Линктер

Үркүн: Бабалар баскан из менен...


Ата-бабалардын Үркүндө качкан жерлерин көрүүгө түрдүү аймактардан 40 чамалуу улан-кыздар чогулган.

Ата-бабалардын Үркүндө качкан жерлерин көрүүгө түрдүү аймактардан 40 чамалуу улан-кыздар чогулган.

Үркүндүн 100 жылдыгына карата өткөн жумада Ысык-Көл облусунда жаштардын жүрүшү өттү.

Өлкөнүн ар кайсыл аймагынан чогулган активисттер “Бабалардын баскан изи” аттуу жүрүш уюштуруп, 1916-жылдагы канды булоондо үрккөн элдин басып өткөн жолдорун эскерди.

80 жаштагы Турум Кудашова Үркүндүн азабы тууралуу ата-энесинен көп уккан. Кыштын ызгаарында суукка тоңуп, ачкалыктын түйшүгүн тарткан адамдардын кейиштүү тагдырын жакындарынын баяндарынан көп уккандыктан ал машакаттар өз башынан өткөндөй сезилет. Азыр Көлдүн Үч-Кошкон айылында жашап жаткан Турум эне Үркүндү эскерүүгө чогулган улан-кыздарга билгендерин минтип айтып берди:

- Бул жерди Кайчы деп коюшат. Ушул жерден өтүшүптүр. Ары жагын Бедел деп коет. Андан өйдө жагы Ак-Өгүз деп аталат. Элдин баары ушул ашуулардан өтүшүптүр. Күздун соңу, декабр айларында суукта куурап, он беш күндөп, бир айлап жол билбей адашып жүрүшүптүр. Ата-энем, жакындарым ал кездеги кыйынчылыктарды ушинтип айтып беришчү.

100 жыл мурунку калабаны эскерүүгө чогулган жаштардын иш-чарасы алгач 21-июль күнү Жети-Өгүз районунун Тамга айылында илимий конференция менен башталган. Эртеси ата-бабалардын басып өткөн жерлерине зыярат кылуу максатында Барскоон айылынан жогору жол тартып, деңиз деңгээлинен 4800 миң метр бийиктикте Сөөк ашуусуна келишти жана Үркүндө шейит кеткендерге Куран окушту.

Өткөндөрдүн урматына бата кылышкан соң Сырт жайлоосундагы Ак-Шыйрак айылына барышып, Үркүн курмандыктарына арналып орнотулган эстеликке зыярат кылышты. Он жыл мурун, Үркүндүн 90 жылдыгына карата 1916-жылда курман болгондордун сөөктөрү чогултулуп, ушул жерге көмүлгөн эле.

Ата-бабалар жөө-жалаңдап баскан жерлерди көрүүгө түрдүү аймактардан 40 чамалуу улан-кыз чогулган. Алардын бири - Нарын облусунун тургуну Талант Ниязбеков:

- Эртең менен эрте чыкканбыз. 1916-жылы ата-бабаларыбыз бул жолдордо жөө жүрүшкөн, ат менен, төө менен келишкен. Биз болсо машинеде болсок да жолдо аябай кыйналдык. Ошондуктан ал кездеги кишилердин кандай азап менен Кытайга ашышканын жон терибиз менен ушул жерде сезип жатабыз да.

Эскерүү иш-чарасын уюштурган өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү бул “Тарых жана маданият” жылына жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата жасалган акция экенин маалымдады. Облус жетекчисинин орун басары Рита Борбукеева буларга токтолду:

- Жаштар арасында тарыхты билбегендери да бар. Орто муун арасында да андайлар табылат. "Эмне үчүн Үркүн? Качпай койсо болот беле?" деген суроолорго айрымдар кандай жооп беришти билбейт. Айрым саясатчылардын "Орустар бизди кырган. Буга деген компенсация төлөнүш керек” деп айткандары бар. Ушундай суроолорго жооп болсун деп уюштурдук. Биздин максат күнөөлүүлөрдү аныктоо эмес, жөн гана ата-балалардын баскан изин көрсөтүү. Ошондуктан “Бабалардын баскан изи” деп атадык. Ошол кездеги муундун чыдамкайлыгын, кыргыз элинин ушунчалык сабырдуулгун бүгүнкү жаштар өздөрү сезсин дедик.

Быйыл Кыргызстанда Орус падышачылыгынын үстөмдүгүнө каршы Улуттук көтөрүлүш –Улуу Үркүндүн 100 жылдыгы белгиленет. Ал кездеги канды булоон дүйнө жүзүндө да, Кыргызстанда да ар кыл өңүттөрдө чагылдырылып келүүдө.

1916-жылы Биринчи дүйнөлүк согуш маалында Орусия падышалыгына каршы тайманбай чыккан кыргыздардын улуттук боштондук көтөрүлүшү кандуу жазаланган соң, калайыктын жүз миңдеген бөлүгүнүн Кытайдын батышына качууга аргасыз болушу тарыхта "Үркүн" деп аталып калган. Көтөрүлүштүн чыгышына 19 жаштан 43 жашка чейинки эркектерди согуш жүрүп жаткан аймактардагы оорук жумуштарына тартуу тууралуу падышалык жарлык шыкак болгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG