Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Актер Азиз Мурадилаевге жардам берүү боюнча кайрымдуулук акциясы өтөт


Мурадилаев Алымбек Датканын ролунда.
Мурадилаев Алымбек Датканын ролунда.

Кайрымдуулук концерт жана марафон бүгүн Бишкектеги кыргыз драма театрында болот. Аны шоу-бизнес өкүлдөрү уюштурууда. Бишкектеги клиникалык оорукананын дарыгерлери Азиз Мурадиллаев С гепатитине, андан кийин боордун циррозу илдетине чалдыкканын, аны тез арада алмаштыруу зарылдыгын маалымдашкан.

Өткөн аптада операциянын биринчи этабы ийгиликтүү аяктады. Операция Германия, Израилде 300 миң доллар, Түркияда 200 миң доллар, Индияда 65 миң доллар турарын, актердун айлыгы 6 миң сом болгондуктан, мамлекеттин жана башка кайдыгер эмес кишилердин жардамына муктаж экенин анын жакындары билдиришкен. Ага жардам катары парламент депутаттары акча которушкан. Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 500 миң сом бөлүнгөн.

Кыргызстандын маданиятынын мыктысы Азиз Мурадиллаев 38 жашта. Ал кырктан ашуун кино жана спектаклдерде роль аткарган. “Курманжан Датка” тарыхый-көркөм тасмасында Алымбек датканын образын жараткан.

XS
SM
MD
LG