Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:10

Царнаевдин досу үч жарым жылга соттолду


Азамат Тажаяковдун сотто тартылган сүрөтү. Бостон.

Азамат Тажаяковдун сотто тартылган сүрөтү. Бостон.

АКШ соту бүгүн 2013-жылы Бостондо болгон терактты иликтөөдө укук коргоо органдарына тоскоолдук жаратып, жардырууга тиешелүү буюмдарды жоготкон деген негизде айыпталып жаткан Казакстандын жараны Азамат Тажаков үч жарым жылга соттолду.

Тажаяков 2013-жылы 15-апрелде Бостондо болгон жардырууга күнөөлүү деп табылып, өткөн айда сот арачылар тарабынан өлүм жазасына тартылган Жохар Царнаевдин досу.

Тергөө маалыматтарына ылайык, жардыруудан кийин Тажаяков жана анын досу Дияс Кадырбаев Царнаев жашаган бөлмөдөн жарылуучу заттар салынган баштыкты жана компьютерди алып чыгып, таштандыга ыргытышкан.

Азамат Тажаяков сот жүрүшүндө жана сотто күнөөсүз экенин айткан. Бирок прокурорлор Царнаевдин Массачусетс университетиндеги жатаканадагы бөлмөсүнөн рюкзакты жана ноутбукту алып чыгуу демилгесин Кадырбаев өзүнө алганын, Тажаяков бул тууралуу билип, ага жардам берген деген негизди карманышкан. Адвокаттар болсо Тажаяков ошол түнү Кадырбаев эмне кылганын көрбөгөнүн, ошондой эле сурак маалында укук коргоо органдары менен кызматташканын айтып коргоп чыгышкан.

Буга чейин күнөөсүн моюнга алган Диас Кадырбаев Бостондогу жардырууну иликтөөгө тоскоолдук кылды деген айып менен алты жылга соттолгон. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги өкүм угузулгандан кийин эки жаранына укуктук жактан жардам көрсөтүүдө.

Царнаевдин иши боюнча АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун ишине тоскоол болууга аракет кылган деген айып менен Жохардын дагы бир жакын досу, кыргызстандык Хайрулложон Матанов да соттолуп жатат. Алар ушул тапта камакта.

24 жаштагы Хайрулложан Матанов АКШга 2010-жылы барган. Матанов Жохардын компьютериндеги файлдарды өчүрүп, кылмыштын изин жоготууга аракет жасаган деп айыпталууда. Бир жыл мурун камакка алынган Хайрулложандын иши 18-июнда каралары айтылган.

Ага-ини Царнаевдин үй-бүлөсү бир нече жыл мурда Токмок шаарында жашаган. Кийин Орусиянын курамындагы Дагестан Республикасына көчүп барып, 1999-жылкы экинчи чечен согушунда АКШга кетишкен. Жохар 2012-жылы Кошмо Штаттардын жарандыгын алган.

Терактты уюштурган деп шектелген, Жохардын агасы – Тамерлан Царнаев 2013-жылы 19-апрелде полиция менен ок атышууда набыт кеткен.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG