Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

Мамдепартамент адам укугунун абалын баалады


АКШ Мамдепартаментинин сайтындагы Адам укугунун абалы боюнча бети.
АКШ Мамдепартаментинин сайтындагы Адам укугунун абалы боюнча бети.

АКШ Мамлекеттик департаменти дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы жөнүндөгү жылдык докладын жарыялады.

Бул көп тараптуу изилдөөдө Кошмо Штаттар учурда элдик козголоңдо калдаңдап жаткан арап өлкөлөрүндө өткөн жылы адам укуктары “олуттуу бузулганын” айоосуз сындайт.

Докладда Орусия, Беларус, Иран жана Украинада да адам укуктары орой бузулганы баса белгиленет.

Кыргызстанда күч органдарында мыйзамсыз иштер кеңири жайылганына, абактардагы начар абалга, сот органдары бийликтен көз каранды экенине жана талаштуу камакка алууларга көңүл бурулат.

Арап элдик козголоңу АКШга дем берди

Мароккого да демократияга жана социалдык адилеттүүлүккө чакырган элдик козголуштун эпкини жетти. Касабланка. 3-апрель, 2011
АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон 8-апрелде Вашингтондо Адам укугунун абалы боюнча жылдык докладдын бет ачарында сүйлөп, Ливия, Бахрейн, Сирия жана башка арап өлкөлөрүнүн жарандары репрессивдүү бийликтерге каршы көтөрүлүп, бийик рухун көрсөтүшкөнүнө токтолду.

“Акыркы айларда Жакынкы Чыгыштагы, Түндүк Африкадагы жана башка репрессивдүү коомдордо тынч демонстрациялык өзгөрүүлөрдү жана адамдык универсалдык укуктарын сыйлоону талап кылган активисттердин эр жүрөктүүлүгү менен тайманбастыгы бизди өзгөчө шыктандырды,”-деди Клинтон айым.

Мамлекеттик департаменттин докладында Тунисте жана Египетте президенттерди шыпырып түшкөн элдик ыңкылаптар бүтүндөй региондогу саясий бийликти жакшыртуусу мүмкүн экени айтылат.

Бахрейнде февралда тынч демонстрация күч менен басылганда ондогон адамдардын каны төгүлүп, дагы көптөгөн жарандар жарадар болушкан. Падышалыктын сунни жетекчилиги козголоңду уюштурду деп күнөөлөп, 200дөн ашуун шийитти камакка алганын президент Барак Обаманын кеңсеси сындаган.

Перс булуңунун жээгиндеги Бахрейнде АКШнын 5-деңиз аскер флоту жайгашкан.

Москвадагы "Нааразылык күнү" деп аталган митингден бир көрүнүш. 10-апрель 2011
Докладда падыша Хамад ибн Иса Халифанын өкмөтү Бахрейндеги эки негизги оппозициячыл партиянын сайтын тыйуу салганы, жыйын өткөрүүгө жана уюмдарга биригүүгө чектөө киргизгени көзгө сая сынга алынат.

Путин жана Медведев мыйзамсыздыкка этибар бербейт

АКШ мамкатчысы Орусияда адамдардын укуктары премьер-министр Путин менен президент Медведевдин көз алдында эле бузулуп жатканын астейдил эскертти:

- Биз Орусияда жарандык уюшма топторго кысым көрсөтүү зомбулукка айланып кеткенине, журналисттер менен активисттерге көптөгөн кол салууларга жана аларды өлтүрүүлөргө күбө болдук.

Мамдепартамент өз изилдөөсүндө былтыр декабрда Беларуста болгон президенттик шайлоодон соң президент Лукашенконун кайра шайланышына каршы чыккан демонстрациянын катышуучулары уруп-сабалганы, оппозиция активисттери абакка салынганын жазат. Көз карандысыз байкоочулар беларус шайлоочулардын добуштары орой бурмаланганын айтышкан.
Непал полициясы анти-кытайлык ураандарды чакырган марштын катышуучуларын камакка алууда. Катманду. 10-март 2011


АКШнын байкашынча, Украина мурдагы жылдардагы жетишкен ийгиликтеринен артка кеткен.

Иран жана Кытай "бир арабада"

Хиллари Клинтон былтыр Иранда Махмуд Ахмединежаддын 2009-жылы кайра шайлануусуна нааразы болуп чыккан адамдарды куугунтуктоо токтотулбаганын, адамдарды далилсиз айыпка тартуулар улантылып жатканын айтты:

- Иранда өкмөт 2010-жылы 300дөн ашык адамды өлүм жазасына тартканы тууралуу көптөгөн маалыматтарды алдык. Алардын (жогорку жазага тартылгандардын) көбү этникалык азчылыктардан.

Иран. Тамаша сүрөт.
Кытайда былтыр адам укугунда тескери көрүнүштөр кулач жайып, Тибетте жана Шинжаң уйгур автономиялык районунда сөз эркиндигин чектөө жана улуттук азчылыктарга басым күчөгөн.
Ал эми 3-апрелде таанымал сүрөткер жана адам укугун коргоочу Ай Вэйвэйдин Гонконго учканы жатканда камакка алынган. Бийликтер бир нече күн анын кайда экенин үй-бүлөсүнө да айтпай койду. Бул окуя эл аралык коомчулукта Кытай өкмөтү саясий каршылаштарынын оозун жабууда эч нерседен тартынбайт деген кооптонууну жаратты.

Клинтон айым ырасмий Бээжинди бардык саясый туткундарга эркиндик берүүгө чакырды.

АКШ өкмөтүнүн жылдык иликтөөсүндө Кыргызстанда былтыр буйрутма адамдар өлтүрүү токтобогону, июнь калабасынан кийин да шектүү киши өлтүрүүлөр болгону, коопсуздук кызматтарынын жана милициянын сурак маалында уруп-сабоолору менен соттордун өзүм билемдиги тыйылбаганы кашкайта белгинет.

Мисалы, журналист Алмаз Ташиевди сабап, өлмүгө кириптер кылган эки милиционердин сотуна адвокаттын киргизилбегени, соттун өкүмү ишенимсиз экени көрсөтүлөт. Ошондой эле негизинен кыргыздардан куралган коопсуздук күчтөрү былтыркы жүздөгөн адамдардын канына зобун келтирген июнь чатагын токтото албаганына көңүл бурулат.

Кандуу булоондо, атайын комиссиясынын маалыматы боюнча, 276 өзбек жана 105 кыргыздын каны төгүлгөн деп айтылат АКШ Мамлекеттик департаментинин дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы боюнча жылдык докладында.

XS
SM
MD
LG