Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

ДАРФУРДАГЫ КУРМАНДЫКТАРДЫН САНЫ ҮЧ ЖҮЗ МИҢГЕ ЖЕТИШИ МҮМКҮН


Судандын Дарфур --> http://www.azattyk.org/rubrics/security/ky/2007/08/dd5c7b1a-a981-440d-ae7c-8aa9b4af3913.asp провинциясында беш жылдан берки жаңжалдын жалпы курмандыктарынын саны 300 миңди түзүшү мүмкүн. Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин кечээги жыйында айтылган бул маалымат мурдагысынан кыйлага көптүк кылат.

Судандын батыш ыптасында жайгашкан Дарфур чөлкөмүндөгү жаңжал 2003-жылдын февралында тутанган эле. Анда Дарфурда азчылыкты түзгөн ындыкара калктын козголоңчулары арабдар үстөмдүк кылган режимге каршы көтөрүлгөн. Алар бийлик тарабынан дискриминацияланып жатканына нааразылык билдиршкен болчу.

Буга расмий Хартум аскерлердин жана полиция күчтөрү тартылган операция аркылуу жооп берген. Ошондон бери Дарфурдан 2,2 миллиондон ашуун адам жер которууга аргасыз болду деп эсептелинет. Мында ошондой эле араб тектүү калктын "Жанжавид" деп аталган кыймылынын согушкерлери Судандын расмий бийлигинин жашыруун колдоосу астында азчылыкты такай кодулап келгенин чоң салымы бар экени айтылып жүрөт.

Эл аралык уюмдар Дарфурдагы окуяларды "гуманитардык кризис" деп мүнөздөшкөн болчу. Эл аралык коомчулуктун кысымы астында Судан Дарфурга Улуттар уюму жана Африка союзуна кирген өлкөлөрдүн бейпилдик орнотуучу күчтөрү келүүсүнө макул болгон. Бирок алар али жайгаша албайт жатат. Эми Дарфурдагы курмандыктардын саны 300 миңди түзүшү ыктымал экенин БУУнун Коопсуздук кеңешинин шейшембидеги отурумунда башкатчысынын гуманитардык иштер боюнча орун басары Жон Холмс айтып чыкты:

-2006-жылкы изилдөө жаңжаалга кошул–ташыл болгон кесепеттердин натыйжасында 200 миңдей адам өмүрүнөн айрылганын көргөзгөн эле. Азыр бул сан мындан жарым эсеге жогору болушу керек. Дарфурда тынчтык орноочу күн азыр мурдагыдан алыс калгандай көрүнөт.

Ал эми Судандын Улуттар уюмундагы элчиси Абдул Махмуд Абдель-Халимдин айтымында, алар жогорудагыдай маалыматтар менен макул эмес:

-Бул жерде Холмс мырзанын баяндамасы обьективдүү эмес жана кесипкөйсүз экендигинен башка эч жаңылык жок. Бул башкатчынын гуманитардык иштер боюнча мурдагы орун басарынын ушул эле кеңеште айткандарын кайталоо. Мындай билдирүүлөр адамдардын бир нерсе жасоосуна жардам бербейт, бул тынчтык жараянына, тынчтыкты сактоого да көмөктөшпөйт.

Элчи Абдель-Халимдин айтымында, Судандын өзүнүн эсептөөсүндө Дарфурда өлүмгө кабылгандардын саны 10 миңден ашпайт. Анткен менен Судандын эсептөөсү согушта мерт болгондорду гана камтыйт.

БУУнун башкатчысынын орун басары Жеймс Холмс белгилегендей, каза тапкандардын көбү уруштун эмес, аны коштогон көрүнүштөрдүн: оору-сыркоонун, ачарчылыктын курмандыктары. Ал өз баяндамасына ошондой эле Дарфурда кырдаал али кооптуу экенин кошумчалады:

-Дарфурга азыр деле үмүтсүздүк, мыйзамсыздык жана жазасыздык мүнөздүү. Анын жарандарга тийип жаткан таасирин байкоо кыйын эмес. Көпчүлүк аймактардын адам укуктары тебеленип-тепселгендиги боюнча маалыматтар түшүүдө. Эң кооптуусу - акыркы эки айдан бери сексуалдык зордук-зомбулук жана Батыш Дарфурдун түндүк өткөөлүндө экспулатация жогорку деңгээлде экендиги боюнча далилдердин бардыгы.

Ал эми Улуттар уюму менен Африка союзунун биргелешкен миссиясынын башчысы Родолфи Адада бейпилдик сактоочу күчтөрдү толук жайгаштыруу жыл соңуна чейин мүмкүн эмес болуп турганына токтолду:

-Биздин миссияны жайгаштыруу эң олуттуу маселе. Биз кечигип жатабыз жана бул ишти тездетүүгө аракеттенүүдөбүз, ага катар көптөгөн тоскоолдуктарга кабылуудабыз. Бирок акыр аягында донорлордун колдоосу астында жыл соңуна чейин, балким, 80%ды камсыз кыла алабыз.

Судандын элчиси Абдель–Халим болсо бул маселеде кайра эле Улуттар уюмун айыптады. Анын айтымында, тийиштүү сандагы тик учак камсыздалган эмес, расмий Хартумдун аскерлердин көбү африкалыктар болсун деген талабы орундалбады.

Батыштын коопсуздук кеңешиндеги өлкөлөрү июнь айына карата Дарфурда Египетин, Эфиопиянын, Руанданын 3600 аскери жайгаштырылышын көздөөдө. Алардын артынан Непал жана Таиланд жиберген бөлүктөр барышы керек. Жалпысынан БУУ жана Африка союзунун Дарфурга баруучу контингенти 26 миң адамдан турат, алардын 6 миңи полицейлер болот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG