Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

АКШ жараны Сауд Арабияны сотко берди


2001-жылдын 11-сентябрында жанкечтинин Пентагонго кол салуусунда каза тапкан аба күчтөрүнүн офицеринин аялы Патрика Данна Сауд Арабиянын үстүнөн сотко кайрылды. Ал күйөөсүнүн өлүмү үчүн компенсация талап кылууда.

28-сентябрда АКШ Конгрессинин Сенаты, андан кийин Өкүлдөр палатасы америкалыктарга террорчулукка көмөктөшкөн деген өлкөлөрдү сотко берүү укугун ырастаган мыйзамды көпчүлүк добуш менен кабыл алышкан. Муну менен АКШ президенти Барак Обаманын аталган документке койгон ветосу жокко чыгарылган. Обама Конгресстин чечимин "кооптуу жорук" деп атады.

Сауд Арабия 11-сентябрдагы теракт курмандыктарынын жакындарынын доо арызы боюнча мыйзамды сынга алды. Эр-Рияд аны “катуу бушайманга салган” документ катары баалады.

2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуул үчүн айыпталган 19 адамдын 15и Сауд Арабиясынын жараны экени аныкталган. Аталган өлкө бийлиги 3 миңдей адамдын өмүрүн кыйган ал чабуулдарга тиешеси жок экенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG