Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

АКШ өкмөтүнүн пилотсуз учуучу унааларды колдонушуна каршы нааразы болгон чоң эне, таенелер Нью-Йоркто нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар америкалык дрондордун чет өлкөлөрдө колдонулушу менен катар, АКШнын өзүндө да жарандардын укуктарын чектөөгө пайдаланылышы мүмкүн деп камтама болушууда.

"Чоң эне, таенелер согушка каршы" деген уюмдун 50дөн ашык мүчөсү 3-апрелде АКШ президенти Барак Обаманын "дрон" деген аталышта белгилүү болгон пилотсуз аба унааларын колдонушуна каршы акцияга чыгышты.

Демонстранттар ырдашып, ыр окушуп, "дрондор учат, балдар өлөт" деп кан какшап, "жашасын тирүүлүк, дрондор жоголсун" деп ураан чакырышты.

Неберелүү айымдардын бул уюму Нью-Йорктун ушул аянтында тогуз жыл бою ар шаршембиде Ирак согушуна каршы акцияларды өткөрүп келишкен.

Чоң эне, таенелердин нааразылыгы Нью-Йорктогу "Дронду билели" уюму баштаган "Апрел аракеттер айы" деген 30 күндүк жүрүштөрдүн башталышы болуп калды. Ай ичинде бүт өлкө боюнча дрон жасоочу ишканаларда жана дрон технологиясын өркүндөткөн университеттерде демонстрациялар пландалган.

Чоң эне, таенелер согушка каршы тобунун 81 жаштагы түптөөчүсү Жоан Уайл пианино ойногонду үйрөнүш үчүн былтыр активизмден баш тарткан эле. Бирок ал "Aзаттыктын" кабарчысына Пакистан, Ооганстан сыяктуу өлкөлөрдөгү америкалык дрондор алып келген мүшкүл анын түн уйкусун бузуп, сарсанаа кылып жаткандыгын мындайча билдирди:

- Мен мунун баарын абийирсиздик деп айтат элем. Биздин өлкөдө адам күнөөсү далилденмейинче ак деп саналат. Ал эми башка өлкөлөрдө биз сотсуз эле сот да, баш кесер да болуп жатабыз.

Дрон учак эмес, аба унаасы делгени, ал мерчемделген аймактын үстүндө күндөп-түндөп, калкып тура берет. Аны океандын аркы жагынан туруп башкарган «пилоттор» укмуштуудай кубаттуу көрөгөч турнабай аркылуу жердеги кыймылга узак убакыт байкоо жүргүзүп, мисалы, террорист деп шектелген адамды кээде машинасы менен атып сала алат.

Дрондон атылган адамдын алты саны чачырап кетет. Кээде операторлор террорист деп башка бир адамды атып салган учурлар катталган. Кийинки кездери дрондон карапайым тургундар калпыстык менен атылган учурлардын азайганы кабарланууда. Бирок Обаманын администрациясы дронду Пакистан менен Ооганстанда террорчулар деп шектелгендерге каршы колдонушу АКШда ар кыл саясий чөйрөлөрдө сындалып келет.

Маселе Бириккен улуттар уюмунда да каралган. Март айында Бириккен улуттар уюмунун америкалык дрон чабуулдарынын курмандыктарын иликтеген комиссиясынын жетекчиси Пакистанда бул унааны колдонуу өлкөнүн суверендүүлүгүнө шек келтирет деп айткан. БУУнун адам укуктары жана анти-терроризм боюнча атайын өкүлү Бен Эммерсон Пакистанда мамлекеттик өкүлдөр «мындай чабуулдардан аз дегенде 400 карапайым тургун набыт болгондугун далилдей алабыз» деп айткандыгын билдирген.

Өткөн айда ошондой эле АКШнын сенатору, республикачы Рэнд Пол дрон америкалык жарандарга каршы колдонулушу мүмкүн деген тынчсыздануудан улам, ЦРУнун жетекчилигине Жонн Бреннанды дайындоодо «филибастер» деп аталган талкууну создуктуруу тактикасын колдонгон эле.

«Дронду билели» уюмунун негиздөөчүсү Ник Моттерндин кесиби журналист. Пенсиядагы 75 жаштагы активист дрон АКШда да, дүйнөдө да эркиндикке коркунуч келтирет деп эсептейт:

– Бул курал менен биздин түп негиз адам укуктарыбыз аткыланып жатат. Дрон башкарууга келбеген курал.

77 жаштагы Корей согушунун ветераны Уиллиан Жилсон да ушул эле пикирде. Ал Обаманын дронду колдонушу «мыйзамсыз» экендигин мындайча эскертти:

– Обама Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган киши. АКШнын президенти кесиби боюнча конституциялык мыйзамды талдаган юрист. Ошого карабастан, ал суверендүүлүктүн бардык эрежелерин, эл аралык мыйзамдын шарттарын тепселеп, дрондор менен башка өлкөлөрдүн аба мейкиндигине баскынчылык кылып жатат.

Обаманын администрациясы АКШнын аймагында согушка катышпаган америкалык жарандарга каршы курал колдонууга президент буйрук бере албай тургандыгын айткан. Бирок Нью-Йорктогу демонстраттарга бул жетишсиз. «Чоң эне, таенелердин тынчтык бригадасы» деп аталган дагы бир уюм азыр Нью-Йоркту "Дрон колдонулбаган шаар" деп жарыялоону сунуш этүүдө.

Дронду согушта гана эмес, мисалы, жолдогу кыймылды көзөмөлдөө өңдөнгөн күнүмдүк иштерге колдонууга болот. Бирок айрыкча 11-сентябр чабуулунан кийин АКШда карапайым жарандарды тымызын көзөмөлдөө чаралары күч алгандыктан, дронду да ошол максатта колдонушат деген кооптонуу бар.

Бүгүн дүйнөдө 50дөн ашык өлкөдө дрон бар. Айрым маалыматтар боюнча, Кошмо Штаттарынын Өзбекстанда дрон базасы бар. Кытай да бул унааны улам кеңири пайдалана баштаган өлкөлөрдүн катарына кирет. Кыргызстан АКШдан дрон сураганы кабарланган, бирок өлкөнүн Вашингтондогу элчилиги бул маалыматты тактаган эмес. Согуштук максатта колдонулган дрон миллиондогон доллар турат, аны башкаруу да өтө кымбат деп саналат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG