Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Депутат Нышанов «Кыргызмунайгазга» жетекчиликке барарын четке каккан жок


Жогорку Кенештин «Республика Ата-Журт фракциясынан депутат Нургазы Нышанов «Кыргызмунайгаз» ишканасын жетектөө сунушу түшсө, кабыл алууга даяр. Бул тууралуу депутат «Азаттыкка»билдирди. Анын айтуусунда, бүгүн аталган ишканада өткөн нааразылык акциясында айтылган сөздөрдөн кабары жок.

Нургазы Нышанов мекеме жетекчилери чыр чыгарып, алдын-ала айыптаганы негизсиз экенин кошумчалады.

Бүгүн Кочкор Ата шаарындагы "Кыргызмунайгаз" имаратында жумушчулар нааразылык акцияга чыгышты. Алар ишканага жаңы жетекчинин келишине каршылыгын билдирип, мурдагы жетекчиликти ордунда калтыруу талабын коюшту.

Айрым маалыматтар боюнча, ишканага жаңы жетекчи болуп Жогорку Кеңештин «Республика -Ата Журт» фракциясынан депутат Нургазы Нышанов келиши ыктымал экендиги айтылган. Акцияга 1000ге жакын адам катышты.(RsK)

XS
SM
MD
LG