Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:40

Чек арадагы чыр чыккан айылдын башчысы ооруканага жаткырылды


Баткен. Чек ара.
Баткен. Чек ара.

22-январда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан Баткен районунун Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова ооруканага жаткырылды. "Азаттыкка" билдиргени боюнча, учурда ал облустук оорукананын доктурларынын көзөмөлүндө болууда:

- Тынчытуучу дары беришти. Дене боюм ооруп жатат, себеби таш менен уруп, тепкилешкен болчу. Кээ бир жерлерим көгөрүп калганын, мээм чайкалган болушу ыктымал экенин айтып жатышат. Эртең дагы текшеришет.

Ага чейин Өсөрова окуя тууралуу маалымат берип, саат бештер чамасында эки тараптан отуздай киши топтолуп, мурдагы күнү чырлаша кеткен жаштар боюнча сүйлөшүп жатканын айтып берген.:

- Кечээ жаштар чатакташкан экен. Бүгүн биздин кеңсенин алдына отуз чакты киши келиптир. Барсам, улуу курактагы тажик жарандары жаштарын “кайткыла, инилер, чатактын кереги жок деп айтып жатыптыр. Мен дагы аларды коштоп, “койгула, балдар, чатак болсо, аны орган текшерсин, үйүңөргө кетип калгыла” деп айттым.

Разия Өсөрова билдиргендей, ошол учурда тажик жарандары ага кол көтөрүп, сабап салышкан.

Баткен районунун акими Кеңеш Салиховдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, учурда кыргыз-тажик чек арасында абал тынч. Ал Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыккан пикир келишпестиктин себебин айткан жок.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым, анын 520 чакырымы эки тараптуу такталган, 450 чакырымы тактала элек. (RK)

XS
SM
MD
LG