат. Болбосо биз бүгүн түнү БУУнун Башкы ассамблеясында Палестинадагы тарыхый калыстыкты калыбына келтирип, элди жооткотуучу добуш берүүнү чыдамсыздык менен күтөбүз.

Ватикан өңдөнүп, «мүчө болбогон мамлекет» макамын алса, палестиндер эл аралык уюмдарга, анын ичинде Израилди согуш кылмыштары үчүн соттой ала турган Эл аралык Кылмыш сотуна кайрыла алат.

Байкоочулар Европанын кеңири колдоосу палестин бийлигинин мыйзамдуулугун күч алдырат, Израилдин ашыкча катуу кетип, ага каршы чара көрүшүнө бөгөт болот деп айтышууда.

Өткөн аптада Газа тилкесинде Израил менен согушкерлердин атышуусунан 150дөн ашык палестин, 6 израил жараны набыт болгон эле.

XS
SM
MD
LG