Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Ири соцтармактар террорчулукка каршы бирге күрөшөт


Ютуб, Фейсбук, Твиттер жана Майкрософт өз сайттарында террор пропагандасына байланыштуу маалыматтарды жогото баштарын билдиришти. Бул компаниялар жалпы маалыматтар топтомун түзүп, экстремисттик маанайдагы маалыматтарды сайттардан жоготуу боюнча маалымат алмашат. Бул андай маалыматтардын бардык социалдык түйүндөрдөн тез арада жоготууга жардам берет.

Социалдык түйүндөр диний экстремисттердин өз катарына адамдарды тартууда эң мыкты курал болуп берди. Социалдык түйүндөргө батыш өлкөлөрдүн өкмөттөрү басым жасап, экстремисттик маалыматтарды жок кылууну талап кылууда. Ютуб жана Фейсбук андай маалыматтарды заматта жоготууга өтүштү. Биргелешкен маалымат базасы келерки жылдан баштап ишке кирет. (AiT)

XS
SM
MD
LG