Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:37

ЮНИСЕФ: сириялык балдар үчүн кандуу жыл


2016-жыл жарандык согуш басылбай келаткан Сириядагы балдар үчүн өзгөчө оор жыл болду. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча былтыр бери дегенде 652 жеткинчек мүрт кетти, миллиондогону качкындарга айланып, оор шарттарда жашашат.

Бириккен улуттар уюмунун Балдар фонду - ЮНИСЕФ 13-мартта жарыялаган докладда өмүрү менен кош айтышкан, майып болуп калган, куралдуу топторго жалданган жашы жетелек балдардын саны 2016-жылы кескин өскөнү айтылат.

Сирияда жарандык согуш 2011-жылдын март айында президент Башар Асадга каршы нааразылык акциялар башталганда тутанган. Ошондон бери болжол менен 300 миңдей киши каза болду, миллиондогону салгылашуулардан качып коопсуз аймактарга, башка өлкөлөргө жер которуп келатат. Качкындар агымы Европада Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң ири миграция кризисине алып келди.

Өз үйлөрүн таштап жан сактай качкандардын арасында балдар жана өспүрүмдөр көп.

Качкын балдар
Качкын балдар

ЮНИСЕФтин Жакынкы Чыгыш боюнча регионалдык жетекчиси Гирт Каппеларе Сирияда миллиондогон балдар күнүгө чабуулдарга туш болуп жатканын, жашоолору түп тамырынан өзгөргөнүн, азап чегүүлөрү мурда болуп көрбөгөндөй чекке жеткенин белгиледи.

2016-жылы куралдуу жаңжал 652 баланын өмүрүн алып кетти. Өткөн жылга салыштырмалуу бул 20 процентке көп. Бери дегенде 255 жеткинчек мектептеринде же ага жакын жерде набыт болгон.

Өткөн жылдын октябрында ЮНИСЕФ Идлиб провинциясындагы мектепке абадан сокку урулганда 22 окуучу жана алты мугалим каза тапканын кабарлаган.

Көп сандагы балдар медициналык жана эң керектүү тейлөө, дары-дармектин жоктугунан айыктыра турган оорулардан дүйнө менен кош айтышты.

Уюм ошондой эле тигил же бул тарапта согушуу үчүн 2015-жылдагыга караганда эки эсе көп же 850 өспүрүм жалданганын белгилейт.

"Балдар уруш майданында, кармаштарга түздөн түз тартылып жүрөт. Көбү жанкечти катары кол салууларды ишке ашырып же түрмөлөрдө күзөтчү ролун аткарышат", - деп айтылат ЮНИСЕФтин докладында.

Балдар уруш майданында, кармаштарга түздөн түз тартылып жүрөт
Балдар уруш майданында, кармаштарга түздөн түз тартылып жүрөт

Муну менен катар социалдык жана медициналык кызмат көрсөтүү күндөн күнгө начарлаганы балдарды оор жумуштарга салуу, секелек кыздарды күйөөгө берүү көрүнүштөрү жайылууда.

Кеминде алты миллион жеткинчек гуманитардык жардамдын эсебинен күн көрүп келатат. 2,3 миллион бала Түркия, Ливан, Иордания, Египет жана Иракта качкындар лагерлеринде баш пааналоого мажбур.

Сириядагы балдардын ар бири күнүгө өлүмдүн кырында, саламаттыгына оор залака алып келген шарттарда жашап жүрөт, - деп белгилешет ЮНИСЕФтин адистери.

Уюмдун маалыматы боюнча Сириянын алыскы райондорундагы балдар өзгөчө кыйын абалда калган. Алардын 300 миңдейи чабуулдарга туш болуп, гуманитардык жардам жеткирилбей келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG