Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Санкциялар доллардын шайын оодарчудай


АКШ доллары
АКШ доллары

АКШнын Финансы министрлиги экономикалык санкцияларды ашыкча колдонуу Кошмо Штаттардын каржылык системасына зыянын тийгизип, башка мамлекеттерди долларды дүйнөлүк резерв валютасы катары кабылдоодон алыстатат деп эскертти.

Обаманын администрациясы Иран, Орусия жана Түндүк Кореяга, ошондой эле терроризм, маңзат жана адам соодасы менен алектенген бир катар уюмдарга каршы санкцияларды колдонуп келатканын Кошмо Штаттардын финансы министри Жек Лью 30-мартта билдирип, анын натыйжалуулугунун чеги бар экенин белгиледи. Бул тууралуу ал эл аралык бейпилдикти колдоо боюнча Карнеги фондунда айтты

- Санкциялар жеңил эле колдоно берилбеши керек. Стратегиялык маанисин эске алуу менен “акылдуу” кадам жасалышы кажет, - деген Жек Лью санкцияларды ашыкча колдонуу дүйнөдө лидерлик позицияны кармоого терс таасирин тийгизиши ыктымалдыгын эскертти.

Министр Лью “санкциялар менен жазалоо” ыкмасы Вашингтондун каржы системасынын солгундашына жол ачарын да белгилейт:

Жек Лью
Жек Лью

- Санкцияларды күчөтүүнүн акыбети доллардын валюта базарындагы ролун төмөндөтүп, дүйнөлүк резерв акча катары аброюн жоготушуна алып келет. Өнөктөштөр АКШ долларынан оолактап, башка валюталар менен иштөө ыкмасын издегенге өтөт.

Жек Лью дүйнөлүк экономикадагы башкы максат каржы системасын курч бойдон сактоо менен анын келечектеги таасири жөнүндө да ойлонуу зарылдыгын айтат.

Лью Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу Тегеранга каршы бир канча жыл колдонулган санкциялар алынгандан соң, экинчи ирет киргизилген санкциялар “өтө зарыл учурда гана колдонууга тийиш эле” деген пикирин кошумчалады:

- Биздин Ирандын өзөктүк программасына каршы киргизген санкциялар узак мөөнөттүк шартта дипломатия менен айкалышып, үзүрүн берерин көрсөттү. Бирок ошол эле учурда биздин өнөктөштөр тарабынан Кошмо Штаттар өз саясатын дүйнө жүзүнө таңуулап жаткандай көрүндү.

Иран жана дүйнөлүк алты мамлекеттин ортосунда өткөн жылдын ноябрында түзүлгөн келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программаларын чектөөгө макул болгон. Быйыл 16-январда Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик Тегеран өзөктүк программа боюнча бардык шарттарды аткарганын жарыялаган. Андан соң Евробиримдик жана АКШ Иранга киргизилген экономикалык чектөөлөрдү толук алып салган болчу. Аз өтпөй эле баллистикалык ракетаны сыноо боюнча шартты бузганы үчүн АКШ Иранга каршы жаңы санкцияларды жарыялаган.

Ал арада АКШ президенттигине талапкерлигин койгон республикачылардын айрымдары Тегеранга мурда киргизилген санкцияларды алып салууну сындап чыгышкан.

Украинадан Крымды аннексиялап алгандыгына байланыштуу АКШ жана Батыш мамлекеттери орусиялык компанияларга, айрым аткаминерлерге жана ишкерлерге каршы да санкцияларды жарыялаган. Мындай чаралар Орусия экономикасын солгундатты.

Орусия федерациясынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы, элдик депутат Константин Косачев Жек Льюнун сөздөрүнө өз пикирин билдирип:

- Биз мындай тандалма санкцияларга ыраазычылык билдирет окшойбуз. Алар бизге өз күчүн көрсөттү. Бирок Ялта киностудиясы менен мамлекеттик эмес Сбербанктын пенсиялык фондуна киргизилген санкцияларды түшүнө албадым, - деди.

Ал арада АКШ Украина чыгышындагы абалдын чыңалышына Москванын таасири бар экенин белгилеп, Орусияга киргизилген санкциялардын мөөнөтүн улам узартууда.

XS
SM
MD
LG