Линктер

БУУнун тарыхында алгачкы жолу качкындар жана мигранттар маселеси чоң жыйындын талкуусуна коюлду. Саммиттин соңунда атайын декларация кабыл алынды. Бирок гуманитардык уюмдар БУУнун соңку чечимдери абалды жакшыртууга шарт түзө алчудай эмес деп сынга алууда.

Грекиянын Лесбос аралындагы мигранттар лагеринде дүйшөмбү күнү ар улуттагы топтор араздаша кетип, өрт коюлуп, натыйжада жүздөгөн адамдар жашап жаткан чатырлар, үйлөр ичиндеги буюм-тайымы менен кошо күйүп, күлгө айланды.

Полиция адам өлүмү катталбаганын, бирок калайман мушташты баштаган Ооганстан, Камерун, Сенегал жана Сириянын жарандары кармалганын билдирди.

Качкындар менен иш алып барган адистер лагердеги бул кыянатчылыкты бир жагынан ал жердеги жашоо-шарттын начардыгы менен байланыштырууда.

Бул лагердегидей шартта күн кечирип, ай эмес, жылдап жашап келаткандар азыр башка өлкөлөрдө да жүз миңдеп саналат.

Лесбостогу окуя болуп жаткан тушта Нью-Йоркто Бириккен Улуттар уюмунун тарыхында алгачкы жолу качкындар жана мигранттар маселеси өлкө жана өкмөт башчылары катышкан чоң жыйындын талкуусуна коюлду. Уюштуруучулар өз өлкөсүн, үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болуп, ар кайсы жакта баш калкалап жүргөн миллиондогон адамдарга жардам көрсөтүүнүн натыйжалуу чараларын иштеп чыгуу үчүн бул саммит ири тарыхый мүмкүнчүлүк экенин билдирди.

Жыйындын соңунда атайын декларация кабыл алынып, анда согуштан, зомбулуктан, жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен, жакырчылыктан жана ачарчылыктан качууга мажбур болгон адамдарды коргоо чаралары жазылды.

Бул декларацияга кол койгон ар бир мамлекет качкындар жана мигранттарга алардын макамына карабастан укугун коргоого убада беришти.

Биринчи кезекте адамдарды өз өлкөсүнөн кетүүгө аргасыз кылган шарттарды жоюу, качкындар менен мигранттарды кабыл алуу системасын жакшыртуу каралган.

Улуттар Уюмунун Баш катчысы Пан Ги Мун декларациянын бардык шарттарын сактоо качкындарды коргоону жакшыртат деген тилегин билдирди. Бирок иш жүзүндө абал оор экенин, качкындар кризиси оор бойдон калып жатканын эл аралык жана гуманитардык уюмдар айтууда.

Өзүнүн, жада калса наристе балдарынын өмүрүн тобокелдикке салып Жер Ортолук деңиз аркылуу Жакынкы Чыгыштан Европага агылгандардын саны былтыркыга караганда бир аз азайганы менен таптакыр токтоп кала элек.

2020-жылга чейин 20 миң сириялыкты жайгаштырууга убада берип, бирок былтыртан бери алардын эки миңдейин гана араң кабыл алган Улуу Британияда өкмөттүн качкындар саясатына нааразы жарандар митинг өткөрдү.

CARE International эл аралык гуманитардык уюмунун жетекчилеринин бири Жейси Томпсон «Азаттыкка» курган маегинде БУУда кабыл алынган соңку чаралар жетишсиз деп сынга алды:

- Биздин көз карашта, дүйнө лидерлеринин расмий резолюция кабыл алуу жана дүйнөлүк качкындар кризисин талкуулоо үчүн БУУнун качкындар жана мигранттар боюнча алгачкы саммитине чогулганы өтө маанилүү. Бул иш-чаранын өзү чындап позитивдүү. Бирок бул - качкындар кризисиндеги биздин жоопкерчиликти күчөтүү багытында маанилүү учур боло алмак. Бул саммиттен кийинки убадалар конкреттүү өзгөрүүлөр үчүн жетишсиз болуп калгандай сезилди, - деди.

Адистердин эсептөөсүнө караганда, азыркы кезде дүйнөдө өзү туулуп-өскөн өлкөсүндө жашабаган адамдардын саны буга чейин болуп көрбөгөңдөй көп санда. Мигранттар дээрлик ар бир мамлекетте бар.

Былтыр, мисалы, мигранттардын саны, БУУнун маалыматына караганда, 244 миллионго жеткен, алардын 65 миллиону аргасыздан жер которгондор.

Европага кайык менен жетебиз деп чыгып, Жер Ортолук деңизде өмүрүнөн ажырагандардын саны үч миңден ашты.

  • 16x9 Image

    Рахат Кеңешова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG