Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:23

1916-жылдагы көтөрүлүш көптөгөн окуяларды башынан өткөргөн элдин өзгөчө көңүл бөлүнө турган тарых барактарынын бири.

1916-жылдагы көтөрγлγштγн 100 жылдыгына карата, И. Арабаев атындагы КМУ тарабынан Кытайда эл аралык илимий изилдөө экспедициясы уюштурулган. Анын натыйжасында, Иле-Казак облусуна караштуу Текес ооданынын Көк-Терек айылына, Могул-Кγрө ооданынын Шаты айылына, Кулжа шаарына караштуу Нылкы айылдарындагы кыргыздардын арасынан оозеки жана архивдик материалдар жыйналды.

Кыргыздар байыртадан эле Шинжаңдын аймактарында жашап келген. Тарыхый маалыматтарда «Серика», «Кашкария», «Чыгыш Түркстан», «Батыш Край», «Кытай Түркстан» деп аталып, бул аймакты кыргыздар байырлашкан.

XIII кылымдын акырында Енисей кыргыздарынын бир бөлүгү Кытайдын түндүк-чыгыш тарабындагы Хэйлуунцзян (Хыйлуунжан) аймагына көчүрүлгөндүгү «Юань-Ши» тарыхый булагында баяндалат (Супрененко Г.В, 1960, 67) (аталган кыргыздар фу-йу кыргыздары жөнүндөгү маалымат болуп эсептелинет). Ал эми Шинжаң кыргыздарын Тарбагатай аймагына караштуу Оркошаар деген жерге күчтөп көчүрүлүп келгендиги маалымдалат. Тарбагатайга көчүп келгенден кийин жергиликтүү калмактардын ишениминдеги лама дининин таасирин кабылдаган (Кудайберген Кийке, 2002, Хуйтун, 5).

Кыргыздарды мындай ассимилизациялоо XVIII кылымдын орто ченине чейин улантылган. Аларга Лобнор кыргыздарынын да киргизүүгө болот (Асанканов А.А, 2010, 56).

XVIII кылымдын 50-жылдары Чыгыш Түркстан кыргыздары Чын империясынын курамына кирип, Шинжаң саясий-админстративдик түзүлүшү пайда болгон. Ал эми, XIX кылымдагы «Бейжин келишими», «Тарбагатай чек ара келишими», «Жуңго-Орусия Иле келишими» негизинде кыргыздар Орусия жана Чын империясына карап калышкан. Ушул мезгилден тартып, кыргыз тарыхында кытай букаралыгын тааныган «кытайлык кыргыздар» деген ат менен белгилүү боло баштаган. Арийне, Орусия кыргыздары менен Чын империясынын кыргыздар ортосунда байланыш үзүлбөстөн, мурдагыдай эле улана берген (Анвар Байтур,1992,119). Мисалы, 1914-жылдагы Биринчи Дүйнөлүк согуш башталгандан тартып, орус падышачылык өкмөтүнүн согуштук алык-салыктарынын көбөйүшүнөн жана орус дыйкандарынын отурукташуу саясатынан запкы жеген кыргыздар 1914-1915-жылдары эле Кытайдын аймактарына барып отурукташа баштаган. Бирок бул жылдары кыргыздар массалык түрдө эмес, бир уруу же бир нече үй-бүлө болуп көчүп келишкен (Асанакун Мукан, Мухтар Өмүрбек). Ал эми, 1916-жылдагы көтөрүлүштө кыргыздар Какшаал, Үчтурпан, Ак-Суу, Бай, Куча шаарларына, Текес, Кулжа шаарына чейин кирип кетишкен. Качкын кыргыздардын басымдуу бөлүгү совет бийлиги орногондон кийин мекенине кайтып келишип, калган бөлүгү Кытайда кала беришкен (Анвар Байтур,1992,90).

Совет бийлиги орногондон кийин кыргыздардын Кытайга эммиграциясы токтолгон эмес. Кийинки жер которуулар 1920-1930-жылдары совет бийлигине каршы турган, «басмачылык кыймылдын» катышуучулары, андан соң 1930-1932-жылдардагы коллективдештирүү жана айыл-кыштактарда тап душмандарды жоюу, аларды кулакка тартуу мезгилине туура келген.

1916-жылкы көтөрγлγш. Кыргыздардын Кытайга качышы жана чек арадагы тоскоолдуктар

Кытайдагы кыргыздарынын айтуусу боюнча, XX кылымда Кытайга кыргыздардын үч жолу жер которушкандыгы жана үч үркүн болуп өткөндүгүн, «үч качкын» же «үч көчкөн журттай» окуясы эл арасында кеңири баяндалып айтылып жүргөндүгүн айтышат (Жунус Жумадыл, Муканбет Керим).

Архивдик материалдардан жана Кытайда жашаган кыргыздардан алынган маалыматтардын негизинде 1916-1934-жж. Кытайга кыргыздардын эммиграциялык кыймылдары негизинен үч этапта жүргүзүлгөндүгүн белгилөөгө болот.

1. 1916-жылы Кытайдагы жергиликтүү элдин айтымында, “Чоң үркүндө” келип отурукташып калгандар тобу (1916-жылдагы көтөрүлүштү “Чоң үркүн” же “мунт” деп аташат). 1916-жылдагы орус империясынын колониялык саясатына каршы көтөрүлүшкө чыккан кыргыздар Кытайга качууга аргасыз болушкан. Кытайлык кыргыздарда Үркүндү - чоң качкын (үркүн), орто качкын ( үркүн) жана кичи качкын (үркүн) деп шарттуу түрдө бөлүп баяндашкан. Үркүндү карыялар чоң качкындабы же кичи качкындабы дешип, окуянын жылын тастыкташкан (Айдаркан Атамбек, Асанакун Мукан).

Жолдогу азаптар

Кытайга кыргыздар негизинен үч жол менен багыт алышкан. Биринчиси - Нарындын Ат-Башы аймагынын Ак-Сай өрөөнү аркылуу Торугарт жана Келтебек ашуусу, экинчиси - Прежевальскиден түштүккө, Бедел ашуулары, үчүнчүсү - Каркыра аркылуу Кулжа жана Текес тарапка барышкан.

Кыргыздардын Кытайга качуусунун багыттары тууралуу архивдик маалыматтардан Орусия мамлекетинин Генералдык консулдун докладдык билдирүү катында мындай баяндалган. "Сентябрдын биринчи күндөрүндө Кытайдын чегинде чакан топтордон турган кыргыздар пайда боло башташты. Малдын көптүгү жолду арбытууга мүмкүндүк бербегендиктен улам, кыргыздардын негизги массасы сентябрдын жыйырмаларында гана кытай чек арасынан өтө баштады.

Бул убакта Жети-Сууга жетиштүү сандагы куралдуу күчтөр чогулду, аларды (кыргыздарды) чечкиндүү куугунтуктап, козголоңчуларды Кытайга кубалашты. Кыргыздарга кытай чегине эки багытта: 1) Нарын чыңдоосунун жанынан Аксай өрөөнү аркылуу Какшаал суусунун төрүндөгү Торугарт жана Келтебек ашуусу жана 2) Пржевальск шаарынан түштүк тарапта Бедел жана Кайчы ашуусу аркылуу өтүшүп, Үчтурпан жана Аксуу аймагына барышты. Биринчи багыт топтолгон элдин Кытайга өтүшүнө кыйын болду. Нарын чыңдоосунун гарнизону менен жакын болушу Торугартка бет алган убакта козголоңчулар үчүн туруктуу коркунучтуу болуп эсептелген, анын үстүнө мында чек арадагы тоолор аябагандай катаал, коркунучтуу жана жайыттардын жоктугунан улам кыргыздарды кызыктырган эмес. Ошондуктан көтөрүлүш башталганга чейин Нарындын түштүгүндө көчүп жүрүшкөн кыргыздар гана Торугарт аркылуу Чакмакка бет алышкан. Бул жерге эки волост (болуш) ашык кыргыздар келишкен, бул Нарын участкасынын кыргыздарынын арасында толкундоолор анчалык болбогондугу менен да түшүндүрүлөт.

Ал эми кыргыздардын бир аз гана бөлүгү бет алган биринчи багыттан айырмаланып, козголоңчулардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү башчылары менен Бедел аркылуу Үчтурпан менен Аксууга бет алышкан, жакшы жайыттары бар бул аймактын орус чек арасына жакындыгы, ушул тарапта чек аралар жана ашуулар кайтарылбагандыгы кыргыздардын тобу менен тоскоолдуксуз өтүүсүнө мүмкүндүк берген" деп билдирет Пекиндеги орусиялык императордук миссиянын 1916-жылдын 1-декабрдагы №3300 билдирүүсүндө. Ошентип, Бишкек жана Пржевальск уезддеринин 32 волостунан келген кыргыздар Үчтурпан менен Аксуу чөлкөмүнө, Жаркент уездинен жети волостунан келген кыргыз менен казактар Кулжадагы Текес аймагына жайгашкан.

Үчтурпанда жана Аксууда биринчи зарылдыктагы буюмдардын кымбаттыгы кыргыз массасын ачкадан кыргынга алып келген. "Алардын арасында тоё тамак жебегендиктен улам келте жана башка оорулар пайда боло баштады. «Ашыкча жандарынан жана жолдогу убарадан кутулуу үчүн — кыргыздар жолго жана турган жерлерине майда балдарын ташташып, 12 жаштан улуу кыздарын жана балдарын 30—40 сомдон (сомдун наркы 12 теңгенин ордуна 3 теңге болгон убакта) жергиликтүү сарттарга сатып жатышат" – деп Орусиянын Кашкардагы консулу билдирген (КРИА. Кол. жаз, фонду.инв.136.41)

Үрккөн элдин жолдо жана чет жерде көргөн азап-тозогун толук сүрөттөө мүмкүн эмес. Бир жагынан азык–түлүгү кенен, курал–жарагы шай жазалоочулар такымдай кууп, жеткендерин кырып жатса, экинчи жагынан аскасы асман тиреген ашуулар жүрөк үшүн алып, качкындарга бир кыйла бөгөт болгон, үчүнчүдөн, аларды ачкачылык алсыраткан. Ѳзгөчө бир аз жүгүн жонуна арткан жөө жалаңдарга, ач-жылаңачтарга, жаш балдарга, кары-картаңдарга, балалуу энелерге оор болгон. Ат, төөчөн, мал-мүлкү менен кошо көчкөн бай-манаптар көч алдында кетишип, Үркүндүн алгачкы кездеринде анчалык запкы тартышкан эмес. Бирок бара-бара тоюттун жоктугу, татаал ашуулар алардын малынын көп санда кырылышына алып келген. Бул туурасында жазалоочу топтордун бир жетекчиси 1916-жылдын 22-декабрдагы рапортунда: “Качкындардын малы күнүнө миңдеп кырылып жатат,”- деп жазган (КРИА, Кол жазмалар фонду, инв.137, 186-187 ). Андан ары ал Ак-Бел, Бедел ашуулары жана Келек-Тайгак суусу менен Ысык-Булактын айланасы малдын жайнаган өлүктөрүнө толуп кеткенин билдирет. Мал-жандын кыйла бөлүгү жазалоочулардын колуна тийген. Ошентип чек арага жеткенде качкындардын колунда жылкынын 10, койлордун 25 % гана калган (К. Усенбаев, 1967,126).

1916-жылдагы көтөрүлүштүн катышуучусу жана ал тууралуу эл оозунан жыйнаган Алдаш Молдонун окуучусу, Жети-Ѳгүз районунун «Дружба» колхозунун тургуну Абдылда Арыстаке уулунун эскерүүлөрүндө: «Кызыл-Суунун (Покровка) ашуусуна бет алып жөнөдүк. Ашуу өтө татаал бир гана аттын изи бар. Муз жарык жарыктын түбү көрүнбөйт. Жарык кой, эчки, жүгү менен уй, төө жылкы адам түшүп кетип бешик өңөргөн аялдар түшүп кетип жатты. Төөлөр боздоп кой-эчкилер маарап, жылкылар кишенеп балдар бакырып чоңдор кыйкырып, муздун жарыгынан дүңгүрөп араң угулат. Тереңдиги 40-50 метр бар. Байлардын айдап бараткан малдарынын көбү жарыкка түшүп кетти. Ашуу ашып таш басып, агыны катуу суу кечип, аттар уйлар ташыркап така жок уйларга, төөлөргө чокой тартып, тамак жок жөргөмүш деген чөптү жеген күндөр болду,» - деп маалымдаган (КРИА Кол жазмалар фонду 716.инв,35).

Ошентип, чек арадан аман-эсен өткөндөрдү ушул аймакта көчүп-конуп жүргөн калмактар талоонго алып, мал-мүлкүн жана аялдарын олжолоп алып турушкан. Андан кийин жергиликтүү кытай төбөлдөрү калган-каткан оокаттарын белек катары берүүгө мажбурлашкан. Каршылык көрсөткөндөрдү жырткычтык менен өлтүрүшүп, болгон дүнүйөлөрүн тартып алуу адатка айланган.

Бул тууралуу Кытайдагы Иле-Казак автономиялык областынына караштуу Моңгул-Күрө ооданынын Шаты айылынын тургуну Абдымолдо Баке төмөнкү маалыматты айтты: «Качкан эл жолдо кыйналып, ачкадан, талап–тоноочулуктан көптөгөн эл набыт болгон. Ошентип азап-тозок менен эл бул жакка (Кытай тарапка) келгенде, чек арадан да өтүү кыйын болгон экен. Чек арадан кыйынчылыкты көрүп, келген элди кайра артка айдап, сен орустун элисиң деп, артынан орус аскерлери кууп келип ара ортодо жолдо өлгөн эл андан көп болгон. Сайкал деген жердин ары жагында ашуу бар. Ысык-Көлгө ошол ашуу менен ашат, азыр аны Кыргыз-Сай же Кыргыз-Ашуусу деп коюшат. Бул жакка келгенде эл чачырап тарап, алды Үрүмчүгө чейин кеткен экен. Келе жатканда жолдо бага албагандан кийин балдарын, кыздарын ар кайсы элге таштап да кетишкени маалым. Кыздарын күйөөгө берип, талкан алган күндөрү да болгон» (маалымдоочу).

Кытайдагы Моңгул-Күрө ооданында жашап жаткан Бейше Манды 59 жаштагы, Арык уруусунун Сарык уругунан эскерүүлөрүнө таянсак: «Моңгул-Күрө ооданында 1916-жылы болуп өткөн окуялар боюнча ушул күнгө чейин сакталып келген, Кыргыз ашуусу деп аталган жер бар. Ал жерди дагы «кыргыз кырылган жер» деп аташат. Себеби, Үркүндө кыргыз бул тарапка качып, ашуу ашып келгенде, артынан орус, бери жагынан кытай келип кырган экен. Артынан келген орустар бул жактан монгул, калмактар качып келе жаткан элди ашууда камап кырышкан. Ошондо кырылган элден казандар, самоор, тулгалардын калдыгы Кыргыз ашуусунда азыр да бар. Биз малчы болуп, мал менен жайлоого чыкканыбызда, Кыргыз ашуусу деп аталган жерден ат менен гана өтө ала тургандай жол бар, ошол жолдон өткөнүбүздө кишинин сөөктөрү, калган буюм-тайымдары бүгүнкү күнгө чейин жатат. Чогулуп куран окутуп, сөөктөрдү жерге бергенбиз, бирок, киши сөөктөрү бут баса алгыс болгондуктан баарын жерге берүү мүмкүн эмес, таш ортосунда калып, карагай арасында калып калган киши сөөктөрү али күнгө чейин сакталган» - деп маалымдайт Бейше Мамы (маалымдоочу). Ал эми, Кайыңды айылынын тургуну (Моңгул-Күрөөдөгү моңгул айылы). Муканбет уулу Абдышүкүрдүн айтымында:«Кыргыз ашуусунда» 1973-жылдары боз үйдүн кереге уугунан, адам өлүгүнөн киши баса албас болгон эле, ошол жерде кыргыздардын кырылгандыгы боюнча атам айтып калаар эле. Көчкөндө 30-40 үй-бүлөнү алып өтүш үчүн көзгө атаар бир чоң мергендери болгон экен. Бул айылда жашап өткөн бир казак кишини айтар эле, оң колу чыканактан ылдый жок болгондугуна карабастан, мылтыкты ийнине коюп атканда учуп бараткан карганы түшүрө атчу экен. Мына ушундай мергендерди алып барып анан атышып өтүшкөн экен. Ал кезде орустун солдаттарын мергендер алдыңкы экөөнү атып койсо эле, калганы кайтып кетишкен. Себеби, мергени бар экенин билет экен алар да. Үрккөн эл мергендерди алдына алып жүрүшкөн. Анткени алар элди кубалагандар менен анан атышып өтүшчү экен,» – деп билдирди (маалымдоочу).

1917-жылдын 1-майдагы маалыматка караганда, Чыгыш Түркстанга келгендердин 70-87 миңге жакыны апаат болгон. Эч кандай укугу жок, дайыма куугунтук жеп, жүз миңдеп кырылып жаткан качкындар бөтөн эл, бөтөн жерде узакка туралбайт эле. Андыктан, алар аргасыздан Чыгыш Түркстандагы орус өкмөтүнүн өкүлдөрүнөн жардам суроого мажбур болушкан. Кыргыз көтөрүлүшчүлөрүнүн Кулжадагы орус консулуна жазган өтүнүчүндө: «Азыр биздин тамак-ашыбыз, боз үйлөрүбүз жана аттар үчүн жем-чөбүбүз жок... Бизде нан жана туз да жок, андыктан, биздин өтүнүчүбүздү сиздердин улуу урматтуу башчыларга билдирсеңиздер: балким бизге жардам берүүгө мүмкүнчүлүгүңүздөр табылаар», - деп суранышкан. Өз кезегинде Кашкар консулу 1916-жылы 1-декабрда падышага жазган билдирүүсүндө: «Кыйналуунун акыркы чегине жеткен кыргыздар Орусиянын аймагына кайтып келүүгө ынтызар экендигин көрсөтүшүүдө», - деп кабарлаган. Жети-Суу аскер губернаторундагы: “Көп убакыт өтпөй эле качкындар жана кара-кыргыздар Нарынга өз өкүлдөрүн жиберишип, баш ийүүгө макулдугун билдиришти жана биздин аймакка кайтып келүүгө уруксат сурай башташты», — деп белгилеген (КРУИА, 256 инв,68). Бирок падыша өкмөтү көтөрүлүшчүлөргө аткара алгыс шарт койгон. Алсак, көтөрүлүштүн жетекчилерин кармап берип, курал-жаракты толук өткөрүүнү, ошондой эле ар бир волосттон армия үчүн 200дөн жылкы төгүүнү жана көтөрүлүш чыгымдарын толугу менен төлөөнү талап кылган. Бул иш жүзүндө азып-тозгон элдин үмүтүн таш каптырып, аларды мүңкүрөтүү эле. Ошентип, падышачылыктын колониалдык саясатын ишке ашыруучулар кыргыз жергесин толугу менен ээлеп алууну көздөшкөн.

Кытайга качып барган кыргыздардын социалдык абалы үч топко бөлүүгө болот. Биринчи, колунда бар 50-200гө чейин майда жандыгы бар, алар жалпы 10%, экинчи, орто катмар, 5-10го чейин жандыгы барлар-20%, үчүнчүсү, кембагалдар 45% жалданып иштеген арзан жумушчу күчүн түзгөндөр. Андан башка, бир үзүм нан үчүн сатылып кеткен жаш кыздар жана аялдардын айрымдары Кытайдын Шанхай, Вянузин жана башка шаарларына чейин сойкуканаларга сатылып кеткени маалым (КРИА, инв 45,61-66).

Арийне, өзү туулуп-өскөн, киндик каны тамган жеринде, жергиликтүү элдин социалдык-экономикалык абалы деле оор бойдон кала берген. Орусия падышачылык өкмөтү жергиликтүү калкка карата төмөндөгүдөй саясатын жүргүздү:

1. Көтөрүлүштө кеткен чыгымдарын төлөө шылтоосу менен контрибуция (contributio — лат. коомдук каражатты топтоо — согушта жеңилген мамлекеттин калкы тарабынан, жеңген мамлекетке төлөнүүчү төлөмдөр) алуу;

2. Генерал-губернатор Куропаткиндин чечими менен жер-жерлерде уезддерде атайын комитеттер түзүлүп, атайын статистикалык отряддар бөлүнүп берилген (чыгымды өндүрүү үчүн).

1916-жылы 21-октябрда «1916-жылдагы көтөрүлүштүн чыгымдарын тактоо жана аларды калыбына келтирүү боюнча облустук комитет» өз ишин жүргүзө баштаган. Бул аталган комитеттин эсеби боюнча жергиликтүү калкка бир эле контрибуциянын көлөмүнө ылайык 30 миллион рублдан ашык салык жүктөлгөн. Ошентип, ар бир айыл эң чоң көлөмдөгү чыгымдарды төлөөгө аргасыз болушкан. 1916-жылы 16-октябрда Верныйда Куропаткиндин төрагалыгынын негизинде өткөн кезектеги жыйынында 1916-жылдары көтөлүштө катышкан кыргыздарды көчүрүү жөнүндөгү 1916-жылдагы 16 (29)-октябрь, №59 токтомунда:

1.Пишпек, Пржевальск, Жаркент уездеринен жергиликтүү калктан 25 10361 теше жер П.П. Румянцевдин статистикалык эсептөөлөрүнүн жана текшерүүсүнүн негизинде тартып алуу жана Ысык-Көл, Текес дарыясы, Каркыра жайлоосунан, Чу дарыясынын аймагынан кыргыз жана казактарды өз жеринен айдап салуу каралган.

2. Кыргыздардан бошотулган жерлерге Ысык-Көлдүн түндүк жана түштүк жээктерине ар бир станица 60 короо жайдан турган, беш орус-казак станицасын түзүү каралган. Анда кайсы жерлерге түзүү керек экендиги көрсөтүлгөн. Аларга: 1. Өрүктү. 2. Корумду. 3. Дунгандардын мурунку отурагы – Маринский айылы. 4. Мурунку орус дыйкандардын отурагы –Гоголевка. 5. Улахол кирген. Ал эми калган жер иштетүүгө ыңгайлуу жерлерге орус дыйкандарын олтурукташтыруу керек экендиги белгиленет. Ал эми, жер иштетүүгө ыңгайы жок жерлер орус падышачылык өкмөтүнө өткөрүлүп берилсин!

3. Пржевальск уездинин, Пишпек уездинин калкынын бир бөлүгүн Нарынга көчүрүү каралган. П.П. Румянцевдин статистикалык эсептөөлөрүнө жана текшерүүсүнө ылайык, Нарында жер айдоого ылайыктуу 57 126 теше, чөп чабыкка ылайыктуу 46 288 теше, кыштоого – 1 836 309 теше, жайкы жайытка ыңгайлуу 2 815 400 теше жер, жалпы - 4 755 122 теше жер болот – деп жазылган (1916-жылдагы 16(29)-октябрь №59 протоколу. КРУИА. Кол жазмалар фонду. 256.инв. 159)

Пржевальск, Пишпек уезддинин калкын Нарын уездине көчүрүп, ал эми сарыбагыш жана Атаке болушундагы кыргыздарды алыскы аймактардагы волостторго же айылдарга чачыратып же Балхашка көчүрүү боюнча токтомун кабыл алышкан. Бул аталган токтомдун мааниси: биринчиден, көтөрүлүшкө чыккан элди жана качкындарды туулуп-өскөн мекенинен Кытайга сүрүп чыгаруу; экинчиден, күч менен 200 миң кыргызды жана казакты алыскы аймактарга көчүрүү болгон. 1916-жылы 8-ноябрда Куропаткин Казалинск шаарына барып (1874-жылдары Урал облусунун Казалинск шаарына көчүрүлүп келген), 7 миң урал-казактарын Ысык-Көлгө көчүрүү маселесин көтөргөн. Орус-казактарына жергиликтүү калктын жерин тартып алууну үгүттөгөн. Кыргыздар Мамлекеттик Думанын депутаты С.П. Мансыревге кат менен кайрылышкан (С.П.Мансырев Туркестанда көп жылдары салык инспектору болуп иштегендиктен, жергиликтүү калктын маселесин жакшы билгендиги үчүн кайрылышы мүмкүн). Кыргыздардын арызын эске алып, Думадагы депуттар Куропаткинге шашылыш чечим чыгарбоону өтүнүшкөн (ошол эле жерде).

Мамлекеттик Думанын депутаттары Д.С. Шубаевди бийликтин мыйзамсыз иштери о.э. министр бийлигин аша чаап колдонуп жаткандыгы жана шашылыш чечим чыгарылгандыгы менен айыпташкан. Бирок, Д.С. Шубаев депутаттардын айыптоосун четке кагып: «Эгер өзүм туура деп эсептесем, кызматымдан жана бийлигимди аша чаап колдоно берем» – деп билдирген. Мына бийлик өкүлдөрүнүн жообу ушундай болгон. Кыргыздарды массалык көчүрүү кыска убакытта, б.а. 1917-жылдын мартына чейин ишке ашырылмак. 1916-жылы декабрда Айыл чарба министрлиги Куропаткиндин планына түзөтүүлөрдү киргизген. Анда: «Соң-Көл, Жумгал жана Көкөмерен аймактарына суу сактагыч куруу шылтоосу менен жергиликтүү элди, аталган аймактардан тазалоо каралган (РВИА.ф. 7198. №87.д.42.ч.3).

Ал эми кыргыздардан тартып алынган мүлктөр аукциондо сатылып, андан түшкөн акча каражаттары аскер согуштук губернаторунун депозитине которулган. «Көтөрүлүш чыккан жерлерден кыргыздардын жерин тартып алгыла», – деп тастыктаган генерал губернатор Куропаткин (Циркуляр Семиреченского генерал-губернатора Фольбаума всем уездным начальникам. 3 (16) сентября 1916г. КРУИА. Инв 258,17) Верныйдан Пишпекке чейин, Пишпектен Ысык-Көл аймагындагы айылдар толугу менен кыйроого дуушар болду. 1916-жылдагы Фольбаумдун билдирүүсү боюнча: «Пржевальскийдин чет жакасында Кытайга качкан элден тартып аланган, 300 миңден ашык мал-жандыгы топтолду. Ал эми, Кочкордо 100 миң мал-жандык тартылып алынды. Токмокто мына ушундай эле көрүнүш. Кийинки иш-чаралар Жумгал, Кочкордун чыгыш тарабы Алабелде уланмакчы» (C. Брайнин, Ш. Шапиро,1936,105) – деп жазылган. Кыргыздарды жазалоочу «экспедициялык отряддар» Кытайдын территориясына чейин кууп барышып, аларды талап-тоноого алышкан. Эң мыкаачылык менен айырмаланган Үчтурпандагы старшина Бычковдун казак отряды болгон (C. Брайнин, Ш. Шапиро,1936, 108). Кытайга качып кеткен кыргыздар 1917-жылы жаз айларынан баштап мекенине кайта баштаган. Бирок, 1920-жылдардан тартып кыргыздардын кайтып келүүсү ар кандай саясий жагдайларга карата жайлай баштаган. Ал эми, 1921-1922-жылдары жер реформасынын негизинде кыргыздардын мекенине кайтып келүүсү массалык түрдө уланган. Мүмкүнчүлүгү жетиштүү болгон кыргыздар гана мекенине кайтып келишкен.

Качкын кыргыздар тууралуу кеп оролу болгон кезде «эмне үчүн кыргыз жергесинде совет бийлиги орноп, тынчтык өкүм сүргөн кезде алар өз мекенине кайтып келген эмес» деген собол туулбай койбойт. Кытай чек араларынын тоскоолдугу, советтик бийликке каршы басмачылык кыймылдын өкүм сүрүшү Кытайдагы качкын кыргыздардын толук кайтып келүүсүнө тоскоолдуктарды жараткан. Анан калса, падышачыл аскерлердин мыкаачылыгы, жолдогу, белдеги кыйынчылыктардан көңүлдөрү калган кыргыздар чындап эле мекенине келүүгө умтулушкан эмес. Ошентип, кыргыздардын бир ууч бөлүгү Кытай жергесинде түбөлүк байырлап кала беришкен.

«Орто Үркүн» же кыргыздардын Кытайга экинчи эммиграциясы

Кыргыздардын Кытайга экинчи эмиграциясынын толкуну 1920-1930-жылдарга туура келген. Ферганадагы Көршермат, Парпи, Аман Балбан, Өзгөндөгү Калкожо, Анжияндагы Ахунжандын жигиттери советтик Кызыл Армия тарабынан талкалангандан кийин «басмачылык кыймылдын» активдүү катышуучулары Жаныбек казы, Рахманкул Кытайга өтүп кетишкен (Кунин А.И, 1981,90).

Ат-Башы советтик чек арага жакын болгондуктан Шиңжаң совет бийлигине каршы контрреволюциялык күчтөрдүн борборуна айланып, Кулжа шаарында атаман Анненковдун ишенимдүү адамы полковник Сидоров жетекчилик кылып турган. Тышкы контрреволюциячыл күчтөр талкаланган соң анын калдыктары чет жактагы райондорго барышып, ал жактарда акыркы аракеттерди жасап көрүшкөн. Ошондой козголоңдордун бири 1920-жылы ноябрда Ат-Башыда башталган. Анын башында мурдагы офицер Д. Кирьянов, соодагер К. Бондарев (кыргыздар муну Мөндүрүп дешкен) турган (Кадыров Ы. 2015, октябрь). Алар жергиликтүү бай-манаптардын жардамына таянып, Нарын шаарында контрреволюциячыл төңкөрүш жасаган жана андагы 23-полктун командалык курамын туткундаган. Шаардагы Совет бийлигинин жетекчилери өлтүрүлүп, 47 партиялык, советтик кызматкер камакка алынган. Падышачылык бийлик орнотулган. Козголочулар Жети-Суудагы бийликти колго алыш үчүн Токмокко жана Пишпекке аттанышкан. Кызыл аскерлердин отряддары аларды Кочкордон тоскон. 16-ноябрдагы катуу салгылашууда төңкөрүшчүлөр талкаланып, башчысы Д. Кирьянов колго түшкөн. Нарында Кызыл Армияынын куугунтугунан кийин 135 адамы ири суммадагы акча менен Ат-Башы аркылуу Үчтурпанга качышкан (Узбеков С.У. 57.). Бул эммиграциялык толкунду Какшаал жергесиндеги кыргыздар «Мөндүрүп мунтунда келгендер» деп аташат. Ошондуктан, Жети-Суудагы согуштук-революциялык кеңеш Пржевальск, Нарын, Фергана областынын Текес дарыясынын Көкарт, Кучу-Бел ашуулары аркылуу кытай менен чектешкен аймактарды көзөмөлгө алып, чек араны бузгандарга катуу жаза колдонулган.

Ошентип, Жетисуудагы 1916-1921-жылдардагы калктын санынын өсүшүнүн динамикасынан 1916-жылдагы көтөрүлүш жана 1918-1920-жылдардагы жарандык согуштун кесепетинен оор жоготууларга учураган.

1916-жыл менен 1917-жылдагы кыргыз жана казак элинин үй-бүлөлөрүнүн санынын салыштырмалуук көрсөткүчү (Д.С. Асфендияров, 1936, 104)

Көтөрүлүшкө чейин 1915-жылы, маселен, Пишпек уездинин 25 волостунда 21 831 адам катталса, көтөрүлүштөн кийин 1917-жылы 12 518 адам калган, уезд боюнча 9 313 адамга азайган. Ал эми Пржевальский уездиндеги 32 болуштуктун 34 509 кишиден 1917-жылы 8 849 гана адам калган. 25 660 адамга кыскарган. Жалпы Жети-Сууда кыргыз-казактардын саны 84 854 адамдан көтөрүлүштөн кийин 31 789 адам калган. Жазалоочу отряддардын огунан, жолдогу азап-тозоктордон 51 065 адамга азайган.

1916-жылкы көтөрүлүштөн айрыкча Пржевальск уезди жана Жаркент, Пишпек уезддери өзгөчө жабыр тарткан. Ал эми жалпы калктын саны (Marco Buttino,1990,69) уезддер боюнча 1912-жылы Пржевальск уездинде 192 000, ал эми 1915-жылы 205 000 болсо 1921-жылы 201000 гана болуп калган. Жети-Суу аймагында 1912-жылы 724 000 калк жашаганын архивдик маалыматтар ырайстайт.

«Кичи Үркүн» жана кыргыздардын Кытайга үчүнчү эммиграциясы

1930 -1932-жылдардагы коллективдештирүү жана айыл-кыштактарда тап душмандарын жоюуда, колхоздоштурууда активисттер аша чаап кетишкен жана көптөгөн орто чарба дыйкандарды кулакка тартышкан. БКП(б) БКнын 1930-жылы 30-январдагы токтомунда ар бир райондо дыйкан чарбаларынын 3%- 5% чейинкиси кулакка тартылыш керек экендиги белгиленген. Албетте, планды толтуруш үчүн бул процесс адилетсиз жүргүзүлгөн (Коллективизация: как это было// Правда, 1988. 16-сентябрь).

Совет өкмөтүнүн колхоздоштуруу саясатына каршы чыккан, Акчубак көтөрүлүшүнө 1931-жылы негизинен Ат-Башыдагы черик, акчубак тукумундагылар катышкан. Ошол мезгилде айрым чек арачылардын элге жасаган шовинисттик мамилелерине, совет бийлигинин кулакка тартуу, мал-мүлктү ортолоштуруу саясатына нааразы болушкан жергиликтүүлөр Акбейит сакчылар пунктунун (застава) начальнигин өлтүрүшкөн (эстелиги азыр да Ат-Башы айылында), Чеч-Дөбөдөгү сакчылар пунктуна кол салууга аракеттенишкен (союл, камчы, кетмен, күрөк, шылкетме менен куралданышкан). Чек арачылар замбирек менен тоону карай бир-эки жолу атканда эле алар кайра качышкан. Чек арачылар артынан түшүп, көтөрүлүшчүлөрдү аёосуз кырган, Ат-Башы районунан 200 адам Кытайга кире качып кутулушкан жана алар 40 адамдан турган басмачылык кыймылды уюштурушкан (Пылев А.И., 2006,206). Ошентип, 1931-жылы кулактарды тап катары жоюу саясатынын алкагында аларды Кыргызстандан Украинага көчүрүү кампаниясына даярдыктар учурунда да бай-манаптарга карата жүргүзүлгөн репрессиялар чек арада жайгашкан Нарын жана Ат-Башы райондорунда калктын нааразычылыгын жаратып, эммиграциялык кыймылдарга жол ачкан (З.Алтымышова, 2015, 3).

Бул сыяктуу тагдырга Казыбек Мамбетемин (Күчүк) уулу да туш болгон. 1931-жылы Казыбек Абдылда, Кулчундар менен чек араны бузуп, Кытай тарапка өтүп 1931-1934-жж. чейин ал жерлерде жашап, кадыр-баркка ээ болуп, жаш өспүрүмдөргө сабак бергендиги жөнүндө маалыматтар кездешет (Казыбек. Ырлар, 2007,21). Кытайлык кыргыздардын арасында Ак-Чий ооданын Кара-Чий, Кара-Булак, Кулансарык айылы жана Артыш шаарына караштуу Тегирменти айылында, Иле-Казак автономиялык облусунан Текес ооданына караштуу Көк-Терек кыргыз улуттук айылында, Моңгул-Күрө ооданын Шаты кыргыз улуттук айылында, Кулжа шаарына караштуу Нылкыда оозеки сурамжылоолор, кыргыздар XX кылымда 1916-1934-жылдары Кытайга үч эммиграциялык толкун болуп өткөндүгүн тастыктайт. Кытайдагы маданий революция мезгилинде, Кыргызстандан барып байырлап жашап калган кыргыздарды «чет элге байланышкан» - деп мамлекет тарабынан ар дайым көзөмөлдө болуп турушкан. Кыргызстанга барууга мүмкүнчүлүктөрү болгон эмес. Ал эми, бүгүнкү күндө эммиграцияланган кыргыздар Кыргызстандагы туугандары менен байланышы кеңири жолго коюлган.

Кытайдагы кыргыздардын 1916-жылдагы жана кийинки эмиграциянын негизинде олтурукташкан кыргыз улуттук айылдары

Кыргыздардын Боз-Дөңгө чогулушу

Сыдыкбек Кыргызстандан, 1935-жылдарда Кытайга келип, Аксуу сакчы мекемесинде башчы болуп иштеген. Сыдыкбек Чекир ажы Аксуу аймактык чек арада башчы болуп жүргөндө, Аксуунун ошол кездеги доотайы Саалы деген менен сүйлөшүү жүргүзүп, тентип жүргөн кыргыздарды Боз-Дөңгө жыйнап, кыргыздардын жашап турган жерлерди тактаган. Ал эл аралап жүрүп, Аксуунун Жам, Кызым, Байдын Жакарык, Карабак деген жерлеринде тентип жүргөн кыргыздарды байкап, Аксуунун ошол кездеги Волинсы доотайына, кыргыздарга мал-чарба багууга, отурукташууга ылайыктуу жер көрсөтүп берүүнү суранат. Жергиликтүү өкмөттөрдүн жардамы менен азыркы Аксуу ооданынын Боз-Дөңдү ылайык көрүп, андагы жергиликтүү тургундарды көчүрүп, жерди бошоткон соң, Бай, Аксуунун жерлеринде уйгурдун байларына койчу, күң болуп жүргөн кыргыздарды Боз-Дөңгө жыйнаган (Нурдин Жусуп, 2010,9). 1916-жылдан 1934-жылдардын аралыгында Кыргызстандан келгендер, Аксуунун Жаш, Кызыл, Жакарык деген жерлерге отурукташкан.

Үчтурпан ооданынын Жаман-Суу кыргыз улуттук айылы

Аксуу аймагынан Үчтурпан ооданына караштуу Жаман-Суу айылы байыркы Жибек жолунун түйүнүнө жайгашкан. Маданий революция мезгилинде Жаман-Суунун кыргыздары четке байланган, деген жалаа менен бир далайы ар кайсы жерге бытырап чачырап кетишкен. 1987-жылы Жаман-Суу кыргыз улуттук айыл болуп курулган (Нурдин Жусуп, 2010,12).

Иле-Казак облусундагы кыргыздар

Бүгүнкү күндө Иле-Казак автономиялык областындагы жашаган кыргыздардын саны 17 миң адамга жетет. Алар негизинен Текес ооданынын Кѳк-Терек кыргыз айылында, Моңгул-Күрѳ ооданында Кѳк-Терек кыргыз айылы жана Нылкыда аймакташып жашайт. (Мамбетасан Токтаалы,2013,131).

Жыйынтыктап айтканда, 1916-1934-жылдары эммиграцияланган кыргыздардын тобу Кытайдын кайсы аймактарына жайгаша алышты. Кытай Эл Республикасындагы кыргыздардын жалпы саны 195 миңге жеткен. Алардын 77,4% СУАРдын Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусунда жашайт. Шинжаңдагы кыргыздардын көпчүлүгү Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусунда жайгашкан. Алар кыргыздардын 77,4% түзүп, байыркы мезгилдерден тартып, бул аймактарда жашап келишкендиги тарыхта белгилүү. Арийне, эммиграцияланган кыргыздардын биринчи толкуну б.а. 1916-жылдагы көтөрүлүштөгү кыргыздар Көк-Терек кыргыз улуттук айылында (Иле-Казак автономиялуу облусунун Текес ооданында жайгашып, кыргыздардын саны 7514 киши, бир оодан даражалуу кыргыз орто мектебинде кыргыз балдары билим алышат), Шаты кыргыз улуттук айылында (Иле-Казак автономиялуу облусунун Монгул-Күрө ооданында жайгашкан. Кыргыз, ханзу (кытай), уйгур, казак, монгул, хуйзу (дунган), өзбек жана татар сыяктуу сегиз улут жашайт, Кыргыздардын саны 1732 жеткен), Боз-Дөң кыргыз улуттук айылында (Аксуу аймагынын Он-Суу ооданына карап, 1985-жылы кыргыз улуттук айылы болуп түзүлгөн. Кыргыздардын саны 1876 кишиге жеткен), Жаман-Суу кыргыз улуттук айылында (Аксуу аймагынын Үч-Турпан ооданында жайгашып, 1985-жылы кыргыз улуттук айылы болуп түзүлгөн. Кыргыздардын саны 1373 адамды түзөт), Кең-Кыр кыргыз улуттук айылында (Хотан аймагынын Гума ооданында жайгашкан. Кыргыздардын саны: 579 киши) (Кызыл-Суунун 50 жылдыгы 1954-2004 (Статистикалык жыйнак) 2004, 465) Кулжа шаарында, Нылкыда, Бай ооданында, Аксуу шаарында, Кучар ооданында, Хотен аймактарына чейин отурукташып калышкан. Ал эми, эммиграциянын экинчи жана үчүнчү толкуну чек арага жакын айылдарда б.а. Ак-Чий, Улуу-Чат оодандарынын айылдарында чачкын жайгашкан жана көпчүлүк бөлүгү жогоруда аталган кыргыз улуттук айылдарына барып кошулушкан.

Гγлзада Абдалиева, тарых илимдеринин кандидаты, доцент, gulzadaabdalieva@gmail.com

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG