Линктер

Үркүн: «Узак жолдогу» тарыхый чындык


"Узак жолдун" автору Мукай Элебаев жубайы Бурулча менен.

"Узак жолдун" автору Мукай Элебаев жубайы Бурулча менен.

Бүгүнкү күндүн көзү менен караганда, тарыхый чыгарма болбогону менен, “Узак жолду” тарыхый чындыкты таасын сүрөттөгөн роман катары баалоого толук негиз бар.

Романдагы тарыхый булактарга өтө жакын турган эпизоддор, окуялар буга айкын далил болуп берет. Эмесе “Узак жолдогу” баш каармандын басып өткөн турмушу менен, ал өзү күбө катары сүрөттөгөн окуяларды тарыхый документтердин негизинде карап көрөлү.

Роман баш каармандын үй-бүлөсүнүн кыйын абалга туш келгенин сүрөттөө менен башталат. Көтөрүлүш алдында башкы каармандын энеси өлүм алдында жаткандыгы, атасы болсо чиедей ач балдарынын эртеңин ойлоп убайымга баткандыгы чыгармада турмуштун өзүндөгүдөй көз алдыга тартылат. Санаага чөккөн ата кезерип отурган балдарына өзөк жалгар бир нерсе таап келиш үчүн кап бөктөрүнүп кетет. Бирок андан дайын жок. Качан келет, кандай келет, эмне алып келет? Ал жагы да чыгармада дайынсыз. Ач-жылаңачтын айынан жалдырап бүткөн балдардын көрөр күнү кандай болот, эртеңи эмне берип, эмне алат? Бул жагы да дайынсыз. Бул дайынсыздык, бул жалдыроо бир үй-бүлөнүн гана тагдыр-турмушу эмес, башкы каармандын гана көргөн күнү эмес. Бул – ошол 1916-жылкы окуянын алдындагы кыргыз элинин тагдыр-турмушу, баштан кечирип, жанын оозуна тиштеп жашаган мүшкүл жашоосу.

Ушул көрүнүштөн эле 16-жылдагы каргашалуу окуянын алдындагы кыргыз элинин турмушу болуп көрбөгөндөй кыйын кырдаалга такалган учурун көз алдыга элестетсек болот. Чындыгында ошол жылдары, Биринчи Дүйнөлүк согуш жылдарында, Орусиянын колониясына кирген улуттардын социалдык абалы өтө кейиштүү абалда болгон. 1916-жылдагы көтөрүлүштү тыкыр изилдеген тарыхчы Кушбек Үсөнбаевдин орус тилинде жазган «1916: героические и трагические страницы» аттуу эмгегиндеги маалыматтарга караганда, бут кийим баасы 300%, нан 600 % кымбаттаган. 1916-жылдын февраль айында ширеңке, керосин, нооту ж.б. күндөлүк керектелүүчү товарлар эки эсе кымбаттаганын, ушундай кырдаалдын айынан кургак учук, кызамык, ич келте, кызыл жүгүрүк, кара тумоо өңдүү өмүргө бычактай тийген оорулар жергиликтүү элдин кырылышына алып келген. Мындан тышкары табият кырсыгы, кургакчылык, жут да кыргыздардын турмушун оорлоткон (Усенбаев К. 1916: Героические и трагические страницы. – Б.: Кыргызстан, 1987. – 37-б.).

Жерден-суудан айрылып, карыпка айланган эл орус кыштактарына агылып барып, келгиндерге арзыбаган акыга жалданып иштөөгө аргасыз болушкан. Чыгармадан өлбөстүн күнүн көрүп, итке минип калган кыргыздардын турмуш-шартын баяндаган төмөндөгү үзүндүгө карап көрөлү:

«Биз жайы-кышы дебей Башарындын бүт жумушун бекер кылып беребиз. Жазында чөп үйгөндө, кош айдаганда, кышында короодон кар тартканда мен атка минип берем, жаздай музоосун кайтарам. Ошончолук эмгегим сиңсе да, бир эскисин берген жан эмес. Быйыл гана баласынын бир кайыш курун көпкө асылып жүрүп, араң колго түшүрдүм. Аны да бир далайга сүйрөп, атасына кеңешип туруп анан берди.

Жанымжан болсо жайдыр-кыштыр дебей дикилдеп, таң заарынан туруп барып мунун уюн саайт. Жетимиш-сексен уй сааш оңойбу? Ушунун көбүн сааган Жанымжан. Уй сааганда болсун жана кай-кайсы жумуштарда болсун, бул арада Жанымжанга тең келүүчү эч ким жок. Бул жагынан Башарынга жаккан. Уюн саап бергенде ага берери машинадан чыккан көк кашка сүт. Ушул бир чака сүт үчүн кай жеринен жазып калар экенбиз деп Жанымжан эмес, баарыбыз анын көзүнүн кареги менен тең айланып, самаганын кылып берчү элек. Минтпесек арга жок. Анткени бир үйдө каптаган топ бүлөнү ачтан өлтүрбөй жанын алып калып отурган ушул бир чака сүт эле. Бир чака сүткө бир чака суу кошобуз ал эки чака айран болот. Оокат...»

Падышалык бийликтин ыплас саясаты жергиликтүү калкты жарга такаган. Азыр бешиктеги баладан тартып, кары-картаңдарга чейин аёосуз кыргынга учураган ошондогу эл тагдырын ойлогондо, “шордуу кыргыз падыша буйругуна эптеп көнүп, көтөрүлүшкө чыкпай койгондо эмне” деген өксүк ой да келбей койбойт. Бирок, ушул “Узак жол” өңдүү үркүн окуясын сүрөттөгөн чыгармалар менен тарыхый материалдар, падыша бийлигинин төбөлдөрү киши ордуна теңебеген кыргыз элинин жанга баткан ызасы менен көргөн кордугу, карыпчылыкка баткан мүшкүл жашоосу акыры түбү барып, ошол 1916-жылдагы жарылууга алып келмегине ынандырат.

Жер бөлүштүрүү саясаты болобу, укуктук-соттук териштирүүлөр болобу, же жөн гана кадыресе турмуш-тиричиликтик алака-катышта болобу кыргыздарга адам катары мамиле жасалган эмес. Бул колониялык саясаттын табиятын көрсөткөн тарыхый көрүнүш экени да белгилүү. Муну К.Үсөнбаевдин аталган эмгегиндеги колониялык бийликтин жерди ээлөө саясатын көрсөткөн архивдик маалыматтар да ырастайт: «1916-жылы жалпы Түркстан крайында жашаган элдин алты гана проценти келгин орустар болгон. Ошондой болсо да, алар 950 кыштакчаны жана бекет айылын түзүшкөн. Айдоо аянтынын 57,6 проценти ошолордун энчисине бөлүнгөн да, жалпы калктын 94 процентин түзүп турган жергиликтүү элдин үлүшүнө бар болгону 42,4 проценти берилген. Түркстанда бир орус дыйканы 3,17 гектар айдоо жерин ээлесе, жергиликтүү бир адамга 21 сотук гана жер тийген. Бул орус дыйканынын жерине караганда 15 эсеге аз болгон».

Тарых эмгектериндеги ушул сандар, ушул пайыздык көрсөткүчтөр романда карапайым үй-бүлөнүн мүшкүл турмушу аркылуу, каармандардын сезим-туйгулары аркылуу, кадыресе турмуш-тиричиликтик майда-барат көрүнүштөрү аркылуу чечмеленип берилген. Ошондуктан жазуучунун бизге калтырган көркөм чындыгы бүгүнкү күндө архив материалдарына, тарыхый булактар тастыктаган маалыматтарга жан киргизип, ошол доордун духун сездиртип, ошол учурдун катаалдыгын таанытат.

Чындыгында М. Элебаев «Узак жолду» жазып жаткан мезгилде архив материалдарына да, тарыхый документтерге да кайрылган эмес. Анын кол жазмаларында, аталган чыгарманы кандайча жазганы жөнүндөгү маалыматтарында, «Күндөлүктөрүндө» да андай кабарлар жок. Бирок анткен менен, Мукай Элебаевдин «Узак жолундагы» айрым факты-маалыматтар, окуя-көрүнүштөр тарыхый булактар менен түздөн-түз байланышканы көңүл бурдурат. Тарыхый булактарда жергиликтүү элдин арызы, өтүнүчү бийлик тарабынан такыр каралбаганы, бийлик ээлери каратып туруп акыйкаттыкты орус адамдарына же колунда барларга ыйгарып, бардык убакта бечара-карыптар айыпка жыгылып турушканы тууралуу маалыматтар көп айтылат. Андай маалыматтардын турмуштагы учуру романда тереңдетилип сүрөттөлөт. Мисалга чыгармадан Байболоттун жаны кашайып мындай дегенине карап көрөлү: «Мен түрмөдө жатам. Арыз-арманымды угар эч ким жок. Кыргызды бу жерде жан ордуна да санабайт. Пагону жаркылдаган полицалар бизди кеңсалардын ченине жолотпойт...»

Ырас, тарыхтан белгилүү болгондой, орус мамлекетинин империалисттик согушта жеңилиши анын экономикасынын алсырашына да алып келген. Ушундан улам, падышачылык бийлик колониясы болгон элдердин эсебинен каржы топтоого аракет кылган. Экинчиден, палышачылык өзүнүн аскердик күчүн жаңы толуктоолор менен чыңдоого мажбур болгон. Калыбына келтирүү жумуштары иштелбей калган. Ушундай кырдаал айынан салык салуунун жаңы жолдору иштелип чыккан. Акырында келип, Түркстан крайындагы элдердин аскер ишине, согуш талаасына, тыл жумуштарына мобилизациялоо жөнүндөгү буйругу чыккан. Бул каргашалуу буйрук ансыз да ичтеринен падышалык бийликке кекенип турган элди көтөрүлүшкө чыгууга түрткөн. «Узак жолдон» кыйналган элдин адилетсиз бийликке каршы көтөрүлгөн учурун автор ошол мезгилде өзү көрүп-билгени боюнча мындай сүрөттөйт:

« Атасынын көрү, солдатка баргыча ушул жерден эле өлүп беребиз -деп күүлөнөт бир кур боз балдар.

- Чындап башка күч келсе, колдо мал деги бар, кедейлерден сатып, ордуна жиберсек да, балдарыбызды бир сапарынан алып каларбыз,— дешет, дагы бирөөлөр.

- Ушинтип эле турбас, балким заман оңолуп кетээр.

- Байлар го балдарын сатып алып калсын, түгү жок биз эмне кылдык?

- Мейли, кайда болсо бир өлүм. Алам десе мына, солдатка кеткенде биздин кайсы аялуу баш, айдалуу малыбыз артыбызда калып жатты эле. Кедейге кайда болсо баары бир. Бирок кетсек да ошо бизди кармап бергендер менен соо калышпаспыз,- дейт эми бир даары».

Жазуучу 1916-жылдагы көтөрүлүштүн алдындагы кыргыз элинин турмушка тобокелдик менен карап, жандан кечип, адилеттик издеп калышканын ишенимдүү көрсөткөнү ушул үзүндүдөн эле көрүнүп турат. Ал эми көтөрүлүштүн чыгышы, элдин Кытай жерин көздөй качууга аргасыз болушу да чыгармада кадыресе турмуш чындыгынан алыстабайт.

«Ушундан жарты сааттай убакыт өтпөй, күтпөгөн жерден алыстан, айкырык-өкүрүк менен келе жаткан топ кишинин жалаңкычтай, ачуу дабышы чыгып калды. Үйдүн катыны менен Элебес сөздү коё коюп, өңдөрү бир заматта кубулуп, делдейе калышты. Жабыла тышка чыктык. Биздин маңдайыбызда, токой аралап кеткен жалгыз аяк жолго салып, тебетейин булгалап, үстү-үстүнө камчыланып, кыйкырык-өкүрүк менен кетип бараткан бирөөнү көрдүк. Токойдун биз жак четиндеги бал челектин жаны менен бир топ малды чаңдатып айдап жана бир топ адам өттү.

Элебес, карагайдын ачыгына чыгып, аңды-дөңдү карабай чапкылап кетип бараткан элге карай:

- Ой, эмне? - деп дабышынын барынча унчукту. Ашыгып бараткан элдин эч кимиси жооп берген жок. Берегинде бир, алдындагы койго шашып баратып, артынан кууп келе жаткан койчуга караган карышкырдай алактап, кетип бараткан бирөөнү көрүп, Элебес дагы жаңкыдай кыйкырып, иштин жөнүн сурады эле, ал:

- Падыша менен кыргыз урушуп калды! — деди да буйдалбай чаап кете берди. Бар укканыбыз ушул.

Ушинтип мындан бир нече мүнөт мурун жайбаракат жаткан дүйнө заматта бүлүнүп, чакчалекей түштү да калды».

Тарыхый документтерде бөтөн жер, бөтөн элде мусапыр болуп кордолгон кыргыздар көзүнөн учкан ата журтуна кайтуу үчүн уруксат сурап, Кытайдагы Орусия падышачылыгынын консулуна кайрылганы тууралуу маалыматтар бар. Эки жүз адамдын колу коюлган катта кыргыздардын өз жерине кайтуу өтүнүчү, улук-төрөдөн уруксат сурашканы айтылган. Буга консулдан эч кандай ыракым болгон эмес. Ал туурасында К.Үсөнбаев минтип жазган: «Бирок падыша өкмөтү көтөрүлүшчүлөргө аткара алгыс шарттарды койгон. Алсак, көтөрүлүштүн жетекчилерин кармап берип, курал-жаракты толук өткөрүүнү, ошондой эле, бир волостон армия үчүн 200дөн жылкы төгүүнү жана көтөрүлүш чыгымдарын толугу менен төлөөнү талап кылган. Бул иш жүзүндө азып-тозгон элдин үмүтүн таш каптырып, аларды мүңкүрөтүү эле. Ошентип, падышачылыктын колониялык саясатын ишке ашыруучулар кыргыз жергесин толугу менен ээлеп алууну көздөшкөн» (Үсөнбаев К. Азап жолу жана Атаконушка кайтуу // Кыргызстан маданияты. – 1991. – 22-июнь.).

Кулжадагы Орусиянын консулуна кыргыздардын кат аркылуу кайрылганы, бирок андан эч кандай натыйжа чыкпагандыгы чыгармада да берилет. Романдагы каттын мазмуну менен тарыхый документтердеги каттын мазмуну бипбирдей. Анда романдан кат туурасындагы үзүндүгө көңүл чаптыралы.

“Бир күнү Бейшемби мага бир кат алып келип окутту. Ошол күнү бир жакка барып келген. Катты мен окуй электен мурун анын маанисин ал Элебеске түшүндүрүп:

- Арыз. Эртең ушуну Кулжага берип жиберебиз, - деди. Кат үч барак кагазга жазылып, бир бетине жалаң кол коюлган. Бери болгондо эки жүз адамдын колу бар. Печет басылыптыр. Аягына коюлган колдорун киши тааный турган эмес. Каттын өзүн да кыйналып жатып араң аягына чыктым. Кээ бир ариптерин ажырата албай, бир сөзгө көпкө токтой берип, сөздүн маанисин кемитип алып «ошол жерин кайра окучу» дегизип отурдум. Кат мындай жазылган.

«Орусиянын Кулжадагы Консулунун атына, Пржеваль үйөзүнүн кыргыздарынын суранычы.

Биз Пржеваль үйөзүнө караган Куртка мерген, Күңгөй, Ак-Суу, Түп, Күрмөнтү, Кең-Суу, Түргөн, Бирназар, Сөгөттү болуп баары сегиз болуш элинин кыргыздары 4595 түтүн эл кытай жерине келдик. Келгендердин көбү Кара Букара кедейлер. Жетим-жесирлер. Суранаарыбыз төмөнкүдөй: падыша өкмөтү биздин жерибизди, суубузду тартып алып, өзүбүздү тоого-ташка кууп чыкты. Бирок ошол карагайлуу тоолор да бизге тийбей, кийин казыналык болду. Отурган үйдүн орду, малдын жайыты акылуу болду. Ошентип талаа мужуктарга, тоо — казынага өтүп, биз күн көрүштөн калдык. Жадагалса от жагуу да кыйын болду. Бир түп карагайдын баасы он эсе кымбаттап, үч сомдон он беш сомго жетти. Белетти бир жылда эки жолу ал деп күчтөдү. Кедейлерге муну кылуу колунан келе албады. Эгер бир түп карагай кыйсак, карагай башы он түп карагайга пиртөкөл жасады. Ар бир болуш жылына бир нече миң сом штраф төлөп отурду. Ошондо да колунда барлар төлөп, эчтемеси жок кедейлер түрмөгө камалды. Урушка жардам бер деп буйрук этти, биз буга беш жолу жардам бердик. Үй ичибиздеги кийим-кечек, жип-шуубуздан өйдө бердик. Тигип отурган үйүбүздү алды. Жылына бере турган эки налогдон башка түтүн башына дагы беш сомдон салык салып отурду. Гүбурнатордун буйругу боюнча бизге апийим айдатып, бир кадак апийимге он эки сомдон такси койду. Эгер муну башка жакка сатсак, төрт айдан түрмө кесип же болбосо беш жүз сомдон штраф салды. Мындан биз зыяндан башканы көргөнүбүз жок. Эң аягында келип, өзүнүн убадасын унутуп, он тогуздан отуз бир жашка чейин урушка барып, ор казууга киши бересиң деп буйрук чыгарды. Эл муну көргөндөн кийин солдатка алат экен деп түшүндү. Бу да биздин мойнубузга түштү. Кыргыздын эл билермандары өзүлөрүнүн балдарын, тукум журттарын спискеге кийирген жок. Байлар болсо сатып алып калды. Биздин он жети жаштагыбызды он тогуз кылып, кырктагыны отуз кылып каттап берди. Биз буга нааразылыгыбызды билдирсек, четинен түрмөгө камады. Анда жаткандарды атып, аса баштады. Түрмөдөн жаралуу болуп качып келгендер кабарды жаман деп угузду, ал атып өлтүрүп жатат деди. Мына ушундай катуу кабарларды уккандан кийин бизден тукум койбойт экен деп чочуп, кытай жерине карай тартып бердик. Жолдо катар кезиккен паселкөлөр бизди тосуп туруп, мылтыктын алдына алды. Арттан аскер түшүп, бизди койдой кырды. Мал жаныбыздын көбү Текестин оюнда Музарттын суусунда калды. Кытайдын черүүлөрү бизди чек арадан камап, эң акыркы калган мал-мүлкүбүздү тартып алды. Азыр биздин үй-жайыбыз, тамак-ашыбыз жок, бир татым тузубуз жок, кыш-күрөө болсо кирип келди. Ачарыкпыз. Абалыбыз кыйынга түштү. Ошондуктан биздин көз жашыбызды көлдөтүп сураган арыз-арманыбызды, ыракым этип, биздин башчыбызга жиберүүңүздү сурайбыз. Бечара карыптарга көрсөтө турган жардамыңыздар болбос бекен? Колубузду коюп, печет бастык».

Каттын сөзү ушул. Мунун натыйжасын бир айдан кийин уктук. Консулдан ракым болбоптур”.

М. Элебаев өзү да “Бирок мен бу жолу өз башымдан кечирген өмүрүмдөн башка, жанымдан жалгыз ооз сөз кошконум жок. Анткени, башымдан өткөн күндөрдүн өзүн дурус айтып жеткиргенде да, бирөөнүн жанына тиер таасири бар эле” дегениндей, “Узак жол” тарыхый чыгарма болбогону менен, тарыхый документтерге өтө жакын маалыматтарды турмуш чындыгы менен жуурулуштуруп берген роман.

“Узак жолдо” автор өзүнүн керт башынан кечирген оор турмушун, ага дуушар болгон балалыгын сүрөттөгөн. Бир караганда, чыгармада күндөлүк турмушта кездешчү майда-барат көрүнүштөргө көбүрөөк басым жасагалгандай, көркөм ой ошолордун тегерегинде гана өнүктүрүлгөндөй таасир калтырат. Бирок андагы негизги каармандардын тагдыры, жашоо-турмушу жалпы элдин тагдырын көрсөтүп турат. Мына ушунусу менен, “Узак жол” – ар бир кийинки жаш муунга Үркүндүн улуу сабагын жеткире турган баалуу көркөм мурас.

Гүлзада Станалиева, адабиятчы

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG