Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

АКШдагы шайлоодо уткан Дональд Трамптын тышкы саясаты, Борбор Азияга мамилеси кандай болот?

Жаңы шайланган президент Дональд Трамптын башкаруусунда АКШнын тышкы саясатында кандай өзгөрүүлөр күтүлөт? Вашингтондун Орусияга, Борбор Азияга саясий курсу кандай болот? “Азаттык” ушул маселени саясат таануучулар Талант Султанов жана Аскарбек Мамбеталиев менен “Арай көз чарай” программасында талкуулады.

“Азаттык”: Дональд Трамптын шайланганга чейинки, кийинки сөздөрүнө караганда АКШнын тышкы саясатында Орусия, Кытай маанилүү аймак катары кала берет. Вашингтондун Москва жана Бээжин менен алака-катышынын эмки нугу кандай болот?

Аскарбек Мамбеталиев: Американын системасы бир адамдан көз каранды болбойт. Ошентсе да президенттин ролу абдан чоң. Трамп Кытайга карата 45 пайыз товар киргизүү өңдүү бир топ талаптарды айтты. Орусия менен болсо мамилени жакшыртуу керек деди. Бирок бул экөөнүн системасы, саясаты эки башка. Ошондуктан, келечеги өтө оор болушу мүмкүн.

Трамп сөзүн аткарганга аракет кылат, бирок, ар башка шарт, саясий маданият, дүйнө тааным жана башкалар оорчулук тургузушу мүмкүн. Анткени, тарыхта Орусия менен АКШ Экинчи Дүйнөлүк согушта эле бирге болбосо, калган учурда эки жакта кала беришкен да.

“Азаттык”: Трамп Сирия, Украина кризистери, коопсуздук боюнча башка маселелерди айтпаганда да “Ислам мамлекети” террордук тобун талкалоого, Ооганстандагы америкалык куралдуу күчтөрдү калтырууга кызыкчылыгы бар. Коопсуздук боюнча АКШ – Борбор Азия өнөктөштүгүн эске алганда Вашингтон стратегиясынын Борбор Азияга фокусу ушул жерде десек болобу?

Талант Султанов: Мурунку шайлоолордо Борбор Азия айтылбаптыр. Трамптын платформасында биринчи жолу Борбор Азия өзүнчө киргизилген экен. Бул Трамптын көңүлүндө экенин билдирет. Бирок биз түшүнүшүбүз керек, АКШнын Борбор Азияга кызыкчылыгы жок. 2001-жылдан тарта Ооганстанда согуш катуу жүрүп жатканда кызыкчылык чоң болчу. Азыр алар Ооганстандан чарчадык, аскерлерди жибергибиз келбей жатат деп атышат.

Чынында айтылбаганы менен Орто Азияны Кытай менен Орусия чечип алсын деген маанай бар. Трамп биз дүйнөлүк проблеманы коюп, өзүбүздүкүн чечип алалы, тышкы проблемаларды ошол жактагы мамлекеттер өздөрү чечсин деген позицияда.

“Азаттык”: Американын Борбор Азияга солгун мамилесинен адам укуктары көңүл сыртында калып калбайбы?

Талант Султанов: Адам укуктары, демократия, либералдуу экономика өңдүү фундаменталдуу маселелер АКШ программасында биринчи орунда турат. Ошондуктан, мисалы, Кыргызстан, демократияны, либералдуу экономиканы өнүктүрө берсе, АКШ сөзсүз көңүл бурат.

“Азаттык”: Хилари Клинтондун шайланбай калышы АКШ тарыхында алгачкы аял президент болот деген кыялды артка сүрдү. Аялдар үчүн мындай мүмкүнчүлүк эми качан келет?

Аскарбек Мамбеталиев: Аял президент болушу ыктымал. Бирок, АКШ өтө консервативдүү өлкө. Анын тамыры диний, патриархалдык салттарда жатат. Ошондуктан, алар эркекти каалашат. Аял болсо да, анын артында эркек болот. Аял президент чыкса республикачылардан эмес, демократтардан чыгышы мүмкүн.

Талант Султанов: АКШ аял президентти шайлоого даяр эле деп ойлойм. Клинтон аял болгону үчүн утулду деп айткандан алысмын. Эл ишене алган жок. Жеке почтасын жумушта колдонду деген маселеден көп упайын жоготуп койду.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG