Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Орусия кайрадан Сирияны калкалап калды


Түрк армиясынын жоокерлери Сирия менен чек арадагы Акчакале чек ара бекетине чукул жерде күзөттө турушат. 4-октябрь 2012
Түрк армиясынын жоокерлери Сирия менен чек арадагы Акчакале чек ара бекетине чукул жерде күзөттө турушат. 4-октябрь 2012

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши Сирия тараптан Түркиянын аткылоону катуу сындады.

Ошондой эле эл аралык мыйзамды бул өңдүү зобун иштерди жасап бузган кайра кайталанбасын деп талап кылышты 5-октябрда өткөн жыйында Коопсуздук Кеңешке мүчө 15 өлкө.

Сирия тараптан Түркиянын аймагыны Акчакале шаарына чукул жерде аткылоо факты Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинде бейшемби күнү каралды. 15 мүчөлүү Кеңештин учурдагы төрагасы Гватемаланын Улуттар Уюмундагы өкүлү Герт Розенталь атайын жыйындагы жыйынтыктоочу сөзүндө, Коопсуздук Кеңеши Түркияны минометтон аткылоону каттуу сындаарын жана Сириянын жетекчилигин эл аралык укуктук нормаларга сыйбаган мындай куралдуу шойкомду экинчи кайталанбасын талап кылаарын баса белгиледи:

- Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү мына бу окуя Сириядагы кризистин коңшуларга, региондогу тынчтыкка жана стабилдүүлүккө тийгизчү кесепеттерин айкын көрсөткөнүн белгилешти. Кеңештин мүчөлөрү бу сыяктуу эл аралык укукту бузууларды тез токтотууну жана башка кайталанбасын талап кылышты. Кеңештин мүчөлөрү Сирия өкмөтүн өз коңшуларынын эгемендүүлүгүн жана территориялык бүтүндүгүн толук урматтоого чакырышты. Кеңештин мүчөлөрү сабырдуулукка үндөштү.

Сирия тараптан болгон 3-октябрь күнкү аткылоолордон эки аялдын жана үч баланын өмүрү кыйылган.

Түркия парламенти Сирияга жооп кайтаруу маселесин талкуулап жатканда Анкарада согушка каршы өткөн марштан бир көрүнүш. 4-октябрь 2012
Түркия парламенти Сирияга жооп кайтаруу маселесин талкуулап жатканда Анкарада согушка каршы өткөн марштан бир көрүнүш. 4-октябрь 2012
БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Азербайжан менен Түркиянын Сирия боюнча киргизген резолюциясын вето укугун пайдаланып, өткөрбөй койду. Бул долбоордо Сириянын Түркия тарапты аткылоосун "эл аралык мыйзамды өтө олуттуу бузду" деп айыптоо сунуш кылынган болчу. Сириянын ишенимдүү союздашы эсептелген Орусия сунуш кылган текст эл аралык мыйзамды бузуу эскертилбестен туруп, бардык тараптар "сабырдуулук көрсөтүүгө жана аскерий кагылыштардан качууга" үндөгөн эле.

Сириянын Улуттар уюмундагы элчиси Башар Жафари бейшемби күнү Нью-Йоркто жасаган билдирүүсүндө ырасмий Дамаск өз коңшулары, анын ичинде Түркия менен эч кандай куралдуу араздашууну каалабасын билдирди. Сирия Коопсуздук Кеңешине жөнөткөн катында аткылоодон набыт болгон жарандардын үй-бүлөсүнө, Түркиянын элине астейдил көңүл айтканын белгиледи. Бирок элчи катта эмне үчүн кан төгүү үчүн Сирия кечирим сурбады деген суроого окуя толук териштирилип бүтө элегин айтты.

Шаршемби күнү кечке жуук Түркиянын куралдуу күчтөрү да 18 айдан берки ич ара куралдуу тирешүүдөн күлү асманга сапырылып жаткан Сириянын чек арага чукул аймактарындагы кээ бир аскерий обьекттерге сокку урган.

Эртеси 4-октябрда Түркия парламенти Эрдогандын өкмөтүнүн суранычына ылайык чакырылган кезексиз жыйынында аскерлердин Сириянын ичинде операцияга өткөрүүгө жөнөтүүгө же аба чабуулдарына бир жылдык мөөнөт менен уруксат берди.

Түркия парламенти аскерий операцияларды өткөрүү боюнча кабыл алган чараны АКШнын Мамлекеттик департаменти “кайчы жооп” ирети колдоду.

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган Түркия парламенти армиянын Сириянын аймагында тийиштүү операцияларды жүргүзүүсүнө ырасмий түрдө жол ачкандан кийин Ирандын вице-президенти Мухаммед Реза Рахими менен Анкарада өткөргөн пресс-конференцияда анын өкмөтү эч кандай согушту каалабасын айтты:

- Түркия региондо тынчтыкты жана тынчтыкты гана каалайт. Бул биздин бирден бир көйгөйүбүз. Биз согушту каалабайбыз жана ага эч качан барбайбыз. Региондогу, Ирактагы жана Ооганстандагы согуштун кесепети айкын. Биз 1, 5 жыл Сирияга канча акча турганынан да кабардарбыз.

Бул чара өлкөнүн коопсуздугун камсыздоого багытталган чукул аракет деп түшүндүрү Түркиянын вице-премьер-министри Бесир Аталай ошол эле күнү кабарчыларга:

- Бул согуш тууралуу меморандум эмес. Бул кызыкчылыктарыбызга ылайыктуу кабыл алынган чара - кырдаалга карай биздин территориябызды коргоо үчүн колдонулат. Документте баары так айтылган. Түркия өз укукгун гана коргоонун аракетин кылууда.

Сириянын Түркиянын аймагын аткылаганын АКШ, Британия, Франция жана Европа Биримдигинин жетекчилиги мурда эле сындашты. А расмий Москва эки өлкөнүн жетекчилиги жагдайды биргелешип жөндөй алат деген үмүтүн билдирген.

XS
SM
MD
LG