Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:41

АКШнын Өзбекстанды кубандырган мыйзамы


Тажикстан -- Рогун ГЭСинин курулуп жаткан дамбасы. 2010-жылы тартылган сүрөт

Тажикстан -- Рогун ГЭСинин курулуп жаткан дамбасы. 2010-жылы тартылган сүрөт

АКШда гидроэнергетикалык ири дамбалардын курулушун колдобоону караган мыйзам кабыл алынып, аны Борбор Азиядагы ГЭС курулуштарына каршы болуп келаткан Өзбекстан дароо кубаттап чыкты.

Кошмо Штаттардын коңшу Өзбекстанды дароо кубандырган мыйзамы январь айынын соңунда кабыл алынган эле. Өзбек өкмөтү болбосо да Ташкенттеги “Гидропроект” институтунун жетекчилиги аны дароо эле комментарийлеп, Вашингтондогу мыйзамгерлердин чечими “Борбор Азияда ири плотиналар менен ГЭСтерди куруу долбоорлорун көшөрө түртүп жаткандарга соолуктургудай таасир берүүсү” керек деп билдирген.

Өзбекстан АКШнын дамба боюнча мыйзамын кубаттады

СССР учурунда ГЭСтерди долбоорлоо менен алектенген өзбек институтунун директору Сергей Жигаревдун жазганына караганда, Кошмо Штаттардын мыйзамы “дүйнө коомчулугу ири ГЭСтер менен плотиналардын курулушу алып келүүчү эбегейсиз коркунучтарды аңдап-билип жатканын дагы бир жолу айгинелеп турат”.

Өзбекстандын өкмөттүк мекеме башчысынын бул сөздөрү мамлекеттик “Правда Востока” гезитинде жарыяланган эле.

“Азаттык” Ташкенттеги “Гидропроект” институту менен байланышканда аталган мекеменин директорунун орун басары Павел Цой маселе боюнча интервью бере албасын белгилеп, учурда алар америкалык документти расмий котормодон өткөрүп жатышканын маалымдады.

Питер Босшард ( Peter Bosshard) баш кеңсеси Калифорнияда жайгашкан “Эл аралык дарыялар” бейөкмөт уюмунун саясат боюнча директору. Ал “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде АКШнын ГЭС курулуштарын колдобоо боюнча мыйзамынын тарых-таржымалын чечмелеп берди:

- АКШ Конгресси Дүйнөлүк банктын долбоорлорунун социалдык жана экологиялык таасирлерине узактан бери тынчсызданып келген. 1980-90-жылдары АКШ жана башка өлкөлөр сунуш кылган реформалардан экологиялык жана социалдык стандарттардан улам Дүйнөлүк банк да экологиялык стандарттары менен эрежелерин жакшырткан. Биз түшүнгөндөн Конгресс азыр Дүйнөлүк банк кайра артка кете баштадыбы деп тынчсызданып жаткандай. Анткени бул уюм мурда салттуу түрдө дүйнөдөгү дамба курулуштарынын эң маанилүү каржылоочусу болуп келген да. Латын Америка, Африка, Индия, Кытай, Түштүк Азия, Индонезияда жана башка өлкөлөрдө ири долбоорлор каржыланган. Бирок 1990-жылдары коомчулуктун бул долбоорлордун таасирине байланыштуу кысымынан улам этияттанууга өткөн эле. Азыр алар биз абдан эле этияттанып кеттик, эми бул маанилүү секторго кайра кайтуубуз керек деп негизинен Африкадагы, Гималайдагы жаңы долбоорлорго көңүл бурууда. Балким Вьетнам жана башка өлкөлөрдөн да жаңы долбоорлор болушу мүмкүн. Мурда кубаттуулугу 150 мегаватт өңдүү орто көлөмдөгү долбоорлорду каржыласа, азыр алар өзгөчө Африка менен Түштүк Азияда ири дамбаларды каржылоого ниеттенип жатат.

Конгресс кабыл алып, президент Обама кол койгон мыйзам жобосуна ылайык, америкалык өкмөткө ири дамбалар эл аралык каржы уюмдарынын жардамы менен курулушуна каршы чыгуу көрсөтмөсү берилди. Башкача айтканда, Кошмо Штаттардын Дүйнөлүк банк өңдүү эл аралык каржы институттарынын Директорлор кеңешиндеги өкүлдөрү ири гидроэнергетикалык долбоорлорду колдоо багытында насыя же грант берилишине каршы добуш берүүсү керек.




Климаттагы өзгөрүүлөрдөн улам азыр дүйнөдө энергиянын жаңыланып туруучу түрлөрүн көбүрөөк колдонуу чакырыктары айтылып келет. Маселен, Еврошаркет 2020-жылга муктаждыгынын 15-20% энергиянын ошондой түрү менен жабууну мерчемдөөдө. АКШнын өзүндө энергиянын калыбына келип туруучу түрүн көбөйтүү мүдөөсү бар. Анда эмне үчүн Вашингтондогу мыйзамгерлер дүйнө өлкөлөрүндө ГЭСтердин курулушун колдобой жатат деген суроо чыгат.

Вашингтондогу Брукингс институтунун иликтөөчүсү Уильям Броун (William Y. Brown) “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде АКШ мыйзамындагы жаңы жобо энергия өндүрүүчүлөр менен экологияны коргоону жактагандар ортосундагы глобалдык талкуулардын туундусу экенин айтат:

- Дамбалар, өзгөчө ири дамбалар боюнча талкуулар АКШда узактан бери жүрүп келет. Мыйзамдагы жобого демилгечи болгон сенатор Патрик Лехи жаратылышты коргоонун кызуу жактоочусу. Эгер сиз жаратылышты коргоочуларды уксаңыз алардын ири дамбаларга каршы аргументтери абдан эле күчтүү. Ал эми дамба куруунун адвокаттары болсо муну электр кубатын көбөйтүү мүдөөсү, ирригация иштерин, суу пайдаланууга көзөмөлдү жакшыртуу өңдүү жүйөлөрдү келтиришет. Каршылар болсо экологиялык системанын бузулушун аташат. Кытайдагы Үч-Капчыгай өңдүү ири дамбалардын курулушунан көп сандагы адамдар көчүүгө да мажбур болду да. Өзү гидроэнергетика калыбына келип туруучу энергиянын эң ири бөлүгү. Бирок азыр дүйнөдө өндүрүлгөн энергиянын 2-3% эле түзөт жана эсептер боюнча, алдыдагы элүү жыл аралыгында да 3% ашпайт. Демек ал климаттын өзгөрүшү проблемасын чечүүгө анчалык деле салым кошо албайт.

Утурумдук чечим

Калифорниядагы Эл аралык дарыялар бейөкмөт уюмунун саясат боюнча директору Питер Босшард “Азаттык” радиосу менен маегинде АКШ мыйзамынын ири дамбалар курулушун каржылык жактан колдобоо жөнүндөгү жобосу - бюджеттик мыйзамдын алкагында гана кабыл алынган чечим экенин жана анын күчү азырынча быйылкы жыл менен гана чектелээрин кошумчалады:

- Бирок бул быйылкы бюджет жылынын аягына чейин эле жарактуу. Анткени жобо бюджет мыйзамынын алкагында кабыл алынган. Бюджет жылы болсо АКШда 30-сентябрда аяктайт. Мыйзамдагы шарттар менен көрсөтмөлөр сентябрдын аягына чейин эле жарактуу болот. Конгресс келерки бюджет жылына да ошондой эле чаралар менен көрсөтмөлөрдү белгилейби, жокпу муну убакыт көргөзөт.

“Вашингтон пост” гезитинин жазганына караганда, АКШ мыйзамынын дамбаларга каршы жобосу Дүйнөлүк банк Гватемала менен Эфиопияда каржылаган ГЭС курулуштарынын кесепеттерине жооп чара катары кабыл алынган.

Вашингтон эң ири донору болгон Дүйнөлүк банк ГЭС курулуштарын каржылап келгени жана каржылап жатканы менен Борбор Азияда андай долбоорлорго тикелей тартылган эмес. Тажикстан да, Кыргызстан да Өзбекстан каршы чыккан ГЭСтеринин курулушу үчүн азырынча Дүйнөлүк банктан насыя сурай элек. Бирок Дүйнөлүк банк Өзбекстан талап кылып келгендей, Тажикстандын Рогун ГЭСине экологиялык экспертиза жүргүзүүдө жана анын жыйынтыгы быйыл жыл ортосуна барып чыгаары күтүлүп жатат. Расмий Ташкентти тынчтандыруу үчүн Камбар Ата-1 ГЭСи боюнча ошондой эле экспертизаны өткөрүүгө Кыргызстан да каршы эместигин билдирген.

Кытайдагы Үч-Капчыгай дамбасы дүйнөдөгү эң ири дамба катары эсептелет.

Кытайдагы Үч-Капчыгай дамбасы дүйнөдөгү эң ири дамба катары эсептелет.

“Азаттыктын” маектеши - “Эл аралык дарыялар” бейөкмөт уюмунун саясат боюнча директору Питер Босшард белгилегендей, Кошмо Штаттар Дүйнөлүк банк өңдүү эл аралык каржы уюмдарында ири акционер. Андыктан Конгресстин утурумдук болсо да кабыл алган чечими аны ГЭС долбоорлорун каржылоодо этият болууга түртөт. Ал эми буга дейре Өзбекстан сыяктуу суунун төмөнүндөгү өлкөлөр каршы чыккан учурда Дүйнөлүк банк ГЭС курулуштарын каржылоодон баш тарткан мисалдар болгон:

- Дүйнөлүк банк четтеп кеткен бир долбоор Кытайдагы жогорку Меконг. Меконг дарыясы Кытайдан башталып, ылдый Лаосту, Камбоджаны, Таиландды, Вьетнамды көздөй агат. Суунун төмөнүндөгү өлкөлөр Кытай мерчемдеген дамбадан абдан тынчсызданган. Өзү Дүйнөлүк банк Кытайдын ичинде бир топ дамбаларды каржылаган, бирок чек араны кесип өткөн дарыяларда жайгашкандарды эмес. Бул чөйрөдөгү талаш-тартыштарды жөнгө салуудагы оң багыт - БУУнун чек араны кесип өткөн дарыялар боюнча конвенциясы. Биз ага жетиштүү сандагы өлкөлөр кошулуп, күчүнө кирет деп үмүттөнөбүз. Эгер долбоор боюнча суунун башындагы өлкөлөр менен суунун төмөнүндөгү өлкөлөр ортосунда эл аралык чатак болсо, Дүйнөлүк банк үчүн, албетте жагымсыз кырдаал. Маселен, Түркия Тигр жана Ефрат дарыясында ГЭС куруу үчүн Дүйнөлүк банктан насыя алууга аракеттенгенде Ирак жана Сирия каршы чыгып, Дүйнөлүк банк долбоордон баш тарткан. Суу башындагы Эфиопияда да ушундай болгон. Анын ГЭС курушуна Египет менен Судан каршы чыккан эле. Дамбалардын курулушун түз каржылоодон баш тартканы менен Дүйнөлүк банк бул секторго кандайдыр бир жол менен тартылгысы келет. Башкача айтканда, секторго тиешеси бар инфраструктураны, электр линияларынын курулушун каржылоосу мүмкүн. Башкача айтканда, иликтөө жүргүзүп, консультация кылып, талаштуу долбоорлорду тикелей каржылоого тартылбаса да, инфраструктураны курууга колдоо көргөзө бериши мүмкүн.

Борбор Азияда АКШ Мамлекеттик департаменти демөөрчү болгон, Дүйнөлүк банк каржылоого ниеттенип жаткан ири инфраструктуралык долбоор - CASA-1000.

Электр энергияны Борбор Азиядан Түштүк Азияга чыгарууну караган долбоор толук кубаттуулукта иштөөсү жана экспорттоочуларга чоңураак киреше берүүсү үчүн Тажикстанда Өзбекстан каршы чыккан Рогун, Кыргызстанда Камбар Ата-1 ГЭСтеринин курулушун бүткөрүү талап кылынат.

АКШ Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбор Азияны тейлеген өкүлдөрүнүн бири Ричард Хоугланд 25-февралда Дүйшөмбү шаарынан “Азаттыктын” тажик кызматынын суроолоруна жооп берип жатып Вашингтон Рогун ГЭСинин курулушу боюнча турумун баштапкы иликтөөлөр менен таанышкан соң гана ачыктаарын билдирди.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG