Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

АКШнын президенти Барак Обама алдыдагы 18 ай ичи америкалык аскерлердин үчтөн бири Ооганстандан чыгарылып кетээрин жар салды.

Обаманын пикиринде, соңку айларда АКШ Ооганстанда бир топ ийгиликтерди жаратканы, Усама бин Ладен өлтүрүлгөнү, “ал-Кайиданын” бөлүктөрүнүн көпчүлүгү жок кылынганы көбүрөөк сандагы аскерлерди үйүнө кайтарып келгенге мүмкүнчүлүк берет.

Талдоочулардын көбү бул олуттуу жарыяны кийинки жылы өтчү президенттик шайлоо жана ага катыша турган Обаманын жаңы шайлоо өнөктүгү менен байланыштырып жатышат.

Барак Обама кайрылуусун Ак үйгө күчтүү саясий кысым болуп турган учурда жасады. Өткөн аптада 27 сенатор андан Ооганстан боюнча стратегиясын өзгөртүүнү, аскерлердин санын кыскартууну талап кылышкан эле.

Калк каалайт

Аскерлер тезирээк үйлөрүнө кайтсын деген маанай карапайым америкалыктар арасында да күч. Коом пикирин иликтеген соңку сурамжылоого караганда, америкалыктардын 80% кийинки айдан аскерлерди Ооганстандан чыгара башташ керек дегенди колдойт. Буга каршы болгондордун саны 15 пайыздын тегерегинде.

Эми, план боюнча, ушул жыл ичи 10 миң америкалык аскер үйүнө кайтса, кийинки жылы 23 миң аскер Ооганстандан чыгарылат. Ошентип АКШнын аскер күчтөрү Ооганстанда 30 пайызга азаят. Обама бул тууралуу 22-июнда кечинде Ак үйдөн сыналгы аркылуу айтты.

Кабулдун тургундары Барак Обаманын билдирүүсүн угууда, 23-июнь, 2011-жыл
“Биз Ооганстандан аскерлерди алып чыгуу аракеттерин күчтүү кезибизде ишке ашыруудабыз. 2001-жылдын 11-сентябрынан бери “ал-Кайида” болуп көрбөгөндөй басымдын астында калды. Пакистандыктар менен биргеликте "ал-Кайиданын" башчыларынын жарымынан көбүн жок кыла алдык. Чалгын жана атайын күчтөргө ырахмат, алардын аракети менен Усама бин Ладен, “ал-Кайиданын” бирден бир лидери жок кылынды”.

Өткөн жылдын ноябр айында Лиссабондо өткөн НАТОнун саммитинде АКШ жана анын өнөктөштөрү 2014-жылга чейин Ооганстанда коопсуздукту камсыздоо милдетин толугу менен оогандардын өзүнө өткөрүү планын талкуулашкан эле.

Азыр Ооганстанда НАТОнун 132 миң аскери кызмат өтөөдө.

Обаманын айтымында, дагы деле “ири чакырыктар” сакталганы менен, кээ бир ооган провинцияларында коопсуздук боюнча айрым кадамдар ооган тарапка ийгиликтүү өткөрүлүп берилүүдө.

Көйгөйлөр кала берүүдө

Обама президент болуп келгенде Ооганстандагы ийгилигин Пакистан менен байланыштырган болчу. Пакистан да “ал-Кайида” жана талиптер менен күрөшүп келет. Биргелешкен аракеттерге карабастан көп жылдар бою Усама бин Ладенди өлтүрүүгө ал жеткен эмес. Ошол эле учурда АКШ менен Пакистандын арасында пикир келишпестиктер да байкалып келген.

Обаманын жарыясына байланыштуу дагы бир олуттуу жагдай - Ооганстандын 3 жыл ичинде коопсуз жана өзүн өзү толук башкара алаган өлкөгө айланаарына эч кимдин көзү жетпей турган чак. Коррупция дагы деле Хамид Карзайдын өкмөтүндөгү эң башкы көйгөй жана карапайым адамдардын өлүмү көп болууда. Буга чейин АКШ бул өлүмдөр үчүн талиптерди айыптап келген. 2001-жылдан бери былтыркы жылы карапайым оогандыктардын өлүмү эң көп болду.

Ооганстандын Улуттук армиясы
Ак үйдүн жаңы планы 2 кадамдан турат. Ушул жайда 5 миң аскер чыгарылса, жылдын аягына чейин дагы 5 миңи үйлөрүнө кайтат. Кийинки жылы 23 миң адам кайтып, ошону менен Ооганстанда 70 миңдей америкалык аскер калат.

Аскерлерди кантип кайтарып келүүнүн түрдүү жолдорун өткөн аптада Барак Обамага Ооганстандагы аскерлердин башкы командачысы, генерал Дэвид Петреус түшүндүрүп берген.

Аскер командачылыгы Ооганстанда мүмкүн болушунча көбүрөөк аскер узак убакытка калышы зарыл деген позицияны карманууда. Алар ооган жеринде талиптерге каршы күрөштө жетишилген ийгиликтер дале бекем эмес экенин айтышат.

Шайлоого даярдык башталдыбы?

Аскерлерди чыгарып кетүү иши июлда - Ооганстанда атышуулар өзгөчө кызый турган жайкы мезгилде - башталаары да көп камтамачылыкты жаратты окшойт.

АКШнын кооопсуздук министринин мурдагы жардамчысы жана учурда америкалык "Прогресс үчүн" иликтөө борборунда иштеген Лоуренс Ж. Корб аскерлерди азайтуу Ооганстандагы стартегиялык пландардын алмашуусуна алып келет деген ойдо.

“Менимче, Ооганстандагы жоопкерчилик көбүрөөк НАТОго өткөрүлүп берилип, бара-бара күрөш козголоңчуларга эмес, көбүрөөк “террорчулукка” каршы мүнөзгө ээ болот. Башкача айтканда, айрым аймактарда талиптер кайра баш көтөрө башташса, америкалык күчтөргө кайрылуу болот”.

АКШда 2012-жылдын ноябрь айында өтчү президенттик шайлоо учурунда Америкага 33 миң аскер кайтып келген болот. Ошондуктан бул жарыя Обаманын кайра шайлоо кампаниясынын бир кадамы катары бааланууда.

Американын тарыхындагы эң узун согуштун быйылкы эле баасы – 120 миллиард доллар. Ал эми Америкада жумушсуздук 9 пайызга чыкты.
Обаманын бул жарыясынын артында “Америка үйдөгү көйгөйлөргө көңүл бурат” деген ой жатат дешет талдоочулар.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG