Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:43

Кыргыз элинде жакшы ылакап сөз бар: «Аккан арыктан суу агат» деген. Ошол көз караштан алганда, 1916-жылкы Ысык-Көлдөгү көтөрүлүштү уюштургандардын бири, көтөрүлүштүн жүрүшүндө жол башчылык кылган Тоң элинен чыккан Сагаалы Алматаевдин ата-бабалары, кыргыз элине таанымал белгилүү адамдардан болгон. Сагалынын атасы Кеней уулу Алматай Чычкан айылында 1820-1830-жылдар аралыгында төрөлгөн. 1830-жылдардын башында 11 жаштагы Алматай жана анын иниси жети жаштагы Малы томолой жетим калат.

1855-жылы Алматайдын кичүү иниси Малы, агасы балалуу боло электе Сооронбай аттуу уулдуу болот. Алматай инисинин баласы Сооронбайды багып алат. 1860-жылы Алматай Мекеге ажылыкка барып келип, «ажы аке» деп аталып калат. Ал эми Малыны эл «бай аке» деп аташкан. 1880-жылдары колониалдык орус бийлиги Ысык-Көлдөгү кыргыз жерлерин болуштуктарга бөлгөн. Алматай менен Малы өз уруулаштары менен Тоң жергесине көчүп, андагы Туура-Суу айылына отурукташып калат. 1880-жылдары Сооронбай айтылуу Тилекмат акенин улуу небереси Ачакейдин улуу кызына үйлөнөт. Эл арасында чоң кадыр-баркы бар Алматай 1881-жылкы Тоңдогу биринчи болуштукка шайлоодо Атахан деген адамды сунуш кылат. Ал болуштук шайлоодо жеңишке жетет.

Алматайдын уулу Сооронбай бара-бара эл арасында кадыр-баркы өсүп, оозго алынып, бийлер, болуштар менен кошо уезд борбору Караколго, облус борбору Верныйга барып орус бийлиги менен байланыш түзүп турган.

Ал эми 1890-жылкы болуштук шайлоодо Сооронбай колдогон Илебай болуш шайланат. 1890 -1894-жылдар аралыгында Сооронбай бий 1916-жылкы элдик көтөрүлүштүн жол башчысы өз иниси Сагаалыны эл аралатып, орус бийлиги менен алака түзүүгө аралыштырып, эл мүдөөсүн чечүүгө үйрөтө баштайт. 1894-жылдан 1916-жылга чейинки аралыкта Сооронбай бий жана Сагаалы колониалдык бийлик менен жакшы мамиледе болот, элге пайдалуу көп иштерди аткарат. Алар падышалык колониалдык бийлик тарабынан бир нече сыйлык катары “Алтын топчуларды” (төшкө тагылган медаль) алышкан.

1898 - 99-жылдары Сооронбай, Сагаалы ж.б. белгилүү манаптар, болуштар Верныйга барып облус аскер-губернаторунан Түптө орус-тузем мектебин ачуу боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн. 1900 -1901-окуу жылында Түптөгү орус-тузем мектебинде алты-жети кыргыз бала келип окуп калышат. Ал балдардын арасында Сооронбай бийдин эки уулу: Кабыл (1886-1918), Муса (1888-1918) жана Кочкордон ала келип асырап алган жетим бала, келечектеги биринчи кыргыз Алиппесинин автору Ишенаалы Арабаев (1882-1938) болгон. 1905-жылы Сооронбай бий Туура-Сууга (Тоң району) бышкан кызыл кирпичтен мектеп салдырат. Анын тилеги, балдары Кабыл, Муса, Ишенаалы окуусун бүтсө - мектепте мугалим болуп иштешет, кыргыз балдарынын кат-сабатын жоёт деген жакшы тилек болгон.

1910-жылы Кабыл, Муса, Ишенаалы орус-тузем мектебин ийгиликтүү аяктайт. Балдарды окутууга кеткен чыгымдарды толук бойдон Сооронбай бий өзү көтөргөн.

Орус-тузем мектебинде окуп жүргөндө орус тилин мыкты өздөштүргөн Кабыл Каракол уездинде котормочу болуп иштеп калат. Муса мектептин директорунун жолдомосу менен Верныйга, Ишенаалы Арабаев Мифтаков мектебине окуусун улантууга жөнөтүлөт.

1910-жылы Сооронбайдын кичүү уулу Кемел төрөлөт, 1911-жылы Алматайдын бир тууган иниси Малы оорудан каза болот.

1914-жылы Муса Сооронбаев жана Ишенаалы Арабаев окуусун ийгиликтүү бүтүп келип, Туура-Суудагы мектепте балдарды окута баштайт.

1916-жылы жазында Сооронбай бий ошол өрөөндөгү кыргыздардан биринчи болуп орус-кыргыз мамилелерин бекемдөөнү көздөп, уулу Кабылга уезддин бир чиновнигинин кызын алып берет. Орус менен куда- сөөк болот. Ошол эле жылы Ишеналы Арабаевди өзүнүн иниси Кайбылданын кызына үйлөндүрөт. [1.Кемел кызы Гүлжандын эскерүүсү]

XX кылымдын башындагы Сагаалынын элге алынып, эл арасында кадыр-барк күткөндүгү жөнүндө жана Шабдан баатырдын ашына чакырылган сыйлуу коноктордун арасында болгондугун кыргыздын алгачкы тарыхчысы Осмонаалы Сыдыков «Тарых кыргыз Шадмания» аттуу эмгегинде:

«... Көл башында бугудан,

Келе берди ар журттан.

Жийдебай, Ажы Баатыркан,

Пиржувалга караган.

Ысакаалы (Сагаалы), Баракан

Калк бийлеген жаштардан" деп белгилеген [2 ] О. Сыдыков. Мухтасар тарих кыргызиа. Тарих кыргыз Шадмания. Бишкек, 2015. 123-б.

1916-жылы Ысык-Көл өрөөнүндөгү азаттык үчүн болгон көтөрүлүштүн бир нече жүйөлүү өбөлгөлөрү, себептери жана шылтоосу болгондуктан, колониалдык падыша бийлигине каршы эл көтөрүлүшкө аттанган. Падышалык Орусиянын Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде оор абалга дуушар болгондугун, жергиликтүү эл башкарган кыргыздар жакшы түшүнгөн жана ошондой абалдан пайдаланып көтөрүлүшкө үндөшкөн.

Орусия согушта начарлады, алсырады, Жети-Суу облусу кайтарылбай калды, орус бийлигин жоготууга ьңгайлуу учур келди жана эми кыргыз хандыгын түзсө болот деген пропагандалык иштер жүргөндүгүн архивдик материалдар далилдеп турат [ 3. РУз БМА ф.1.оп.33.иш.1100.80-б. ].

Август айынын башында Пржевальский уезд начальниги өткөзгөн кеңешмеден кийин белгилүү манаптар өздөрүнчө жашыруун сүйлөшүп, көтөрүлүш жасоого бүтүм чыгарышкан. Башкача айтканда, алар көтөрүлүштүн төмөндөгүдөй долбоорун иштеп чыгышкан: “...Ысык-Көл өрөөнүндөгү кыргыздар Ат-Башы, Нарын, Кочкор, Жумгал жана Чүй боорундагы кыргыздар менен кабарлашып, пикир алып турушмак. Көлдүн күңгөйүнөн, саяк кыргызынан Талканбай, Чүй боюндагы кыргыз менен Шабдандын балдары аркылуу кабарлашып турмак. Талканбайдын аларга берген убадасы мындай болгон: ...эгерде Чүй боорундагы кыргыздан көтөрүлүш болсо, күңгөйдүгү орус кыштактарына өрт коймок. Бул өрттү көрүп, тескей кыргызы бүт көтөрүлмөк. Эгерде көтөрүлүш тоо арасындагы элден чыккан болсо, Ысаагалы башындагы кыргыздар тескейдеги орус кыштактарына өрт коймок. Өрттү көрүп күңгөйдөгү жана Көл башындагы эл көтөрүлмөк» (4. Б.Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы.2-китеп. ,120-б.)

Тоң аймагындагы көтөрүлүшчүлөр 6-августта эле Кольцовка кыштагына кол салышкан. Аталган кыштактын келгин тургундары Пржевальск уездинин начальнигинин жардамчысы Каичевдин жетекчилиги астында коргонууга өтүшкөн.

Көтөрүлүшчүлөр 7-августта кыштактагы келгин орустарды курчоого алган. Күндүз эки тараптан тең ок атышуу башталган. Ал эми түн ичинде курчоодогу орустар качууга аракет кылышкан. Бирок кыргыздар алардын бул аракетин сезип калып, курчоону күчөтүшкөн. Бир нече келгин калк колго түшүүгө аргасыз болушкан. Онго жакын адам эптеп качып чыгып, Кекилик деп аталган жерге жашынып корголошкон. Бирок алар да колго түшүүгө аргасыз болушкан [ 5. .КР БМА ф.75.оп.1.иш.12.6-б., РУз БМА ф.461.оп.1.иш.1888.60-б. ].

Мына ушул окуяларга Сагаалы Алматаев жигердүү катышып, көтөрүлүшчүлөрдү жетектеп турган. Көтөрүлүшчүлөр Гоголевка кыштагына 11-августта эртең мененки саат беште, мал чыгарган учурда кол салган. Алар негизинен Барскоон жана Тоң болуштугунун кыргыздары болгон. Көтөрүлүшкө катышкандар мылтык жана найза менен куралданган. Жол башчылык ролду аткарып Барскоон болуштугунун болушу Кендирбай Солтоноев, Берикбай Бокбасаров, Мамбет Молдосанов жана Тоң болуштугунун болушу Сагалы Алматаев турган жана аларга баш ийген жети жигит алдыда жол баштап жүрүшкөн. Алардын катарында Барскоон болуштугунун тургундары: Асылбек, Жаманкул, Карымшак, Орузбек ж.б. болгон. Архивдик материалдардын биринде «…Орузбектин ал айылда чакан соода жайы болгон жана ал кыргыздарга ок-дары сатчу. Орустарга сатчу эмес. Кыргыздар негизинен найза, чалгы, айры, союл менен куралданышкан, мылтыктын саны абдан аз болчу. Эки ак түстөгү туу көтөрүп жүрүшкөн» деп көрсөтүлгөн. [6. КР БМА ф.75.оп1.иш.7.1,4,5,6-бб ]

Ысык-Көлдүн тескейиндеги Жети-Өгүз, Тоң аймактарындагы көтөрүлүшкө катышкан кыргыздар жерлерин тартып алган кулакка айланган келгин калкка жана жазалоочу отряддарга каршы чабуулдарын улантышкан. Кызыл-Сууга чабуул койгон көтөрүлүшчүлөр тосуп койгон тосмолордон өтө албай көп зыянга учураган. Бирок алар күчүн кайра топтоп, 15- августта Тоңду жердеген кыдык, саяк жана Жети-Өгүздөгү бапа, желдең урууларынан куралган көтөрүлүшчүлөрдүн чоң тобу, болжол менен 5000 адам Караколду алууга аттанышкан. Көтөрүлүшчүлөр Ырдык айылынын айланасына топтолуп тоңдук саяк Батыркан Ырайымбек уулун хан көтөрүшкөн. Ал жердеги жазалоочулар менен болгон кан төгүшкөн кармашта көтөрүлүшчүлөрдөн 50 адам өлүп, кыргыздар чегинүүгө аргасыз болушкан [ 7. Б .Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы.2-китеп. Бишкек.1993.121-б. ].

Ал эми 17-августта бапа, желдең урууларынан куралган 300 көтөрүлүшчү Орто-Жаргылчакта жазалоочу отрядга каршы баатырларча салгылашкан. Жазалоочулардан 12 аскер өлүмгө дуушар болушкан, калгандары Каракол тарапка чегинген. Кыргыздар жазалоочуларды кууп жөнөгөндө алар, өлгөндөрдүн сөөгүн таштабай ала качышкан. Бул салгылашууда баатырдыкты, кайраттуулукту көрсөткөн желдең уруусунан чыккан Берикбай аттуу жигит болгон [ 8. Ошондо эле,122-б. ].

26-августта падышалык жазалоочу аскерлер Жети-Өгүз капчыгайын бошотууга буйрук алышкан. Ошол күнү таң эрте, саат 5те Угренниковдун отряды буйрукту аткарууга киришкен. Жети-Өгүз капчыгайынын оозунда кыргыздар жазалоочу отрядга катуу каршылык көрсөтүшкөн. Азаттыкты самаган ондогон кыргыздарга ок жаңылып, көз жумган. 100гө жакын боз үй өрттөнгөн [ 9.Ошондо эле, 41-б. ]. Кыргыздар Сырт тарапка аргасыздан чегинишкен.

Көтөрүлүшчүлөр менен жазалоочулардын ортосундагы кийинки чоң салгылашуу 27-августта Чычкан капчыгайында болуп өткөн. Аталган капчыгайга 4000ге жакын кыргыздар чогулуп жазалоочуларды каршы алышкан. Салгылашуу өтө курч мүнөздө өткөн, эки тарап тең жан аябай кармашкан. Бул кармашта көтөрүлүшчүлөр тараптан 300гө жакын адам өлүмгө дуушар болгон. Алардын арасында көтөрүлүштү жетектеп турган Мурзак аттуу баатыр жигит болгон. Жазалоочу отряддар тарабынан 300гө жакын боз үй өрттөлүп, 20дан ашык ат атып өлтүрүлгөн. Кыргыздар жазалоочулардын катарынан урядник Дмитриевди атып өлтүрүшкөн. [ 10. Ошондо эле, 41-б. ].

Чычкан капчыгайындагы кармаштан кийин көтөрүлүшчүлөр дагы чегинүүгө аргасыз болушкан. 28-августта жазалоочу отряддар аргасыз чегинген кыргыздарды талкалоо үчүн Дархандан кайрадан Чычкан тарапка жөнөтүлгөн. Көтөрүлүшчүлөр менен алардын ортосунда кармаш кайрадан уланган. Кыргыздар оор жоготууларга карабастан жан аябай кармашкан. Күч тең эмес эле. Бул аймактагы согушта 20 кыргыз окко учкан, 400дөй боз үй өрттөнгөн. Кыргыздардын колундагы 60 туткун бошотулган. Көтөрүлүшчүлөр бул жерден да аргасыздан артка чегинген. [ 11 . Ошондо эле, 41-б. ].

28-августта, кечки саат 10до жазалоочу аскерлер Барскоон айылы тараптан көтөрүлүшчүлөрдү жазалоого жана туткундарды бошотууга жөнөтүлгөн. Барскоон капчыгайынан алыс эмес жерде эки тарап катуу салгылашкан. Натыйжада, күчтүн тең эместигинен кыргыздар көп жоготууларга дуушар болушкан. Алардын катарынан 400 кыргыз жигит окко учуп каза тапкан. [ 12. К.Усенбаев. Восстания 1916 года в Киргизии.Ф.1967.229-б. ].

Жазалоочу отряддын колуна миңдеген кой ж.б. мал-жандыктары олжого кеткен. Барскоондогу каргашалуу салгылаштан кийин кыргыздардын колуна түшкөн 40 орус туткуну, ошол эле учурда чычырканактын арасында жашынып баш калкалап жүргөн дагы 60 адам бошотулган. (13. КР БМА ф.75.оп.1.иш.11.41-б. ].

Август айынын аягында Ысык-Көлдүн Тескей өрөөнүндөгү азаттык көтөрүлүшү күчүндө кала берген.

Көз каранды эместик үчүн көтөрүлүшкө чыккан кыргыздар, колониалдык үстөмдүккө каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүп, анын таянычы болгон жазалоочу казак-орустарга, аскер отряддарына жана кулакка айланган бай келгин орус-дыйкандарга оор соккуларды урууга үлгүрүшкөн. Бирок курал-жарак согуштук даярдык жагынан жазалоочу аскерлер артыкчылык кылышкан. Ошондуктан бара-бара кагылышуулар баскынчылардын, жазалоочу аскерлердин пайдасына оой баштаган.

Кийинки салгылашуу Жети-Өгүздүн Покровка кыштагынынын чет жакасында, Бычковдун жана Угренниковдун отряддарына каршы болгон. 9-сентябрда, саат 12де башталган салгылашуу кечки саат 8ге чейин уланган. 300гө жакын мылтык менен куралданган көтөрүлүшчүлөр жана миндеген куралсыз адамдар, Кыргоо суусунун жээгинде жазалоочу отряддардын чабуулун баатырдык менен токтотушкан. Кыргыздар жазалоочулардын чабуулун эле токтотпостон, аларды Ысык-Көлдүн жээгине чегинүүгө аргасыз кылышкан.

10-сентябрда, түнкү саат 2де кыргыздар жазалоочуларга кол салышкан. Бирок аларга катуу каршылык көрсөтүлгөндүктөн кайра артка чегинип кетишкен. 11-сентябрда да эки тараптын ортосундагы салгылашуу уланган.

12- сентябрда Кичи-Жаргылчак суусунун жээгиндеги бөксө тоолордо, кыргыздар менен жазалоочу отряддардын ортосундагы салгылашуу болуп өткөн. Эртең мененки саат 10до башталган жазалоочулардын чабуулун, кыргыздар кечки саат 5ке чейин токтотушкан. Бирок бул салгылашууда кыргыздардан көп жоготуу болгон. Архивдик материалдарга таянсак, 200гө жакын мыкты кыргыз жигиттери азаттык үчүн курман болушкан [ 14. КР БМА ф.75.оп.1.иш.11.42-б. ].

Кийинки дагы бир чоң салгылашуу Чоң-Жаргылчак капчыгайында болуп өткөн. Бул жерге Кичи-Жаргылчактан аргасыз чегинген кыргыздар топтолушкан эле. Салгылашуу 13-сентябрда болуп, жазалоочулар көтөрүлүшчүлөрдү Сыртты көздөй чегинүүгө мажбурлашкан. Жазалоочулардын колуна 1000ге жакын мал олжого кеткен, 10 орус туткуну бошотулган [15. Ошондо эле, 42-б. ].

Крайда чыгуучу «Туркестанские ведомости» газетасы 1916-жылдагы, № 217 санында: «...Тоң өрөөнүндө, Улахолго жакын жерде көтөрүлүшчүлөр менен старшина Бычковдун отрядынын ортосунда чоң салгылашуу болгон. Кармашта көтөрүлүшчүлөр 1000ге жакын мыкты жигиттеринен айрылышкан. Жазалоочулар 50ге жакын орус туткундарын бошотушкан, алардын арасында доктор Рязанскинин кызы Флора бар»,- деген маалымат жарыялаган[ 16. РУз БМА ф.461. оп.1.иш.1887. 46-б., Туркестанские ведомости. 1916.8-октябрь, №217. ].

Тоңдун Улахолуна Кочкор тараптан чегинүүнүн натыйжасында көтөрүлүшчүлөрдүн бир бөлүгү ооп келишкен. Ошол себептүү колониалдык бийлик бул өрөөнгө кошумча аскер күчтөрүн жөнөткөн. [ 17. Туркестанский голос. 1916. 5-октябрь. №73. ]. Ошентип, бул өрөөндө да өтө оор каргашалуу окуялар орун ала баштаган.

Тоңдогу Алабаш аймагында буга чейин эле старшина Бычковдун жазалоочу отряды, кыргыздарга көп азап-тозок, жоготууларды алып келген, аёосуз жазалоо операцияларын ишке ашырган. Аталган отряд кийинчерээк Пржевальск аймагында жана Каркырада көтөрүлүшчүлөргө каршы жазалоо иштерин жүргүзүп жаткан подполковник Гейцигдин отряды менен байланыш түзгөн, алардан жардам алган. Жазалоо операцияларын улантышкан. Мына ошондой шартта Ысык-Көлдүн тескей аймагындагы көтөрүлүшчүлөр аргасыздан оор жоготууларга учурап, Сырт аймагына чегинишкен. Бара-бара көтөрүлүшчүлөрдүн ортосундагы байланыштар дагы үзгүлтүккө учураган.

2-октябрда Улахолго жакын жайгашкан Алабаш өрөөнүндөгү көтөрүлүшчүлөр, полковник Слинко башкарган жазалоочу отряддар тарабынан оор жоготууларга дуушар болуп, бул аймактагы ашууларга карай бет алып Кытай тарапка жер которо баштаган.

Кытай тарапка жер которуу 1916-жылкы көтөрүлүш баштала электе эле, белгилүү кыргыз манаптары, бийлери, болуштары тарабынан иштелип чыккан долбоордо аныкталган болчу. [ 18. РУз БМА ф.461.оп.1.иш.1887.165-б ., Б.Солтоноев. Аталган эмгек,... ].

Аталган өрөөндө көтөрүлүшчүлөр менен жазалоочу орус аскерлеринин ортосундагы кандуу салгылашууларда жүздөгөн кыргыздын мыкты жигиттери баатырдык көрсөтүп, курман болушкан жана дагы жүздөгөн көтөрүлүшчүлөр жазалоочулардын колуна туткунга түшүүгө аргасыз болгон. Колго түшкөн туткундарды уезддин борбору Пржевальскиге жөнөтүшкөн, бирок ал туткундарды коштоп айдап жөнөгөн жазалоочулар туткундарды качууга аракет жасады, деген шылтоо менен соттун чечими жок эле, тоо арасында кекиликти терип аткандай эле атып салышкан. Бул аймактагы (Тоңдун Кара-Коосундагы) туткундар шейит кеткен жер Кырк шейит деген ат менен бүгүн кыргыз элине белгилүү. Ал жерде шейит кеткен көтөрүлүшчүлөрдүн көрүстөнү жайгашкан. Мындай каргашалуу окуялар Ысык-Көлдүн тескейиндеги көп жерлерде орун алган.

