Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Улуттар уюмунда дүйнөдөгү курал соодасын тескөө боюнча сүйлөшүүлөр кайра жанданды. Буга тиешелүү эл аралык келишимдин макулдашылып, кабыл алынышы жана натыйжалуу иштеп кетиши ири оюнчуларга көз каранды болуп турат.

Эл аралык келишимдин сунуш кылынган долбоорун көпчүлүк колдосо, азыр жылдык көлөмү 70 миллиард долларга жеткен курал соодасы көзөмөлдөнүп, тескелет. Улуттар уюмунда 150 мамлекеттин өкүлдөрүнүн катышуусунда ушул дүйшөмбү күнү кайра жанданган жана он күнгө мерчемделген сүйлөшүүлөр мунасага жетүүнүн соңку аргасы катары бааланууда.

Буга чейин былтыр июлдагы конференцияда катышуучулардын басымдуу бөлүгү келишим долбоорун колдошкону менен ири курал экспорттоочулардын камтамачылыктарынан бир айга созулган сүйлөшүү натыйжасыз аяктаган. Анда АКШ, Орусия, Кытай келишим долбоорун жакшылап карап чыгыш үчүн убакыт сурашкан эле.

Келишимди жактагандардын айтымында, мамлекеттер курал-жарактын жеңил же оор түрлөрү болсун аларды чек арадан өткөрүүдө бирдей стандартты карманыш керек. Анткени азыр дүйнөдө куралдуу жаңжалдардын айынан ар бир мүнөттө бирден киши каза табууда.

Оюнчукка стандарт бар, куралга жок

БУУ башкы катчысы Пан Ги Мун конференциянын ачылышында сүйлөп:

- Бул татаал маселе экендигинде шек жок. Анткен менен курал соодасында мыйзам үстөмдүгү жоктугу түшүндүрүүгө жатпайт. Бизде соодада футболкалардан тартып, оюнчуктарга, помидорго чейин эл аралык стандарт бар. Эмеректерге да эл аралык тескөө бар. Бул креслонун эл аралык соодасы үчүн окшош стандарт иштейт, ал эми куралдыкы жок дегендик.

Келишимдин максаты - тапанча менен мылтыктан тартып, танк, тик учак, жөн учакка чейинки аскерий техниканы куралдуу жаңжалдар жүрүп жаткан аймактарга сатпоо, сатылган курал адам укуктарын бузуу үчүн пайдаланылуусуна жол бербөө.

Британиядагы Oxfam эл аралык бирикмесинин курал соодасы боюнча иликтөөчүсү Анна МакДональд азыр акыркы айлампада келишимди колдобой койгон өлкөлөргө саясий басым чоң экендигин айтат:

- Биз сүйлөшүүлөрдүн азыркы айлампада чындап эле жеңишке бара жаткан мамлекеттердин көз карашы үстөмдүк кылат деп күтүп жатабыз. Анткени акыркы ирет июлда (2012-жылы) келишим макулдашылып калгандай учур болгон. Бирок сүйлөшүүлөр акыркы мүнөттөрдө туңгуюкка кептелгенде, көп өкмөттөр абдан иренжишкен.

Колдогондор жана камтамалар

Келишимге моралдык колдоо да бардай. Мунун бир далили - Нобель Тынчтык сыйлыгынын 18 лауреатынын АКШ президентине жолдогон каты. Алар Барак Обаманы келишимди колдоого чакырышкан.

Вашингтон да өткөн июлдагы караганда, турумун жумшарткандай. Мамлекеттик катчы Жон Керри өткөн аптада эле АКШнын курал соодасы боюнча “күчтүү жана эффективдүү” келишимге жетүүгө дилгирлигин ырастады. Бирок Кошмо Штаттарды эл аралык келишим америкалыктардын курал алып жүрүү боюнча конституциялык укугун чектеп койбойбу деген камтамачылык, каршылык бар.

Кокус азыркы сүйлөшүүлөрдө да мунаса табылбаса, маселе БУУнун Башкы ассамблеясында добушка салынышы мүмкүн. Бирок мындай шарт менен кабыл алынган келишим, талдоочулардын пикиринде, азуусу жок документ болуп калат.

Нью-Йорктогу “Кылым кору” деген иликтөө уюмунун эксперти Жеффри Лаурентинин пикиринде, келишимди АКШнын колдоосу зор мааниге ээ:

-Эгер Кошмо Штаттар камтылбаса, келишим эффективдүү иштей албайт.

Вашингтон буга чейин ачыктагандай, алар АКШнын мыйзамына көлөкө түшүргөн жана курал экспорттоочулар үчүн жылчыгы бар келишимди колдобойт.

Талдоочулардын айтымында, келишимде жылчыктар болушу куралды согуш жүрүп жаткан аймактарга сатуу мүмкүнчүлүгү сактала берет дегендик. Маселен учурда Орусия Сирия өкмөтүнө курал сатып жатканы үчүн сындалып келүүдө.

Негизи эле куралды ири көлөмдө экспорттогон өлкөлөр чоң кирешенин булагы болгон бул тармакка сырттан тескөө жасалышын жактырышпайт. Аскерий маселелер боюнча орусиялык эксперт Александр Гольц азыркы конференцияда деле мунаса табыларына ишене бербейт:

- Туурасын айтканда, мен бул келишим боюнча макулдашууга жетүү мүмкүнчүлүгүн көрбөй турам. Орусия сыяктуу эле Кытайдын да туруму айдан ачык. Алар жеңил курал-жарактын соодасы бизге көп акча алып келүүдө деп санашат.

БУУдагы сүйлөшүүлөрдү утурлай, Тынчтыкты изилдөө боюнча Стокгольмдогу институт жарыялаган иликтөөгө караганда, курал экспортоо жагынан көч башында АКШ туруп, дүйнөлүк базардын 30% көзөмөлдөйт. Андан кийин орундарда ирети менен Орусия, Германия, Франция, Кытай.

Кытай быйыл Британияны артта калтырып, бешинчи ири экспортчуга айланды. Акыркы төрт жылда Кытайдын курал экспорту 162% өскөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG