Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:47

Мен өзгөчө урматтаган бир адам бар эле. Токсон алты жашында кайтыш болуп кетти. Ал убагында комсомолдук кызматкер, партиянын райондук комитетинин биринчи катчысы, райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеп, Ата Мекенге ак кызмат өтөп, ардактуу эс алууга чыккан.

Ардактуу эс алууга чыкканда да карап жатпай Чүй районундагы “Бурана” мемориалдык музейине директор болуп иштеп, тарыхый эстелик тууралуу эки китеп чыгарган. Булардан тышкары “Кыргыздын кыскача санжырасы” деген үч томдон турган китеп жазган. Кыргыз тарыхында аты унутулуп калган улуу инсандарды изилдеп, алар жасаган асыл иштерин иликтеген нарктуу адам. Карыя ар бир айткан сөзүн, окуяны так, далилдүү айтууга умтулат. Калп, карөзгөй сүйлөгөндү жек көрөт. Эсенкул Төрөканов Чүй районундагы Калыгул чечен айылында жашаган.

Эсекеңдин жаш курагы 90дон ашса да, али тың, сөзү ширин. Кез-кезде атайын жолугуп калганда өткөн адамдар менен тарыхый окуялар, эл башкарган жакшылар, кылымдарды камтыган санжыралар жөнүндө угуудан тажабайм. Бул ирет кызык сөздөрдүн акырында карыя кыргыз тарыхындагы улуу трагедия - Үркүн тууралуу үрөй учурган кайгылуу окуяны айтып берди.

"Мен Үркүндөн бир жыл мурда, башкача айтканда, 1915-жылы төрөлгөм. Бирок Үркүндү өз көзү менен көргөн адамдар менен аңгемелешкен учурларым бар. Мындан бир кылым мурдагы турмуш, ошол кездеги коомдук түзүлүш тууралуу аны көргөн адамдардын айткандары кызыгуу туудурбай койбойт. Менден 13 жаш улуу Ниязалы уулу Сейталынын өз көзү менен көргөндөрү, тарткан азаптары өзүнчө эле бир тарых. Сейталынын сөзүн эстесем өзү сүйлөп тургандай кулагымда жаңырат.

Сейталы менден кыйла улуу болгону менен экөөбүз сырдаш элек, көп сүйлөшүп, аңгемелешип калчубуз. Ал күндөрдү эскергенде Сейталы көзүнө жаш албай койо алчу эмес. Атасы, энеси, туугандары, ини-карындаштары бир күндө атылып жатса оңойбу? Кайгылуу окуяны Сейталы өзү минтип эскерген:

"Илгери Николай заманында шайлоо деген болчу эле, ал кезде район, облус деген жок. Чүй боорунун Кең-Булуңунан Чоң-Кеминге чейин бир эле болуш эл экен. Ал мезгил болжолдоп айтканда, 1907-1910-жылдар болсо керек. Мен анда сегиз-тогуздагы баламын. Ошол бир болуштун эли азыр эки район Чүй жана Кемин райондору болуп жатат.

Ал кезде бул аймак “Кызыл-Суу болушу” аталып, Сооронбай деген киши болуштук кылган. Сооронбай Атаке бийдин тукумунан. Атаке бийдин небереси болгон. Ал башкарган эл Сатыбалды, Атаке, Сокур деген адамдардын тукуму экен. Анын уулу Верныйдан (азыркы Алматыдан) орусча окуган Дүр деген жигит болгон. Кийин Сооронбай картайып алдан-күчтөн тайганда болуштун бийлик тизгинин Дүргө берген. Ошентип Дүр болуш болуп калат.

Жылдар өтөт... 1910-жылдары Сатыбалды тукумунун балдары Атакенин тукумуна атаандашып, болуш Атакенин эле тукумунан боло береби, деп эл арасында нааразылык күчөп элдин атынан сүйлөгөн билермандар Алматы губернаторуна (ал кезде бул жер Алматы губернаторлугуна карачу экен) арызданып барышат. Губернатор булардын талабын туура деп табат. Натыйжада акыры бөлүнүшүп, башы Кызыл-Суу, аягы Кең-Булуң, Кегети бир болуш эл болот. Жалпы жонунан “Шамшы” болушу болуп аталат.

Болуштукка шайлоо өткөрүлөт. Шайлоодо Сатыбалды тукумунан чыккан, Алматыдан орусча окуган Мамбеталы деген кадырман жигиттин иниси-Муса агасынын кадыры менен болуш болот. Муса Жоламан тукумунан эле. Ошентип Муса болуштукка үч жолу шайланат. Ошондо Кубат тукумунун балдары улам эле Жоламан тукуму боло береби, калыстык болуш керек го, - деп Алматы губернаторуна арызданып барышат. Алматы губернатору бул талапка макул болот. 1914-жылы болуштукка шайлоо болуп, талапкерлер көрсөтүлөт. Шамшы, Бурана жерин жердеген эл Ниязалынын уулу Молдогазыны болуштукка көрсөтүшөт. Шайлоодо эл таш таштаганда (ал кезде азыркыдай эмес, таш таштачу экен) Муса менен Молдогазынын ташы тең чыгат. Шайлоо үч күндөн кийин кайра жүргүзүлөт. Экинчи жолку шайлоодо Молдогазынын ташы көп болуп, болуштукка шайланат.

Экинчи жолку шайлоодо Төлөбайдын уулу Ыбырайым ажынын аракети абдан чоң болуптур. Ыбырайым Муратаалынын уулу Мусага аталаш тууган. Экөө тең жөө басар тукумунан. Бирок, ошого карабастан Ыбырайым шайлоонун экинчи жүрүшүндө элүүдөн ашык өз туугандарын Молдогазыга таш салдырган. Натыйжада Молдогазыны жактагандар жеңип чыккан.

Ошо кезде Чыгыш Европада согуш күчөп, анын толкуну менен Орто Азияда, анын ичинде кыргыз элинде да толкундоолор болуп турган. Кыргыздар балдарын аскерге бербейбиз деп көтөрүлүш чыгарган. Мындай толкундоолорду токтотууга Молдогазы болуш катары көп аракеттерди жасаган, ага болбой кыргыздар бакан, союл камдап, орустар менен кармашка чыгышкан.

Ошондо Молдогазы: - Орустар күчтүү, курал-жарактуу эл, бардаңкелери бар. Союл, бакан менен орустарды жеңе албайсыңар, антпегиле, тынчтык менен сүйлөшөлү, жалпы тил табышалы, - десе көпчүлүк эл укпай коёт.

Орустар карапайым элге ыдык көрсөтө баштайт. Ар бир үйдү тинтип курал издейт. Эгер мылтык табылып калса, ошол үйдүн ээсин дароо атып таштаган. Момун, сабатсыз калкты мазактап, уруп-согуп, каршылык көрсөтүп каяша кылгандарын ата беришкен. Элдин үрөйү учуп, кача баштаган. Тоо-ташка бекинип, Чүй жеринин калкы Кочкорго, алды Кытайга чейин жеткен. Ошондон “Үркүн” деген ат калган. Эл сүрүлүп, кымгуут, чакчелекейге түшкөн.

Токмокко келишкен орус солдаттары эл аралап, айылдын ар бир үйүнө кирип, кимдин үйүндө беш атар, мылтык болсо, ошол үйдүн башчысын үй-бүлөсүнүн көзүнчө атып жатканын Молдогазынын аталаш иниси Кожобектин уулу Бадачы чогулгандарга айтып келген. Коңшулаш Шамшыдагы Самансур уулу мергенчи Имаштын үйүнөн мылтык табылып, ошол эле жерден орус солдаттар Имашты атып салганын, аны коңшусу Бекеш жолдон жолугуп айтканын билдирет. Карапайым дыйкандар качпаганда кантишет?

Элдин жабылып качканына карабастан, Молдолгазы болуштун ата-энеси, үй-бүлөсү, аталаш тууганы Кожобектин уулу Бадачы, жакшы жолдошу Сарыбайдын уулу Жумагул (базыс уруусунан чыккан ыстарчын) болуп булар качпай Бурананын талаасында отуруп калышат.

Үч күндөн кийин Токмоктон полковниктер Иван Александрович Сомка, Алексей Михайлович Москалар келип Молдогазы болушту кысмакка алышат: "Элиң кайда? Эмне үчүн качырып жибердиңер? Силер бизге душмандык кылып жатасынар", деген күнөө коюшат. Алардын баарын көчүрүп, эски Покровканын күн батыш жагындагы дөңгө боз үй тиктирип, болуштун ата-энесин ошол жерде калтырып, Молдогазы, Бадачы, Жумадил үчөөнү эски Покровкадагы (ал кезде “эски Токмок” деп аталчу) бир орустун эски сарайына камап коюшат.

Үч күндөн кийин баягы орустар кайра келишип: "Элиңерди таап келесиңерби? Же силердин башыңарды алалыбы", деп Молдогазыны кысмакка алышат.

Ошондо Молдогазы ойлонуп: "Элди таап, алып келем", деп убада берет.

"Андай болсо, бирөөңөр баргыла да элди алып келгиле", дешет аскер башчылар.

Молдогазы Бадачыга кайрылат:

"Сен баргын, агайын-туугандарды тап да, биздин жагдайыбызды түшүндүр. Эл кайра келсин, орустар менен элдешмек болдук, де".

Бадачы мындай дейт: "Мен сенин жаныңан чыкпайм, сен тирүү болсоң, тирүү болом, өлсөң кошо өлөм".

Андан кийин Молдогазы Жумадилге кайрылат. Ал макул болуп, камактан чыгып элге кетет. Үч төрт күн жүрүп, эч кимди таппайт. Тиги аймактын журтуна барат, бул аймактын журтуна барат. Эл жок, бир жан жок. Баары качып кетишкен, кайра келет.

Молдогазынын үй-бүлөсү окуяны талкуулашат. Молдогазынын аялы Тыйын "Башыңарды алалыбы, дегени эмнеси, алар элди атып жатса качпайбы. Эл качса биздин күнөөбүз кайсы?", дейт.

Орустар Жумадилдин жообун укканда булар кууланып жатат деп шектенишет, Молдогазыны дагы кысымга алышат. Дагы үч-төрт күн мөөнөт беришет. Жумадил кайрадан элди изилдеп кетет. Качкан элдин дайын-дареги жок. Мөөнөт бир жумадан ашат. Орустардын кыргыздарга болгон ишеними ого бетер жоголот. Молдогазы менен Бадачыны боз үйгө алып келип, беркилерге кошушат.

Бул топто Ниязалынын уулу Молдогазы болуштун өзү, Молдогазынын атасы Жайчыбектин уулу Ниязалы, Ниязалынын келини, Молдогазынын аялы Тыйын, Молдогазынын аталаш иниси, Кожобектин уулу Бадачы, Молдогазынын кыздары Алтын жана Күмүш, Ниязалынын 14 жаштагы уулу мен Сейталы, бар элем. Бирок, бул жапырт кыргында мен бир керемет болуп тирүү калгам.

Өлүмгө ыйгарылган бул адамдарды боз үйдүн жанына жаңдап (орусча бири да билбейт да) солдаттар айдап чаккан, кетенчиктегендерин мылтыктын күндагы менен койгулап, боз үйдүн тегерегине кыркалакей отургузган. Ошондо эле аскер башчыларынын, солдаттардын кылган мамилелеринен атыларын билишкен. Ботодой боздоп, кулундай чыңырган үндөр чыккан. Аскер башчылары көрүнгөндө бардыгы чуу көтөрүштү. Солдат башчылары полковниктер Иван Александрович Сомка, Алексей Михайлович Моска тапанчаларын алып чыкканда бардык Ниязалы тукуму өкүрүп жиберишти. Ошондо Молдогазы болуштун атасы Ниязалы сакалынан жашын агызып, кыргызча “жан соога, улугум” деп Иван Александрович Сомканын бутун кучактады. Солдаттардын башчысы Сомка бутун кучактаган Ниязалыны башка атты. Ниязалы тырп этпей жыгылды. Солдаттар Сомканын тапанчасынын үнүн укканда кыркалекей отурган адамдарды атып киришти. Бири-бирин кучакташып өлүп жатышты. Солдаттар мени атканда ок оозумдагы тиштерди талкалап кулагымдан чыгып кеткен экен. Калганын билбейм... Өлгөндөрдүн арасына жыгылыпмын. Мыкаачы солдаттар бардыгын атып өлтүргөндөн кийин, өлүктөрдү мылтыктын найзасы менен сайып, бир жерге үйүп кетишкен экен. Мени да ийинге колго сайып өлгөндөрдүн арасына кошот.

Бул окуя шашкеде болгон. Туш оогондо эсиме келдим, деп эскерчү Сейталы Ниязалы уулу, эсимди жыйып, эки жагымды карасам ата-энем, бир туугандарым бүт өлгөн. Мен чогулган өлүктөрдүн үстүндө жаткан экенмин, менин үстүмдө карындашымдын өлүгүн көрдүм. Кайрадан эсимди жоготтум.

Анча-мынча убакыт өткөндөн кийин эсиме келип, үстүмдө жаткан карындашымды эптеп жылдырып түшүрүп, өзүм араң кыймылдап, өлүктөрдүн үстүнөн жерге түштүм. Өзүмдү байкасам бутума туралбайм, башым айланат, оозум толтура кан. Жерге түкүрдүм. Тиштеримдин ооруганын айтпа! Алым жок, араң кыймылдайм. Жан чиркин кыйын экен, солдаттар келип калабы деп, оор жарадар экениме карабастан, сандалып, боз үйдүн ылдый жагындагы 100 -150 метрдей калың камыштын арасына кирип, көпкө жаттым. Ошондо мылтыктын найзасы менен сайып, сол колумдун муундарынын тарамышын кыркып кеткенин билдим. Ошондон кийин минтип чолок болуп калбадымбы, деп сол колун кармап койду.

Ошол теңдешсиз мыкаачылык болгондун эртеси бешимде солдаттар келип боз үйдүн жанынан жер казып, Ниязалы менен Молдогазынын тукумун көөмп кетишти. Өлүк көмгөн солдаттардын үндөрүн аралда, камыштардын арасында жатканы мага угулуп турду. Орустар өлүктөрдү көмгөндөн кийин кетип калышты. Ал жерде да, айылда да эч ким жок. Мен ошол камыштын арасында эки күн жаттым. Мен үчүнчү түнү камыштын арасынан жылып чыгып, Ак-Бешимдеги кожолор турган жерге келип, коон, дарбыз айдаган аңызга келип жашындым. Айылдын үйлөрүнө кирип, калган-каткан азыктарды жеп, үч-төрт күн жаттым. Эл деген жок. Жымжырт, баары качып кетишкен.

Бул мезгил күзгө жакын убак. Жер-жемиш жайнап бышкан убак. Дарбыз, коондун суусун эзип ичип, жүзүм соруп жан сактаган күндөр болду. Бир жумадан кийин Ак-Бешимден түн ичинде чыгып, Осмон арыктын жанындагы үйлөргө кирип, эки-үч күн эс алдым. Арадан дагы он күн өттү. Элди издеп кеткен Жумадилден дайын жок. Он үчүнчү күн дегенде мен эптеп басып, Осмон арыктан өтүп, тоо тарапка бет алып бара жатсам, түн ичинде жогору жактан беш-алты атчан адамдардын караанын көрдүм. Алар дагы Осмон арыктан жөө адамдын караанын байкашып, ылдамдап бастырышып, Сейдалы экенимди таанышат. Атчандар: Ниязаалынын иниси Жайчыбектин уулу Төрөкан, Сугатчынын уулу Дүңкана, Ниязалынын аталаш иниси Дүйшөмбүнүн уулу Курама, Ниязаалынын эки ата өткөн инилери Карабайдын уулу Бейшембай, Жумабайдын уулу Төлөмүш жана баягы камактан чыгып, эл издеп кеткен Сарыбайдын уулу Жумадилдер экен. Буларды көрүп эсим ооп жыгылыптырмын...

Мен эсимди жыйгандан кийин сурашты: "Калгандары кана?"

"Солдаттар баарын кырып таштады", деп жооп бердим мен.

Бул сөздү уккандан кийин баардыгы улуп-уңшуп ыйлашып мени тегеректешти. Мен да кандайча тирүү калганымды айтып бердим...

Мени атка араң мингизишип, Туура-Кайыңдын үстүндөгү Сары-Терек жайлоосуна алып барышты. Бул окуяны элге угузганда бүтүндөй Шамшы, Бурана эли кайгырган экен. Ал учурда элде дарыгер да жок. Оор жарадар болгон мени кыргыздын табыптарына көрсөтүп, алардын айткандарын, дары-дармектерин колдонуп айыктырышкан. Ошентип Сейталы сөзүн аяктаган.

Демек Ниязалынын тукуму эл үчүн, журт үчүн өлүмгө баш тосуп, бир болуш элдин, ал эле эмес, бүтүндөй Чүй өрөөнүнүн элин жамандыктан сактап, элдин келечеги үчүн курман болушкан. Молдогазы аксакал бир болуш эл бүтүндөй өлгөнчө, үй-бүлөм мен өлөйүн деп чечкен. Чүй боорундагы эл Кытайга тентиген эмес. Молдогазы болуш эл үчүн өлгөн патриот. Бул чыныгы эрдик, унутулган баатырдык тарыхтан өз ордун табыш керек!

Бул окуяны тарыхчылар да, журналисттер да эч качан эскерген эмес. Молдогазы болуш ата-энеси, бир туугандары, бүт үй-бүлөсү бул апааттан улам кыргынга учурап, жан беришкен. Муну өз көзү менен көрүп, окуяга катышкан Сейталы кийин аман-эсен айыгып, ал киши менен аралашканда өмүр бою айтып жүрүп өткөнүн билем, - деген эле Эсенкул карыя.

Бул тарыхый окуяны азыркы күндө көңүл буруп, белгилеген бир да айыл өкмөтү, бир да аким жок. Молдогазы болуш бүт үй-бүлөсү менен өлүмгө баш тосуп бербесе, бүтүндөй Чүй боорунун эли тентип жок болмок. 1916-жылкы, андан кийинки адамдар болмок эмес. Бул тарыхый улуу окуя. Тилекке каршы, мындай мааниси зор окуяны ушул күнгө чейин эч ким баалай элек.

Ошол трагедия Сейталынын окуясы 1916-жылы болгон. Сейталы узак жашап, үйлүү-жайлуу болуп, эки эркек, эки кыздуу болгон, 1982-жылы 80 жаш курагында өз ажалынан көз жумган. Ал адам менден 13 жаш улуу эле. Анын башынан өткөн окуяларын өмүр бою угуп, кийинки турмушун өз көзүм менен көрүп келдим. Мен азыр 90 жаштан аштым - сөзүн аяктады Эсенкул Төрөканов.

Эсенкул аксакал менен сүйлөшкөндөн бери бир нече жылдар өттү. Бүгүнкү күндө боштондук көтөрүлүшүнүн - Үркүндүн 100 жылдыгы жөнүндө сөз болгондо ошол кандуу окуяны республиканын жалпы коомчулугу белгилеп жатат.

Акыйкаттык бар экен. Кийин 1919-жылы эч күнөөсү жок кыргыздарды кырган орустарды жоопко тарткан. Алардын ичинде Молдогазы болуштун, Ниязалы карыянын тукумун кырган солдат башчылары полковниктер Иван Александрович Сомка, Алексей Михайлович Моска атууга кеткен,- деп сөзүн аяктады Эсенкул карыя.

"Азаттык": Автордун жазуу стили сакталды

Рыскулбек Бакиров

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG