Линктер

1916-жылкы элдик боштондук көтөрүлүштөн кийинки Улуу Үркүн кыргыз айдыңдарынын чыгармаларында: 2-макала


Сүрөтчү Т.Жумабаевдин "Үркүн" түрмөгүнөн.

Сүрөтчү Т.Жумабаевдин "Үркүн" түрмөгүнөн.

ЖАМУнун улук окутуучусу Н. Мырзабаева 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш жеңилген соң башталган Улуу Үркүн тууралуу экинчи макаласын сунуштайт. Макалада бул окуяга күбө болгон кыргыз айдыңдарынын чыгармалары даректүү жана көркөм булак катары колдонулат.

Өз элинин улуу кайгысын өз башынан да өткөргөн ошол доордун далай кыргыз айдыңдары бул муңдуу учурду чыгармалары аркылуу болочокку муунга жеткендей баяндашкан.

1916-жылкы тарыхый окуяларга жазгыч акындар кеңири кайрылышкан. Бул багытта Ысак Шайбековдун (1880-1957) “Азган эл”, “Кайран эл”, “Кайткан эл”, Абылкасым Жутакеевдин (1888-1931) “Качкак турмушу”, “1916-жыл”, “Кайран эл”, Абдырасул Токтомушевдин “Какшаалдан кат” деген чыгармалары белгилүү.

Алдаш Молдонун 1916-жылдагы Улуу үркүнгө жана ал алып келген азап-тозокко, кыргыздардын кытай жерине качкан трагедиясына байланыштуу жазгандары да даректүү маалымат катары айырмаланып турат.

Акындардын ыр түрүндөгү эскерүүлөрүндө айтылгандай, Кытайга качып кирип келген кыргыздарга батыш кытайлык калмактар да кол салышкан. Музарттын белинде жатып, же Кытайга, же Орусияга жете албай камалып, ачкадан, сууктан өлгөндөрү көп болду, 2000ге жакыны ошол жерде өлүп, тирүүлөрү качып отуруп Беделге ашкан деп эскерүүлөрдүн биринде айтылат.

1916-жылы кеч күздө жана кыш айларында падыша өкмөтү Нарындан атайын аскер тобун жиберип, Кытай өкмөтүнүн уруксаты боюнча Кыргызстандагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн жетекчилеринен 11 кишини кармап келет. Алардын ичинде Байгазы, Ызабек, Ашке, Чүйдөн Тезекбайдын уулу Атакан жана башкалар болуп, алар 1917-жылкы Февраль революциясынан кийин, март айында гана Убактылуу өкмөткө карап калган абактан кутулат да, кайра Кытайга барышат.

Актан Тыныбек уулу, залкар манасчы, дастанчы, акын жана комузчу.

Актан Тыныбек уулу, залкар манасчы, дастанчы, акын жана комузчу.

Актан Тыныбек уулу сыяктуу Үркүнгө катышкан акындар эскергендей, 1917-жылы Кытайда тоодогу, талаадагы кыштактарды аралап, нан үчүн сенделип жүргөндөр көбөйдү. Кыргыздын сулуу кыздарын кытайдын, уйгурдун же дунгандын байлары өздөрүнө токолдукка же күңдүккө алышты, кээ бирлери, эптеп кара курсакты багуу үчүн өз балдарын азыкка айырбаштап саткан. Качкындар Какшаал, Аксуу, Бай, Куча, Шайа Богур, Карашаарга чейин кетти. Оокаты жок кыргыздарды келте, котур, чечек оорулары каптады. Ошентип, качкын кыргыздардын да саны суюлган.

Актан Тыныбек уулу качкын кыргыздар таркалган Батыш Кытайдагы жайларды өз чыгармасында санап берген:

“Тосмодон өттү калың эл,

Үрүмчү менен Күчөргө

Үркүнгө эл барды бул жерге.

Ушу күндө качкын бар

Котен менен Жаркенде.

Токтоткондон баралап.

Атын угуп көрбөгөн,

Алты шаарды пааналап.

Ак-Суу, Турпан, Кашкарды,

Биздин эл кирди аралап”.

Ошентип Турпандык бийлердин, бозгунда байлардын көрсөткөн кордуктарын акын Актан Тыныбек уулу мындай деп белгилейт: ”Ачуусу келсе көчкүн деп, убарага салышат. Беделди ашып кеткин” – дейт”.

Куралдуу көтөрүлүштүн катышуучусу акын Исак Шайбеков кытай жергесиндеги качкын кыргыздардын оор абалын төмөнкүдөй мүнөздөгөн:

“Тополоңу тоз болуп,

Тозуп кетти кайран эл.

Өз элинен адашып

Бозуп кетти кайран эл.

Түгөнгөн соң үй ичи,

Кийимин сатты кайран эл

Баш кошуп, чогуу байырлабай,

Сайлап жүрөт кайран эл.

Азаттыкты эңсешип,

Зарлап жүрөт кайран эл”.

[Тарыхый ырлар, кошоктор жана окуялар. 19-том. - “Эл адабияты” сериясы; Малабаев Ж. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы. - Б., 1999. - 114-б].

М.Абдылдаев түзгөн “Мурас” жыйнагына ”1916-жыл”,“Үркүн алдында”,”Үркүн”,”Алты шаар”,”Үркүн поэмасынан” ар кандай аталыштагы чыгармалар топтоштурулган.

Кыргыз элинин Үркүн маалындагы аянычтуу турмушу кийинчерээк классик акын-жазуучуларга өсүп жетишкен К.Баялинов, А.Токомбаев, М.Элебаев, Ж.Турусбеков ж.б. калеемгерлердин өз баштарынан кечирген кыйынчылыктары камтылган көркөм же даректүү чыгармаларында да сыпатталат.

Залкар кыргыз акыны А.Токомбаев өзүнүн өмүр баянында мындай деп жазат:

“1916-жылкы окуя кыргыз элинин башынан өткөргөн оор трагедиялардын бири экенин таанууга болбойт. Ошол көтөрүлүшкө байланыштуу кыргыз элинин саны бир кыйла кемиген. Менин жаш өмүрүмдө сөөгүмө басылган ушул кайгы тамгалары чыгармаларымдын стилине мүнөздүү сыпат өңдөнүп калды”.

"Капкараңгы алыскы,

Ал күндун сырын ачпасам,

Аткылашып талашкан,

Ал кандын чырын жазбасам,

Кан төккөн элдин баласы

Карызымды атказам".

[Токомбаев А. Кандуу жылдар. - Б., 1991. - 15-, 83-бб.]

“Кандуу жылдар” романында көтөрүлүштүн чыгуу себептери, анын алдында түзүлгөн кырдаал ар тараптуу чагылдырылып, документалдуулук сакталган жана айрым тарыхый каармандар өзгөртүлбөй берилген. Көтөрүлүш жөн гана бир өрөөндөгү козголоң эмес, анын улуттук жана эл аралык мааниге ээ экендиги, элдик трагедия болгону чыгарманын “Бетме-бет” бөлүмүндө чагылдырылат.

Эл башына түшкөн бул апаат тарыхый ырларда өтө образдуу сүрөттөлүп, чыныгы турмуштан алынганы өзгөчө көрүнүп турат.

“Кытайды көздөй бет алып,

Үркүп көчүп чыкканы.

Жөнөдү үркүн шарактап,

Көздөрүбүз алактап.

Көлүгү жок начарлар,

Ээ кылбай байды карактап”.

[Тарыхый ырлар, кошоктор жана окуялар. 19-том. -“Эл адабияты” сериясы. – Бишкек: Шам, 2002. – ISBN 9967-10-077-Х. - 173-бет].

1916-жылкы көтөрүлүштөн соң Касым Тыныстанов да качкындар менен бирге Кытайга барат.

“Арт жагымды карасам,

Агарып көлүм көрүнөт.

Ысык-Көл сени самасам,

Акылым санга бөлүнөт.

Алда бир орус төрөм ай!

Мен качан Ысык-Көлдү көрөм ай!

Баратке мыйзам билбеген

Айла барбы кытайга,

Кыздарды сатып нан жедик,

Жарты буттан буудайга.

Алда бир орус төрөм ай!

Мен Ысык-Көлдү качан көрөм ай!” - деп Касым Тыныстанов муңдуу ырларын жазган.

К.Тыныстанов 1916-жылы Кытайдын Үчтурпан, Аксуу шаарларын кыдырып бозгундуктун зардабын чеккен соң, 1918-жылы кайра Ысык-Көлгө кайткан.

Солтобай Токтоболот уулу XIX кылымдын ортосу - XX кылымдын башында жашаган кыргыз акындарынын өкүлү.

Солтобайдын 1916-жылы тирүү болгондугу, үркүп Кытайга барып, андан кайтып, 1917-18-жылдарда Каракол уездинде каза болгондугу бир катар маалыматтарда ырасталат.

Ал жалпы журтчулукка кайрылып:

“Журтум, Ысык-Көлгө ыктаңар,

Кең Текес көздөй чыкпаңар”, - деп, кыйынчылыкка карабастан өз мекениңерден качпагыла деп үндөйт, себеби ал бозгунда да жакшы турмуш жок экенин өз жон териси менен көргөн. [КР УИАнын Кол жазмалар фонду. - Инв. № 110. - 58, 129, 412-бб.]

Акын Абдырасул Токтомушевдин “Какшаалдан кат” чыгармасында 14 жашар Айшакан аттуу кыздын оор тагдыры, бир түндө чалга сатылганы чагылдырылат. Ошондой эле кыргыз кыз-келиндеринин оор турмушу, 1949-жылкы коммунисттик бийликтен кийинки бактылуу келечек жөнүндөгү кыялдары сүрөттөлөт:

“Бир тууган элим тозуп ал!

Көрмөккө жерин болуп зар,

Кат жазып, салам жиберет,

Кытайда калган кызыңар...

Айланам элим, айланам:

Кабар ук кызың Сайрадан!

Боштондук жарын чакырган

Болоюн күкүк сайраган.

Кытайга жарык таң атып

Алмашты турмуш кайрадан.

Бул турмуш тийди энчиге -

Эзилген калктын эркине..

Баягы кызың муңайган,

Кутулуп кайгы-убайдан.

Сүйүнчү айтып,кат жазат,

Боштондук алган Кытайдан”.

[Токтомушев А. Какшаалдан кат. Фрунзе,1950. – 7, 39-53-бб.]

Нуржамал Мырзабаева, ЖАМУнун улук окутуучусу. 29.7.2016.

Нуржамал Мырзабаева, ЖАМУнун улук окутуучусу. 29.7.2016.

Жыйынтыктап айта турган болсок, 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш жана Улуу Үркүн тууралуу кыргыз тилиндеги көптөгөн фольклордук ыр, эскерүү, дастан, санжыра, поэма, кошок, аңыз кеп, аңгеме, роман жана башка оозеки жана жазма чыгармалардагы мол маалыматтар алигиче терең иликтелип бүтө элек.

Биз бул теманын актуалдуулугун азыноолак мисалдар менен гана баса белгилөөгө үлгүрдүк.

Улуу көтөрүлүш жана андан кийинки Улуу Үркүн окуяларына күбө болгон кыргыз айдыңдарынын чыгармалары даректүү жана көркөм булак катары мындан ары да ырааттуу талданууга тийиш.

Нуржамал Мырзабаева,

Жалал-Абат мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) улук окутуучусу, тарыхчы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG