Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:13

АКШ: Талаштуу мыйзамга сот чекит койду


АКШнын Аризона штаты менен Мексика чек арасындагы дубал. 2010-жылы тартылган сүрөт.

АКШнын Аризона штаты менен Мексика чек арасындагы дубал. 2010-жылы тартылган сүрөт.

АКШда Жогорку Сот Аризона штатынын иммиграция боюнча мыйзамындагы талаштуу жоболордун басымдуу бөлүгүн четке какты.

Бул маселе боюнча 25-июнда чечимге келген Жогорку Сот талаштуу мыйзамдын негизги үч жобосун (иммигранттардын баары каттоо кагазын алуусун жана аны өзү менен кошо алып жүрүүсүн, мыйзамсыз иммигранттардын жумушта иштөөсү же жумуш издөөсү кылмыш катары саналуусун, полицияга мыйзамсыз иммигрант деп шектелгендерди сот чечимисиз камоого укук берилишин караган жоболорду) четке какты.

Бирок полицияга мыйзамсыз жүрөт деген шек менен токтотулган адамдын укуктук макамын текшерүүгө мүмкүндүк берген жобону колдоду.

Сот чечими да ага көз салган тараптардын түрдүү реакциясын жаратты. Иммиграция боюнча Вашингтондогу Улуттук укуктук борбордун аткаруучу директору Мариелена Хинсапи:

- Бул негизинен тартип коргоо органдарынын алга жылуусуна, түстүү жана жакыр адамдардын расалык жактан иргелишине жол берет. Биз бул чечим жарандык укуктардын артка кетүүсү деген ишенимдебиз.

Талаштуу мыйзамы менен талкууга жем таштаган Аризона штатын азыр Республикалык партиянын өкүлү башкарат. Губернатор Ян Брюэр сот чечимин жергиликтүү бийликтин иммиграция мыйзамында федералдык өкмөткө жардамынын колдоо табышы катары оң мүнөздөдү. Аризона штатынан шайланган демократ сенатор Стив Галлардо болсо буларды белгиледи:

- Бүгүн АКШнын Жогорку Соту губернаторго жана мыйзам чыгаруучу органдын өкүлдөрүнө алар чектен чыккандыгын, Аризонадагы мыйзамсыз иммиграцияны жөндөө аракети менен абдан эле терең кирип кеткенин, иммиграция федералдык маселе жана федералдык деңгээлде чечилүүсү керектигин катуу каңкуулады.

"Көзүр карта"

Сот чечими артынан АКШ президенти Барак Обама да атайын билдирүү таратты.

Президенттин билдирүүсүндө белгиленгендей, ал чечимди кубаттайт, бирок мыйзамдын сот колдогон жоболору “тынчсызданууну жаратты”.

“Бир да америкалык сырткы келбетинен улам эле шек алдында жашабоосу керек” деген Обама билдирүүсүндө “алдыда биз Аризонанын тартип коргоо органдары бул мыйзамды сот чечиминде таанылгандай, америкалыктардын жарандык укуктарына шек келтирбегидей жол менен аткаруусун кепилдөөбүз керек”,- деп көрсөткөн.

“Ассошейтед Пресс” агенттигинин жазганына караганда, Аризона мыйзамы боюнча сот чечими президенттик шайлоо өнөктүгү кызыган, Барак Обама жана анын республикачыл атаандашы Митт Ромни да испан тилдүү шайлоочулардын добушу үчүн күрөшүп жаткан кезге туш келди.

Шайлоо өнөктүгүнүн башында Ромни жана башка республикачыл талапкерлер мыйзамсыз иммигранттарга мунапыс берилишин колдойт деген айыптоого кабылбаш үчүн бул маселеде каталыраак турумду карманган.

Бирок “Ассошейтед пресс” белгилегендей, Ромни соңку кездери турумун жумшартты жана бул президент Барак Обаманын жакындагы жардыгынын натыйжасы.

Ага ылайык, АКШга бала кезинде мыйзамсыз кирген жаштардын депортацияланышы токтотулуп, алар мыйзамдык макам алып, иштөөсүнө жол ачылат.

АКШга иммигранттар эң көп келген Мексика менен чектешкен
Аризона акыркы эки жыл аралыгында мыйзамсыз иммигранттардан арылууну максат кылган мыйзам кабыл алган саналуу штаттардын алгачкысы эле.

Бул штаттын талаштуу мыйзамы АКШда легалдуу эмес жүрөт деп эсептелген 11 миллион иммигрантты эмне кылуу керек деген маселе боюнча демократтар менен республикачылар ортосундагы соңку талкуулардын борбордук бөлүгүн түзүп келди.

Аризонанын артынан аныкына окшош үлгүдөгү мыйзамдарды дагы беш штат - Алабама, Жоржия, Индиана, Түштүк Каролина, Юта - кабыл алган.

Президент Барак Обаманын администрациясы Аризонанын мыйзамы Конституциянын жоболоруна каршы келет деп эсептегендиктен, аны сотко берген болчу.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG