Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Клинтон менен Трамптын “чоң шейшембиси”


Дональд Трамп жана Хиллари Клинтон.
Дональд Трамп жана Хиллари Клинтон.

АКШдагы “чоң шейшемби” президенттик шайлоо өнөктүгүндө демократтардан мурдагы Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун, республикачылардан миллиардер Дональд Трамптын лидерлигин бекемдеди.

Америкалыктар “чоң шейшемби” деп атаган 1-мартта президенттикке үмүткөрлөрдүн ички партиялык шайлоосу бир учурда 12 штатта өттү.

Анын баштапкы жыйынтыгына караганда, демократтардын жарышта калган эки үмүткөрүнүн бири Хиллари Клинтон жети штатта: Алабама, Жоржия, Теннеси, Техас, Арканзас, Массачусетс, Виржиния жана америкалык Самоа аралдарында жеңишке жетти.

"Чоң шейшембинин" аркасында президенттикке талапкерлик укукту алуу мүмкүнчүлүгү буга чейинкинден кыйла арта түшкөн Клинтон “Хиллари” деп үн салган жактоочулары алдына Флоридадагы Майами шаарында чыкты:

- Дубал тургузуунун ордуна биз тоскоолдуктардын баарын бузабыз, мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүчү тепкичтерди курабыз. Ошондо гана Америкада ар ким толук дараметинде жашайт алат. Шайлоонун мааниси азыркыдай эч качан жогору болгон эмес, биз экинчи тараптан уккан риторика азыркыдай төмөн түшкөн эмес, Американы өздүкү жана өзгөнүкү деп бөлүү жаңылыштык, биз буга жол бербейбиз.

Хиллари Клинтондун бул сөздөрү республикачылардан президенттикке үмүткөр Дональд Трампка багышталды окшойт.

Клинтондун "Чоң шейшембиси"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:36 0:00

Анын ички партиялык жарыштагы атаандашы, өзүн социалист атаган сенатор Берни Сандерс “чоң шейшембиде” Вермонт, Оклахома, Миннесота жана Колародо штаттарында колдоо тапты.

Бир катар талдоочулардын баамында, Клинтон менен Сандерстин ички партиялык жарышы узакка созулары күтүлгөнү менен акыр-аягында Демократиялык партиядан президенттикке талапкер болуу укугун мурдагы Мамлекеттик катчы алары талашсыз.

Ал эми республикачылардан миллиардер, саясий сыпайгерчиликти артка артка таштап, орой жана одоно билдирүүлөрү менен электораттын бир бөлүгүнө жаккан Дональд Трамп ички партиялык жарышты удаа-удаа жеңип жатканы менен ал партиянын атынан расмий талапкер боло алабы же жокпу бул азырынча анык эмес:

- Талаа (саясий) бөлүнгөн бойдон кала берсе,Трамптын талапкерликти алуусу да чындыкка улам жакындай берет. Бул республикачылар, консерваторлор, өлкө үчүн кыйроо болот. Биз бүгүн биздин өнөктүк гана Дональд Трампы жеңе аларын жана жеңе турганын көрдүк,- деди республикачылардын жарышта калган төрт үмүткөрүнүн бири, консерваторлук турумду карманган саясатчы катары таанымал сенатор Тед Круз партиялаштарын анын айланасына биригүүгө чакырып.

Круз чоң шейшембиде шайлоо өткөн 11 штаттын үчөөндө жеңсе, Трамп жетөөндө утту. Дагы бир үмүткөр, сенатор Марко Рубио бир штатта алдыга чыкты.

Соңку кездери саясий атаандаштары арасынан жана Республикалык партиянын жетекчилигинен дарегине сын күчөгөн Дональд Трамп “чоң шейшембидеги” жеңишинен кийин өзүн партиянын бириктирүүчүсү жана кеңейтүүчүсү катары мүнөздөдү:

- Биз Республикалык партияны кеңейттик. Эгер силер Түштүк Каролинага (баштапкы шайлоо өткөн штаттардын бири) көңүл бурсаңар биз кошумча тарта алган адамдар Демократиялык партиядан келишти. Алар узактан бери демократ болушкан, которулууну каалашкан эмес, бирок которулушту. Мага ишенип койгула, мен бириктирүүчүмүн.

Өтө татаал маселелер үчүн да жөнөкөй эле чечимди сунуш кылган Дональд Трамп талдоочулардын баамында, электораттын нааразы жана анча билимдүү эмес катмарына таянууда.

Шайлоо өнөктүгүн “Американы кайрадан улуу өлкөгө айлантуу” урааны астында жүргүзүп жаткан Трампты Республикалык партиянын истеблишменти да колдогон жок.

- Эгер адам Республикалык партиядан талапкер болгусу келсе, бул жерде шылтоо же кандайдыр бир оюн боло албайт. Ал фанатизмге негизделген кандай топ же жүйө болбосун четке кагуусу керек, - деди АКШ Конгрессинин Эл өкүлдөр палатасынын спикери, Республикалык партиянын жайдагы шайлоо курултайына төрагалык кылуучу Пол Райан кечээ Трамптын шайлоо өнөктүгүн сынга алып.

Ички партиялык жарыш штаттар боюнча июнь айына чейин уланып, Республикалык жана Демократиялык партия Ак үй үчүн бирден талапкерин июль айынын соңуна мерчемделген курултайларында расмий бекитет. Шайлоо 8-ноябрда өтөт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG