Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:40

Космостук океандар


Энцелад.
Энцелад.

Адам баласы космосту ачкандан бери далай ачылыштар жасалды. Мурда түшкө кирбеген илимий-техникалык жетишкендиктерге күбө болуудабыз. Космостук чөлмөктөр Күн системасынан тыш жактарга барып, миллиарддаган али белгисиз галактикаларды тапты. Окумуштуулар эми Жерден башка планеталарда жашоонун белгилерин издөө менен алек. Бир эмес үч планетада суу табылганын окумуштуулар жар салышты.

Сатурндун жандоочусу – Энцеладдын жер кыртышынын астында көлөмдүү океан бар. Бул тууралуу Американын улуттук космос агенттиги (НАСА) "Кассини" космостук аппаратынын изилдөөлөрүнө таянып кабарлады. Энцеладдагы мухиттин өзгөчөлүгү – андагы суу кадимкидей суюк формада жана анда тирүү жандыктар болушу мүмкүн. Бул ачылыштан кийин бөтөн планеталык микробдорго жана Жерден тыш жашаган организмдерге кызыгуу артты.

Энцеладда атырылган буу жана анын түштүк уюлундагы муз 2005-жылы эле аныкталган. Ошондон бери окумуштуулар бул көрүнүштүн табышмагын жандыруу менен алектенишкен. Изилдөөнүн авторлорунун бири Сами Асмар Энцеладдагы океан жер катмарынан 10 чакырым тереңдикте жана 40 чакырымдык муз кыртышынын астында жатат дейт. Энцеладдын диаметри – 500 чакырымга араң жетет.

Энцеладдын түштүк уюлунан атырылып чыккан буунун курамында туздар жана башка органикалык молекулалар бардыгын "Кассини" долбоорунун окумуштуусу Линда Спилкер белгилейт. Мындай ачылыш Күн системасынын ичинде жашоого ылайыктуу аймак Жер менен гана чектелбесин айгинелейт.

Титан – сыртындагы шакекчелери менен таанымал газ гиганты Сатурн планетасынын эң чоң жандоочусу. Буга чейин окумуштуулар Күн системасында ушул Титанда гана суу кездешет, андыктан жашоонун эң жөнөкөй белгилери бар деп божомолдошкон. Титанда пропилен, же күнүмдүк жашоодо колдонулган кадимки желим табылган. Буга чейин пропилен Жерде гана кездешет деп айтылчу.
Титан.
Титан.


Жердин жандоочусу Айдан дээрлик бир жарым эсе чоң Титанда эң чоң Кракен жана экинчи ири Лигея деңиздери аныкталып тыкыр изилденди. Белгилей кетчү нерсе, Титанда Жердегидей жамгыр, чагылган, куюн болуп, жанар тоолор атылып, жыл мезгилдери алмашат. Андан сырткары, Титанда жашоонун башталышына зарыл аминокычкылдар табылган. Титан – Жер планетасынан 1.27 миллиард чакырым алыста жайгашкан.

Ал эми Күн системасындагы эң чоң планета – Юпитердин илимде белгилүү 67 табигый жандоочусу бар. Алардын бири Жерден 628 миллион чакырым алыс Европа жандоочусунда суунун буусу тастыкталды. "Хаббл" космодүрбүсү чогулткан маалыматтар буга далил. Европанын түштүк уюлунда атырылып чыккан буу 201 чакырымга көтөрүлөт. Мурда окумуштуулар Европанын муз катмарынын алдынан океанды аныкташкан.

Илимпоздор Европанын муз катмарынын алдындагы мухит менен буунун байланышын аныктай элек. Европанын түштүк уюлундагы шоолада (полярное сияние) суу молекуласынын "издери" байкалган. "Кассини" тарткан сүрөттөрдө суунун буусу Европанын жаракаларынан чыкканы көрүнөт.
Европа.
Европа.


Планеталар гана эмес, кыймылдуу астероиддерге кеме учуруу башталат. НАСА OSIRIS-REx долбоорун каржылоого макулдук берди. OSIRIS-REx кемеси 2016-жылы Бенну астероидине эки жылдык сапарга аттанат. Байыркы египеттик кудайдын атын алып жүргөн астероид Күндү 436 күндө айланат. Бенну учурда Жерден 32 227 900 000 (32.23 миллиард) чакырым алыс.

Роботтоштурулган космостук кеме туурасы 500 метр астероидде эки жылдай изилдөө жүргүзүп, 2023-жылы Беннунун 60 грам топурагы салынган капсуланы Жерге жөнөтөт. Космостук кеме өзү андан ары Күндүн орбитасына сапарын улайт. АКШнын президенти Барак Обама 2025-жылга чейин астероидге адамдарды жөнөтүү тилеги бар экенин айткан.

Ал эми Орусиянын космосту өздөштүрүү жана аны изилдөө программасынын амбициалуу максаты – Айды жана анын орбитасын колонизациялоо, Марсты жана Күн системасынын башка объекттерине туруктуу базаларды куруу. Мындай билдирүүнү өткөн апта соңунда вице-премьер-министр Дмитрий Рогозин таратты. "Орусия жаралгандан эле улуу космостук держава болуу бактысы бешенесине жазылган", – деди популисттик билдирүүлөрү менен таанымал Кремлдин аткаминери.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG