Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

Бисвал: Келишимди токтотуунун залакасын карап жатабыз


АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ниша Бисвал Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда. Бишкек, 03.04.2014
АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ниша Бисвал Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда. Бишкек, 03.04.2014

Кыргыз өкмөтүнүн АКШ менен кызматташуу келишимин денонсациялоо чечими өз ара көмөктөшүү программасына залакасын тийгизиши мүмкүн.

12-августта АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Ниша Бисвал телеконференция маалында борбор азиялык журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди.

Жакында АКШ Борбор Азия боюнча стратегиясын кайра карап жаңылаганын белгилеген Бисвал документте экономикалык өсүштү колдоо, коопсуздук, билим берүү, бизнес чөйрөсүндө кызматташуунун мааниси баса белгиленгенин айтты. Мында өкмөттөр менен катар жарандык коом өкүлдөрү менен иштешүү зарылдыгына басым жасалат.

Стратегиянын өзөгүнө токтолгон дипломат аймактын суверендүү, эгемен өлкөлөрү "АКШ менен гана эмес, бири-бири, коңшулары менен жакшы мамиледе болууга тийиш экенин терең түшүнөбүз. Алар өз калктарынын бакубат жашоосун камсыздай аларына ишенебиз", - деп белгиледи.

"АКИпресс" агенттигинин кабарчысы Кыргызстан менен АКШ ортосундагы 1993-жылы түзүлгөн кызматташуу жөнүндөгү келишимдин денонсациялашына кандай комментарий берет элеңиз, деген суроосуна Н. Бисвал момундай жооп узатты:

- Биринчиден, Кошмо Штаттары кыргыз жумурияты, кыргыз эли менен алакаларды жана өнөктөштүктү жогору бааларын айта кетет элем. Ортодогу мамилелер жемиштүү болуп келатат. Биз өлкөнүн суверендүүлүгүн, көз карандысыздыгын колдоп келгенбиз жана өкмөттүн демократияга карай багытын мындан ары да колдой беребиз. Кыргыз бийлигинин эки тараптуу келишимди денонсациялоо чечими өтө өкүнүчтүү. Акыркы 20 жылдын ичинде кыргыз өкмөтүнө жана элине көргөзүлгөн жардамдын басымдуу бөлүгү ошол документке негизделген. Денонсация техникалык жактан кандай зыян алып келерин азыр карап жатабыз. Ал чечим көмөктөшүү программасына залакасын тийгизиши мүмкүн. Бирок мен буга чейин айткандай, милдеттенмелерди аткарып, алдыга чогуу жыла алабыз, деп ойлойбуз.

Кыргызстандагы акыркы окуялар ачык коом, демократия куруу аракетине коркунуч жаратпайбы? – деген суроого Бисвал:

- Кыргыз жумуриятындагы демократиялык процесстерге, демократиялык институттарга колдоо маанилүү экенине басым жасап келатабыз. Ошол демократиялык институттарды күчтөндүрүү жаатында өлкөнүн өкмөтү, парламенти жана жарандык коом менен кызматташууну улантып келдик. Соңку окуялар демократиялык прогресске көлөкө түшүрүп же таптакыр жайлатып салышы мүмкүн. Биз буга байланыштуу камтамабызды билдиргенбиз. Убакыт өткөн сайын кыргыз элинин демократияга умтулуусу тереңдеп, өрчүй берет жана күчтүү демократиянын калыптанышына жеткирет деп ишенебиз. Ушул жагдайды эске алып, биз колдообузду, өнөктөш мамилелерди уланта бермекчибиз.

XS
SM
MD
LG