Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Царнаевдин тааныштары далилдерди жок кылган


Царнаевдерге байланыштуу далилдерди жок кылган жана ФБРге жалган айткан деп айыпталып жаткан Хайрулложан Матанов.
Царнаевдерге байланыштуу далилдерди жок кылган жана ФБРге жалган айткан деп айыпталып жаткан Хайрулложан Матанов.

23-июнда Бостондо федералдык сот Жохар Царнаевдин иши боюнча айыпталып жаткан казакстандык Азамат Тажаяков менен кыргызстандык Хайрулложан Матановдун ишин карады.

Бостон шаарында өткөн федералдык сотко азыр камакта жаткан Жохар Царнаев менен бирге окуган 20 жаштагы казак Азамат Тажаяков жана 24 жаштагы Бостондо такси айдаган Хайрулложан Матанов өз өзүнчө алып келинди. Бул эки жигит тең өткөн жылдын 15-апрелинде марафон маалындагы террордук жардырууга катыштыгы жок жана кандуу чабуул даярдалып жатканын билген эмес делгени менен кылмыштын далилдерин жок кылган деп айыпталууда. Тажаяков жардыруу болгондон кийин Царнаевдин ноутбук компьютери менен асма баштыгын атайылап жок кылган. Матановго болсо өзүнүн компьютериндеги жүздөгөн файлдарды өчүрүп, Федералдык иликтөөлөр бюросуна калп айткан деген кине тагылууда.

Кийинки аптада соту баштала турган Тажаяковдун адвокаттары аны сот актайт, “ал күнөөсү жок экенин өзү билет” деп ишенишет. Адвокат Мэтью Майерс Тажаяков прокуратуранын күнөөңдү мойнуңа алсаң, жаза жумшарат деген сунушуна макул болбой койгонун дагы билдирди. Буга чейинки адвокаттардын сотту Бостондон башка жерге которуу өтүнүчү канааттандырылган жок.

Матановдун соту 15-июлда өтөт, ага чейин анын адвокаттары прокуратура, бийлик органдары менен иштешүүнү улантаарын адвокат Эдуард Хайден “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

Адвокат Эдуард Хайден
Адвокат Эдуард Хайден

“Ал өз компьютериндериндеги маалыматтарды өчүрүп, далилдерди жоготкон жана тергөөчүлөргө калп айткан деп айтыпталууда. Азыркы коюлган айыптар боюнча чегериле турган жазанын жалпы мөөнөтү 44 жыл болушу мүмкүн. Менин ишим ошол чегериле турган жазаны мүмкүн болушунча азайтуу. Матанов болсо өзүнө коюлган айыптардын баарын четке кагууда, ал өзүн күнөөсүзмүн деп эсептейт. Мен азыр анын эмне деп атканын баарын айтып бере албайм” – деген адвокат Матанов учурда Массачусетс штатындагы Плимут деген шаардагы түзөтүү үйүндө убактылуу кармалып турганын айтты.

Адвокат Хайден бул жолу дагы соттон Матанов полицияга өз ыктыяры менен келип кызматташканын жүйө тартып, аны күрөөгө бошотууну өтүндү. Ага убактылуу жашай турган жай табылганын, эми иш издеп жатканын, “Матанов күнүгө 15-18 саат тынымсыз иштейт” деген адвокаттын сөзүнө прокурор чет элдик жаран “качып кетиши мүмкүн” деген каршы пикирин билдирди.

Тергөө аныктагандай, 2010-2013-жылдары Хайрулложан Матанов алты өлкөдө жашаган 15 кишиге 71 миң доллар которгон. Тергөөчү Макэпрой сотто анын 56 599 доллары Матановдун жакындарына жиберилгенин билдирди. Прокуратура болсо Матанов кээде акчаны башка бирөөнүн атынан которгон десе, адвокат ал акчалардын “терроризмге эч кандай тиешеси жоктугун” айтып талашты.

Бардык тараптардын сөздөрүн уккан соң судья Мэриэнн Боулер Хайрулложан Матановду кийинки сотко чейин атайын жайда кармоого чечим чыгарды.

4-июнда болгон биринчи соттон кийин адвокат Хайден “Азаттыкка” берген маегинде Матанов абдан коркуп чүнчүп кеткенин айткан эле, эми абалы кандай деген сурообузга “Азыр өзүнө келип калды. Албетте, абдан нерви козголуп, коркуп калган, азыр өзүнө келе баштады. Ал кармалгандан кийин аны эч ким коркутуп, же эч ким орой мамиле жасаган эмес. Бирок абакка түшүп калуу Матанов сыяктуу эле кимди болбосун чочутат” деп жооп берди.

Америкадагы достор

АКШнын атайын кызматтарынын тергөөчүлөрүнүн материалдарына ылайык, Матанов ага-ини Царнаевдер менен жакын мамиледе болуп, үч кишинин өмүрү кыйылып, 260 кишини жарадар кылган каргашалуу жардыруудан 40 мүнөттөн кийин Тамерлан менен байланышып, кечинде ага-инини таксисине салып, тамакка алып барган. Андан кийин жашаган батириндеги коңшусуна келип жардыруу тууралуу айтып берген. Ал болсо каны төгүлгөндөр мусулман болбосо экен деген тилегин билдирип тим болгон. Матанов бомба "Аллах үчүн жардырылса", анда мерт болгондор бейишке чыгат деп, адам баласы эртеби-кечпи бу жалгандан өтөөрүн айтып, философиялык ой жоруган.

Жардыруунун эртеси бостондуктар ызы-чууга батып турган маалда Матанов Тамерлан менен бир нече жолу телефондон сүйлөшүп, кечинде анын Кэмбриждеги үйүнө барган.

18-апрелде бардык телеканалдар жардырууга шектүү делген Царнаевдердин сүрөтүн көрсөтө баштаган. 19-апрелге караган түнү өң-алеттен кеткен Матанов коңшусун ойготуп, Царнаевдерди таанырын айтканда, ал тезинен ФБР менен байланышып, болгонун болгондой айтып бер деген кеңеш берген.

Кечирээк Тамерлан Царнаев экөөнүн чогуу таанышына барып, Матанов өзүнүн чөнтөк телефондорун берип, ФБРдин кызматкерлери алардын “мыйзамсыз” экенин билсе, ашыкча суроо жаралат деген ойдо катып коюсун өтүнгөн. Бирок тиги таанышы макул болбой койгон. Андан соң дагы бир таанышынын кеңеши менен жакынкы полицияга барып, Царнаевдер тууралуу айтып берген.

Прокуратуранын маалыматына караганда, Матанов полицияга Царнаевдердин телефон номерлерин, башка маалыматтарды берген, бирок ошол эле маалда Тамерланды мечитте, анан футбол ойногондо гана көргөнүн айтып алдаган. АКШда ФБРге калп айткан киши кылмыш жазасына тартылат. Прокуратура болсо Матановдун полицияга айткандары ФБРдин агенттерине төкпөй-чачпай берилгендиктен, ал Федералдык иликтөөлөр бюросуна жалган айткан болуп саналат деп негиздейт.

Дүйшөмбү күнү өткөн сот маалында Матанов ага-ини Царнаевдер менен байланышынын изин жоготуу үчүн ноутбук компьютериндеги 902 видеофайлды жана 402 документтин 377ин өчүргөнү, өзүнүн чөнтөк телефондорунан дагы маалыматтарды жоготууга аракеттенгени белгилүү болду. ФБР болсо кайра калыбына келтирилген файлдарда зордук-зомбулукка үндөгөн согуштук видеолор бардыгын аныктаган.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG