Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:55

АФРИКА: МАВРИТАНИЯДА ХУНТА БИЙЛИККЕ КЕЛДИ


Бүгүн (6-августта) Африканын түндүк-батышындагы Мавритания өлкөсүндө аскердик төңкөрүш жасалып, бийликке хунта келди. Ордо шаар Нуакшоттон алынган кабарга караганда, хунтанын башында президенттик гвардиянын колбашчысы турат.

Өкмөттүк сыналгы каналынын жарыясына караганда, президенттик гвардиянын колбашчысы, генерал Мухаммед Улд Абдел Азиз (Mohamed Ould Abdel Aziz) жетектеген “Мамлекеттик кеңеш” аттуу орган түзүлдү.

Бүгүн эртең менен козголоңчу аскерлер Нуакшоттогу (Nouakchott) президенттик сарайды басып алууга жетишкен.

Президент Сиди Улд Шейх Абдаллахи (Sidi Mohamed Ould Cheikh Abdallahi) жана премьер-министр Йахйа Улд Ахмед эл-Вагф камакка алынышты.

Президент Сиди Улд Шейх Абдаллахи 2007-жылы 19-апрелде беш жылдык мөөнөткө мамлекет башчылыкка шайланган болчу, ал эми Йахйа Улд Ахмед эл-Вагф өкмөт башчылыкка быйыл 6-майда дайындалган.

Хунтанын жарыясына караганда, бийликтен түшүрүлө элегинде президент чыгарган жардыкка ылайык кызматынан кетирилген ири аскер башчылар кайра өз кызмат орундарына кайтып келишти. Маалыматтарга караганда, бул аскер башчылардын кызматтан алынышы аскердик төңкөрүшкө түрткү болгон.

Эки апта мурда өлкө парламенти өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу добуш берген соң, өлкөдө саясий кырдаал курчуп кеткен. Шейшембиде бийликтеги партиянын 48 депутаты бул партиядан чыкканын жарыя кылган.

Өлкөдө 2005-жылы да аскердик төңкөрүш болуп, эки жылдан соң шайлоолор өткөрүлгөн.

Өлкө жакынкы учурлардан бери мунайзат кендерин өздөштүрө баштаган.

Мурдагы француз оторчулугу астында болгон бул мусулман өлкөсү дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирет. Анын калк саны 3 миллион 177 миңдей кишиден турат.

Мавритания Ислам Жумурияты Алжир, Сенегал, Мали, Батыш Сахара жана Атлантика мухити менен чектешет.

XS
SM
MD
LG