Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:31

Сноуден АКШ менен Гонконгдон соттошот


Кытай -- Эки киши Эдвард Сноудендин South China Morning Post гезитиндеги маегин окуп жатат. Гонк-Конг, 13-июнь, 2013.

Кытай -- Эки киши Эдвард Сноудендин South China Morning Post гезитиндеги маегин окуп жатат. Гонк-Конг, 13-июнь, 2013.

АКШ өкмөтүнүн тымызын көзөмөл операциялары тууралуу өтө жашыруун сырларды ачыкка чыгарган киши Гонконгдо кала берээрин бышыктады. Эдвард Сноуденге каршы АКШда кылмыш иши козголду, Вашингтон бирок аны чыгарып берүү талабы менен Гонконгго кайрыла элек.

«Түштүк Кытай Морнинг пост» гезити менен маегинде Эдвард Сноуден сот алдында жооп берүүдөн качып эмес, АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги жүргүзүп жаткан кеңири масштабдагы «кылмыштуу» тыңчылыктын бетин ачуу максатын көздөгөндүктөн, Гонконгго барганын билдирди.

АКШнын Акыйкаттык департаменти 29 жаштагы Сноуденге каршы кылмыш ишин козгоду, бирок аны чыгарып берүү тууралуу Гонконгго расмий кайрылуу жасагандыгы маалымдала элек.

Сноуден АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинде мурда келишимдин негизинде иштеп кетиптир.

Вашингтондо аталган агенттиктин директору генерал Кит Александр сөз болуп жаткан тымызын көзөмөл операцияларын жактап, алардын аркасы менен АКШда жана башка өлкөлөрдө «ондогон» террор чабуулдарын болтурбай коюу мүмкүн болду деп ырастады.

Александр Сенаттын Чыгымдар комитетинде шаршемби күнү кибер коопсуздук боюнча угуу учурунда сүйлөдү:

- Мен бир канча жашыруун документти берип жатам, бул документтер операцияларда ондогон террордук окуяларды алдын алууга жардам берди.

Ошол эле мезгилде Александр так сандарды келтирген жок жана эки конкреттүү окуяны гана сөз кылды.

Алардын биринде АКШнын теги ооган жараны Нажибулла Зази 2009-жылы Нью-Йоркто бомба жардыруу планы боюнча камакка алынган эле. Экинчиси - теги пакистандык АКШ жараны Давид Хедли андан бир жыл мурда Индиянын Мумбай шаарындагы террордук чабуулдарды пландоого катышкан деп кармалган.

АКШнын Кибер командачылыгын жетектеген Александр Сенаттагы угууда демократиялык партиянын сенатору Патрик Лихи менен кайым айтыша кетти.

Лихи андан «ондогон» кайсы чабуулдар экендигин сурады. Александр жооп берип баштаганда берки сенатор анын сөзүн бөлүп, "Миллиондогон сүйлөшүүлөр тыңшалып, миллиондогон каттарды окуп, бирок алардын 10 чактысы гана террордук кол салуулардын алдын алууга жардам бергендиги кандай?" - деп такыды. Александр бул суроого «ооба» деп жооп берүү менен чектелди.

Сноуденден алган документтерге таянып, "Гардиан" жана "Вашингтон Пост" гезиттери өткөн аптада жазышкандай, АКШнын өкмөтү Гугл, Фейсбук өңдөнгөн байланыш кызматын сунуш эткен компаниялар аркылуу АКШда жана башка жактарда миллиондогон адамдардын телефондорун жана интернеттеги маалыматтарын чогултуп, көзөмөлдөп келген.

Мындан улам АКШда жана башка өлкөлөрдө адамдын жеке турмуштук укуктары жана өкмөттүн терроризм менен күрөш милдетинин ортосундагы карама-каршылык боюнча талаш-тартыш кайрадан жанданды.

Айрым америкалык депутаттар Сноуденди «чыккынчы» катары каматууну талап кылышты.

АКШнын Улуттук Коопсуздук агенттигинде "Буз Аллен Хэмилтон" деген менчик компаниясы аркылуу иштеген Сноуден ушул дүйшөмбүдө Гонконгдогу мейманканадан чыгып кеткен бойдон анын азыр кайда экени белгисиз.

Гонконгдо чыгуучу «Саус Чайна Морнинг Пост» гезити менен маегинде ал өзүн «чыккынчы да, баатыр да эмесмин, мен АКШнын жаранымын» деп мүнөздөдү.

Сноуден Гонконгдон туруп, АКШ өкмөтү менен соттошууну көздөп жаткандыгын, буга Гонконгдун демократиялык системасы мүмкүндүк берет деп ишенээрин билдирди.

Мурда Британиянын колониясы болгон Гонконг Кытайдын карамагына 1997-жылы өткөндө өз алдынча сот системасын сактап калган. Бирок коммунисттер башкарган Кытайдын өкмөтү бул аймактын тышкы иштерин, анын ичинде экстрадиция маселелерин бүт өзү көзөмөлдөйт.

Маегинде Сноуден ошондой эле Улуттук Коопсуздук агенттиги дүйнө боюнча 60 миңден көп жолу миңдеген жеке компьютерлерди хакерлик жол менен бузуп киргенин эсептеп чыкканын билдирди. Анын айтымында, ошондой эле Кытай менен Гонконгдо жүздөгөн америкалык буталар болгон.
XS
SM
MD
LG