Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:11

"AP" АКШны "басма сөзгө кысым" үчүн айыптады


Associated Press агенттигинин президенти Гэри Пруитт өкмөттүн аракетине кескин нааразы болду.
Associated Press агенттигинин президенти Гэри Пруитт өкмөттүн аракетине кескин нааразы болду.

АКШда “Ассошиэйтед пресстин” 20 кабарчысынын телефонун Юстиция министрлиги “тымызын тыңшаганын” айрымдар "басма сөзгө кысым" деп, Обама администрациясын күнөөлөштү.

“Ассошиэйтед пресс” агенттиги бул окуяны өз ишине “буга чейин болуп көрбөгөн масштабдагы кийлигишүү” деп сыпаттады.

Агенттиктин президенти Гэри Пруитт дүйшөмбүдө башкы прокурор Эрик Холдерге жиберген катында “мынчалык көп кабарчынын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшап, маалымат чогултканга эч кандай мыйзамый түшүндүрмө жок” деп нааразылык билдирди.

Агенттиктен кабарлашкандай, аларга министрликтен жума күнү чалышкан да, 20 журналистинин телефон сүйлөшүүлөрү боюнча маалымат мобилдик компаниялардан былтыр апрелде жана майда алынганын билдиришкен.

Маалымат агенттигинин адвокаттары министрлик тыңшаган телефондордун катарында Нью-Йорктогу, Вашингтондогу, Хартфорддогу корпункттарда иштеген журналисттердин жана АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасындагы кабарчыларынын номурлары болгонун айтышты.

“Ассошиэйтед пресстин” вице-президенти жана аткаруучу редактору Кэтлин Кэрролл дүйшөмбүдө жарыяланган видео кайрылуусунда өкмөттүн тыңшоолор менен байланышкан операциясы канчалык кеңири болгонун айтты.

"20 телефондон эки ай бою миңдеген жолу чалынган болушу мүмкүн жана алардын ичинде факс номурлары, агенттиктин бюролорунун, 100дөн ашуун башка журналисттердин номурлары камтылышы мүмкүн", - дейт ал.

Муну менен Кэрролл өкмөттүн аракети канчалык галаты, адаттан сырт болгонун белгилегенсиди.

"Биздин адвокаттар акыркы жылдары мынчалык ири масштабда иликтөө жүрбөгөнүн, ушунчалык көп телефон алдын ала эскертүүсүз тыңшалбаганын айтышты", - деди агенттиктин вице-президенти.

Азырынча өкмөт эмне максатта журналисттердин телефондору тыңшалганын түшүндүрө элек.

Буга чейин айрым расмий өкүлдөр Кошмо Штаттардын башкы прокуратурасы былтыр 7-майда “Ассошиэйтед пресстин” журналисттерине кантип Борбордук чалгын кызматынын (ЦРУнун) Жакынкы Чыгыштагы жашыруун операциясы тууралуу маалымат чыгып кеткенин иликтеп жатканын айтышкан. Анткени агенттик ошол күнкү кабарында ЦРУнун Йемендеги ийгиликтүү операциясын майда-чүйдөсүнөн бери жазган болчу. Маселен, кантип ЦРУ “ал-Каиданы” АКШга уча турган самолетту жардыруудан токтотуп калганын кабарлаган.

Дегинкиси, америкалык прокурорлор журналисттердин телефондорун буга чейин деле тыңшап келген деңизчи, бирок алар бул жөнүндө алдын ала сөзсүз ал журналист иштеген компанияга кабарлап, себебин түшүндүрүшчү.

Бирок өкмөт эмне үчүн бул агенттикке алдын ала эскертүү бербегенин түшүндүргөн катында “эгер эскертүү тергөөнүн жыйынтыгына терс таасирин тийгизиши ыктымал деген коркунуч болсо, прокурорлор эскертүү бербей эле текшере алышат” деп жазды.

Жарандык эркиндик боюнча Америкадагы бирикме соңку окуяны комментарийлеп, өкмөт жашыруун түрдө журналисттердин телефондорун тыңшап, маалымат чогултканы “эң оболу журналисттерди, андан соң аларга өкмөттүн натуура иштери жөнүндө маалымат бериши мүмкүн болгон адамдарды коркутат” деди. Бирикме Обама администрациясын “прессаны кысмактап жатат” деп айыптады.

Ак үй дүйшөмбүдөгү билдирүүсүндө Юстиция министрлиги “Ассошиэйтед пресстин” телефондорун жашыруун тыңшаганы жөнүндө эч бир кабары болбогонун билдирди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG