Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:43

АКШнын Өзбекстанга аскердик жардамы


Өзбекстанга аскердик техникалар АКШ армиясына кереги жок болуп калгандыктан берилүүдө.
Өзбекстанга аскердик техникалар АКШ армиясына кереги жок болуп калгандыктан берилүүдө.

Кошмо Штаттары Өзбекстанга 300дөн ашык МРАП деп аталган чопкуттуу техника берип жатат. Ирак менен Ооган согушунан кийин керексиз болуп калган аскердик техника Өзбекстанга кандай максатта берилүүдө?

Кошмо Штаттары өткөн айда Өзбекстанга 308 МРАП (MRAP) бронетранспортерун бере баштады. АКШ Мамкатчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Дэниел Розенблюм муну "Америка добушу" радиосуна берген маегинде ырастады. Анын айтымында, Өзбекстанга бул унаалар АКШ армиясына кереги жок болуп калгандыктан берилүүдө.

Розенблюм бул техникага Казакстан менен Тажикстан да кызыгып жаткандыгын мындайча бышыктады:

– Биз ашыкча коргонуу техникаларын Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнө сунуштаганбыз. Алардын ичинен Тажикстан менен Казакстан кызыгуу билдиришкен. Биз азыр бул артык баш техника аларга керекпи, жана бизде алар каалаган техника барбы деген суроолорду тактап жатабыз.

МРАП «минага жана капыстан кол салууга туруштук берүүчү» техника дегенди түшүндүрөт. Бирок ал мисалы, минометтон атылган окко туруштук бере албашы мүмкүн.

Мамкатчынын жардамчысы бул унаалар Өзбекстанга анти-террордук жана наркоаткезчилер менен күрөшкө колдонуу максатында берилип жатат деди.

Өзбекстанга берилип жаткан бул унаалар мурда Ооганстандан чыгарылган АКШ күчтөрүнүн карамагында болгон. Аларды АКШга алып барып жок кылуу өтө кымбатка түшөт. Аны жок кылуу үчүн кеминде 12 миң доллар керек. Андан тышкары, унааны АКШга алып баруунун чыгымы 150 миң долларга чейин жетиши мүмкүн.

Бир даанасы 1 миллион доллар турган бул бронетранспортер тарыхта биринчи жолу Түштүк Африкада колдонулган. 2007-2012-жылдары Пентагон Ирак менен Ооганстанга 12 миң даанасын жиберген. Көрүнүшү кадимки жүк ташуучу машинага окшош бул унааны чыгаруу боюнча программага Кошмо Штаттары кезегинде 50 миллиард доллар сарптаганы сынга кабылган. Ошол эле убакта ал көлөмдүү келип, майды көп талап кылгандыгы жана карапайым тургундарга кооптуу көрүнгөнү менен коомчулукка жаккан эмес. "Арми Таймстын" жазышынча, бул машиналардын дизайнындагы кемтиктерге аскерлер ачык эле таңданышкан. Мисалы, ичиндеги тепкич өтө тик болгондуктан, унаадан чыгууда кыйынчылыктар болушу мүмкүн, дарыгерлер өңгүл-дөңгүлдө аскерлер башын унаанын шыбына уруп алып, жараат алган учурлар тууралуу айтышкан.

Кыргызстан өз армиясын Орусиядан келген техника менен жаңылап жаткандыгы маалым. Орусияда бул типтеги унаалар катары "Аю" жана "Тайфун" деп аталган бронетехниканы билишет. "Аюдан" келип чыккан "Тайфундун" эски форматы кадимки эле "КамАЗдан" айырмасы аз экендиги айтылат. Ал эми Кыргызстанга "Тайфундун" жаңысы берилип жаткандыгы күмөн туудурат.

Өзбекстан алып жаткан МРАПка келсек, алар ушунча оор болгондуктан, көпүрөлөрдүн көбү анын салмагын көтөрө албай калуусу мүмкүн.

Айрым маалыматтарга караганда, АКШ армиясынын 20 миңдей МРАП (MRAP) унаасы бар. Ирак менен Ооганстандагы согуштан кийин алардын үчтөн бири кереги жок катары атайын кампага жиберилүүгө тийиш. МРАПтын ордуна келерки жылы АКШнын куралдуу күчтөрүнө жеңил тактикалык унаа (the Joint Light Tactical Vehicle ) берилгени турат. Бирок МРАПтарды кур дегенде 2022-жылга чейин колдонууга болот деген божомол бар.

XS
SM
MD
LG