«Туркестанские ведомости» гезити 1916-жылы чыккан №253 санында: «…Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде подполковник Гейцигдин аскерлери тарабынан көтөрүлүшкө катышкан 300 кыргыз колго түштү. Алардан 80 ат, 100 ири мүйүздүү мал жана 800 кой олжолонду. Старшина Бычковдун чалгынчылары тарабынан Пржевальскинин чыгыш тарабындагы жакынкы Сыртта 360 түтүн кыргыз бар экендиги билинген. Алар аргасыздан баш ийип беришти. Көтөрүлүшчүлөрдөн эки орус баласы, 100 мылтык, 639 ат, 495 ири мүйүздүү мал, 9 миңге жакын кой жана 108 төө тартылып алынды. Ар кайсы болуштуктардан көтөрүлүшкө катышкан кыргыздардын топтору, Эңилчек жана Кайыңды капчыгайында топтолушкан. Алар менен чогуу орус туткундары болгондуктан, старшина Бычковго туткундарды бошотууга буйрук берилген» - деген материалдарды жарыялаган [ 19. Туркестанские ведомости.1916. 23-ноябрь. №253. ].

1916-жылдын октябрь айынын башында, Ысык-Көл өрөөнүндөгү элдик- боштондук көтөрүлүшү өзүнүн күчүнөн тайып, жазалоочу аскерлер, казак-орустар тарабынан өрөөндөгү көтөрүлүштүн негизги очоктору жоюлган. Көтөрүлүшчүлөр жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, өз ата конушун аргасыздан таштап, жазалоочу аскерлерден, казак-орустардан жанын ала качып, мал-мүлкүнөн ажырап, Кытай тарапка чегинүүгө мажбур болушкан.

Көтөрүлүш өз күчүнөн тайгандыктан, тескейдеги тоңдук кыргыздар менен бирге, бул өрөөнгө Чүйдөн аргасыз чегинип келишкен Атаке, Сарбагыш эли да Сырт аркылуу Кытай тарапка чегинишкен.

Чегинип Кара-Сазга жеткенде Тоң элинен чыккан, көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири Сагаалы (Ысагаалы) Алматаев көтөрүлүшчүлөрдү кайра уюштуруп, жазалоочу отряддарга каршы чыгууга аракет жасаган. Бирок анын аракетинен натыйжа чыкпай, кыргыздар Бедел ашуусун көздөй багыт алышкан.

Жалпы саны 70 миңге жакын адам болгон. Алар негизинен Ысык-Көлдүн тескейиндеги, борбордук Теңир-Тоодогу, Кемин өрөөнүндөгү кыргыздар болуп саналат. Көтөрүлүшчүлөрдүн көздөгөн максаты Турпанга жана Ак-Сууга өтүп, жазалоочу аскерлерден кутулуп, жанын аман алып калуу эле. Падышалык колониалдык бийликтин жазалоочу аскерлеринен качып, жан сактоо үчүн Кытай жергесине убактылуу барган кыргыз эли, 1917-жылы Орусиядагы февраль революциясынын натыйжасында падыша бийлигинин кулашын кубануу менен тосуп алышкан.

Өз Ата Журтуна, мекенине кайта баштаган кыргыздар Керенский башында турган Убактылуу өкмөттүн жасаган иштерине ичи чыкпай нааразы болушкан. Мекенине кайткан кыргыздар: “Керенский заманында болгон өкмөткө арыз кылсак, укпастан кайрадан өзүңө ачууланып урду. ...1916-жылында, көтөрүлүш кылган кыргыздарды суракка чакырып кел деп жабдыктуу мужуктарды жиберип жолдо качты, каршылык кылышты,- деп атууга тымызын уруксат берип турду. Ошолордун бири, жарактуу мужуктар Тондун Сагаалы (Ысагаалы) Алматаев баш болгон 11 кишини Тамга кыштагына айдап келип, үйгө камап терезеден аткылап өлтүрдү. Качкан үчүн аттык деп мужуктар акты кылганда өкмөт кабыл алды. Өлтүргөндөр жоопсуз кетти” деп белгилешкен. [ 20. Б. Солтоноев. Аталган эмгек,131-б., Ж.Абдрахманов. Кыргыздардын көтөрүлүшү жөнүндө .//Кыргыздар.2-китеп. 393-б. ].

Сооронбай бийдин кичи уулу Кемелдин кызы Гүлжандын эскерүүсүнө таянсак, ошол учурда Туура-Сууга үч атчан, ак кийимчен аскер адамы келип 10 кишини айдап кетет. Алар айдаган кишилерди Тосор айылына жакын бир сарайга камап атып өлтүрүшөт.

Алардын катарында: Сооронбай бий, Сагаалы (Ысакаалы) баатыр, Кабыл Сооронбаев, Муса Сооронбаев, Илебай болуш, Балтабай бий, Арстанбек бий, Чыныбек бий, Орузбай бий болгон. Черик бий (Саруу уруусунан) качып кутулган. Атылган жети адам Сооронбай бий салдырган мектептин жанына көмүлгөн. (21. Сооронбай бийдин, Сагаалы баатырдын урпактарынын бири, Сооронбай бийдин кичүү уулу Кемелдин кызы Гүлжандын эскерүүсү).

Жогорудагы баяндалган каргашалуу окуя жөнүндө дагы бир архивдик даректе "...Пржевальск уездиндеги көп дезертирлер жана отпускага келген солдаттар кыргыздардан өч алууну эңсешет. Мисалы, бир келгин дыйкан кыргызды жумушка алса, экинчи бир дыйкан ал кыргызды өлтүрөт. Дыйкандар топ-топ болуп алышып кыргыздарды жыйнашып аларды өлтүрүүдө.

Кольцовка кыштагында бир дезертир бар, Сазановка кыштагынын мурдагы тургуну, анын берген маалыматы боюнча, алардын көздөгөн максаты кыргыздарды көтөрүлүшкө чыгууга аргасыз кылуу, ошонун негизинде аларды жок кылуу болгон. Григорьевка кыштагында кийизге ороп, беш кыргызды өрттөп салышты. 18-апрелде Кольцовка кыштагына жакын жерде тогуз кыргыз ошондой өлүмгө дуушар болушту» деп көрсөтүлгөн ( 22. АП РК ф.811 . оп. 20. иш.140. 55-63-бб., Наша газета.№47-49).

Ысык-Көл өрөөнүндөгү 1916-жылкы боштондук кыймылында, жалпы эл массалары менен бирге кыргыздын белгилүү манаптары, болуштары, бийлери, кыргыз этносун орус падышачылыгынын ачкөздүк, колониалдык саясатынан канткенде сактап калабыз, деген проблеманын үстүндө аракет кылып, көтөрүлүшкө түздөн түз катышкан, кол башчы, жол башчылардан болушкан.

1916-жылкы көтөрүлүштү уюштурган жана анын башында турган жол башчы, кол башчылардын тизмесин, колониалдык бийлик көтөрүлүш аяктагандан кийин өзү түзгөн. Бийликтин көздөгөн максаты - көтөрүлүштүн жетекчилерин колго түшүрүп, аларды жазалоо болгон.

Төмөнкү архивдик даректер ага күбө:

Тизме

Пржевальск уездиндеги кыргыздардын көтөрүлүшүнүн башчылары:

  1. Сагалы Алматаев. Тоң болуштугу.
  2. Сагын Ниязбеков,Семизбел болуштугу.
  3. Максут Солтобаев, Куркамерген болуштугу.
  4. Кадыр Байсаринов, Түргөн болуштугу.
  5. Батыркан Раимбеков жана Мамытхан Жантаев, Улахол болуштугу.
  6. Батыркан Ногоев, Түп болуштугу.
  7. Кендирбай Солтонкулов жана Берикбай, Барскоон болуштугу.
  8. Орозон Кудаярбеков, Бекен Омуров, Жамбай болуштугу.
  9. Кулбарак Матаев, Абдулла Сарин, Нурманбет Чекиров, Жети-Өгүз болуштугу.
  10. Үсөн Шамыров, Шамыров айылы.
  11. Байказак Мамбетов, Кен –Суу болуштугу.
  12. Талканбай Түлөгөнов, Кангелди Рысмендин, Бердибай Керексизов, Ишенбек Жайнаков, Осмонкожо Кангелдин,​ Жаныбек болуштугу.
  13. Маткерим Супаев, Жаныбек болуштугу.
  14. Байгазы Исабеков, Заукин болуштугу.
  15. Кадырбай Түнгатаров, Күрмөнтү болуштугу.
  16. Оторбай (фамилясы белгисиз),Күнгөй- Аксуу болуштугу.
  17. Жапай Көкташев,Тезекбай Тюлкин, Ниязбек болуштугу.
  18. Садыр Рустенов, Кочконбай Тагаев Борукчу болуштугу.
  19. Кобогон Шыгаев, Акмола Карасев, Жон Арык болуштугу.
  20. Доткул Шыгаев, Жонарык болуштугу.
  21. Ногойбай Карачев, Мамбетжан Карачев, Деркембай Карачев,​ Атжи болуштугу.
  22. Жайлоо Жантаев, Масур Исенов жана Сарыгул (фамилясы белгисиз),Шаркыратма болуштугу.
  23. Мураталы Качбеков, Мамыш Усоналин, Монокелди болуштугу.
  24. Койкелдин, Нарын болуштугу.
  25. Мокуш Шабданов, Исамудун Шабданов жана Аман Шабданов, Сарыбагыш болуштугу.
  26. Кокумбай Чинин балдары менен, Чолок Курманкожоев, Жумгал болуштугу.
  27. Султан Далбаев, Атаке болштугу.
  28. Дада Алешин, Жумгал болуштугу.
  29. Измаилбек Сулейманов, Сулайман Корчин жан Манжосар,​ Байсейит болуштугу.
  30. Суранчы Карасаев, Абайдылда болуштугу.
  31. Мураталы Илтаев, Шамурзин болуштугу.
  32. Сарыбай Дыйканбаев,Кочкор болуштугу .[ 23. РУз БМА ф. 461.оп.1.иш.1888.63-б.].

Бул аталган инсандардын арасынан Батыркан Раимбеков жана Батыркан Ногоев Көлдөгү көтөрүлүштүн жүрүшүндө хан даражасына көтөрүлүшкөн [ 24. Т.Шейшеканов. Көлдөгү көтөрүлүш. Бишкек .2003 .36,52-бб.].

Дагы бир архивдик дарекке таянып Пржевальск уезддиндеги болуштуктардагы көтөрүлүштүн башчыларын көрсөтөлү:

Барскоон болуштугу

1.Берикбай Бокбасаров.

2.Кенди рбай Солтонаев.

3.Ишманбет Кендербаев.

4.Берикаай Атакин.

5.Мамбет Молдосанов.

6.Бектур Оразов.

Шамыр айылы

1.Усен Шамыров.

2.Молдогазы Шамыров.

Тоң болуштугу

1.Сагалы Алматаев.

2.Бельтабай Киизбаев.

3.Ырсалы Тойгомбаев.

4.Бекен Тойгомбаев.

5.Масталы Тойгомбаев.

6.Сагымбай Алматаев.

7.Орозай Кудайбеков.

8.Сагымбай Нусикиев.

Улахол болуштугу

1.Чыныбек Абукин.

2.Байзак Ишимов.

3.Итибай Кенжетаев.

4.Шигай Акмолдин.

5.Батыркан Ниякин.

6.Батыркан Райымбеков.

Пржевальск уезддинин башчысы, полковник Иванов

(колу). [ 25. КР БМА ф.34.оп.2.иш.5.165-167-бб.]

(Бул тизмеде 12 болуштуктагы жана 1 айылдагы 196 көтөрүлүштүн жетекчилеринин аты-жөнү аталган.Т.Ш.)

Жыйынтыктап айтканда, бир кылым өтсө дагы 1916-жылдагы кыргыз элинин боштондук көтөрүлүшүнүн жетекчилеринин тарыхтагы орду жана ролу тарых илиминде толук объективдүү изилденбей жана такталбай келет. Келечекте тарыхчылар бул проблеманын үстүндө изилдөө иштерин алып барышса, көтөрүлүштүн жетекчилери кыргыз тарыхында татыктуу ордун ээлейт деген ойдобуз. Өсүп келе жаткан жаш муун, кайдигер болбой 1916-жылкы көтөрүлүштүн башында турган, кыргыз элинин эр жүрөк, мекенчил уулдарын билиши жана урматтоосу зарыл.

P.S. Баяндамамдын аягында, 1916-жылкы Ысык-Көлдөгү азаттык көтөрүлүшүнүн жетекчилеринин бири - Сагаалы (Ысакаалы) Алматаевдин ата-бабалары жөнүндө берген кенен маалыматтары, эскерүүлөрү үчүн, алардын урпагы Кемел кызы Гүлжанга ыраазычылыгымды билдирем!

Турдубек Шейшеканов, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кафедра башчысы, профессор

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG