Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

АКШда вице-президенттикке талапкерлердин айтышы өттү


АКШнын вице-президенти Жо Байден (оңдо) жана Республикалык партиядан вице-президенттикке талапкер Пол Райан дебат учурунда. 11-октябрь, 2012
АКШнын вице-президенти Жо Байден (оңдо) жана Республикалык партиядан вице-президенттикке талапкер Пол Райан дебат учурунда. 11-октябрь, 2012

11-октябрда вице-президенттикке талапкерлер: демократ Жо Байден менен республикачыл Пол Райан Кентукки штатында өткөн теледебатта ички жана тышкы саясаттагы орчундуу маселелерди талкуулашты. Кимиси жеңгени тууралуу эксперттер менен сурамжылоолордун жыйынтыктары ар кандай болуп жатат.

Вице-президенттикке талапкерлердин жалгыз теледебаты түрдүү маанилүү маселелер боюнча өтө кескин билдирүүлөр менен коштолду.

Республикалык партиядан вице-президенттикке талапкер Пол Райан Ливияда АКШнын консулдугуна болгон чабуул жана ал жердеги америкалык элчинин киши колдуу болушу президент Барак Обаманын тышкы саясатынын “чабалдыгын” көрсөттү деди.

"Бенгазидеги бул окуя өзү эле чоң трагедия, бирок, тилекке каршы, үлкөн проблеманын көрсөткүчү болуп калды", - деди Райан. "Бул – Обаманын тышкы саясатынын кыйрашы. Анын айынан дүйнө башаламан, биз үчүн кооптуу болуп калды".

Обаманын администрациясы коргоо тармагынын бюджетин кыскартууну сунуш кылып жатканын да Райан “президенттин алсыздыгы” катары баалады.

Анын оппоненти Байден болсо, тетирисинче, Обаманын тышкы жана экономикалык саясатын колдон келишинче коргоп, президент АКШнын союздаштары менен мамилени чыңаганын, Ирандын ядролук программасы боюнча санкциялардын киргизилишине жетишкенин айтты. Мунун баарын ал “ийгилик” деп атады.

"Азыр менин досум алсыздык жөнүндө эмне деп жатканын чындап түшүнбөй турам. Обама эмнени жасайм деп келген болсо, ошонун баарын ишке аткарып жаткан президент. Ал – биздин бүт досторубуз менен мамилени оңдоп, дүйнө кайра бизди ээрчишине жетишкен адам. Дал ушул кишинин аракети менен бүтүн дүйнө, анын ичинде Кытай менен Орусия да, Ирандын эң эле бузуку аракеттерин токтотуш үчүн ага каршы өтө катаал жазаналарды киргизди", - деди Байден.

Висконсинден чыккан конгрессмен Райан дебатта, өзүнүн атаандашына караганда, бир топ эле акырын сүйлөгөндөй туюлду. Алар өлкөнүн ички жана тышкы саясаты, улуттук коопсуздук, саламаттыкты сактоо, салык саясатындагы абалды, керек болсо, бойдон алдырууга чейинки маселелерди талкуулашты.

Райан Обама администрациясынын Орусия менен мамилени “кайрадан жандандыруу, ага жаңы дем берүү” аракетинен эч кандай майнап болбоду деди.

Иран боюнча ал, тетирисинче, Обаманы бул өлкөнүн ядролук курал жасоо мүдөөсүнүн алдын ала албаганы үчүн сындады.

"Биз Иранга ядролук курал жасоого жетерлик күч топтошуна жол бере албайбыз. Обама эми эле президенттикке келгенде, Тегерандын бир гана бомбага ылайыктуу материалдары бар эле. Азыр карасаңар, алар беш бомба жасаганга жетиштүү күч топтошту", - деди республикачыл талапкер Райан. - "Алар атомдук бомба жасоого ушунчалык тез баратышат. Азыркыдай ыргакта кете берсе, төрт жылда алар атом куралын жасоого үлгүрүшөт. Жорж Буштун тушунда биз Бириккен улуттар уюмунда Иранга каршы үч санкция киргизгенбиз. Обаманын президенттигинде болсо болгону бир эле жолу жазана киргизилди. Буга себеп – Орусия Ирандын борбордук банкына каршы санкцияларды колдобой көгөрүп туруп алганы болду".

АКШда президенттик шайлоонун алкагында вице-президенттикке талапкерлердин дебаты, адатта, анча маанилүү эмес окуя катары сыпатталат. Бирок бул жолку айтышка көптөр өзгөчө маани берип жатышты. Анткени буга чейин президенттикке талапкерлер Барак Обама менен Митт Ромнинин алгачкы таймашында Обама өзүнүн атаандашына уттуруп койгону айтылган. Ошондуктан демократтар бул ирет Байден сөзсүз жеңиши керек деп жатышкан эле.

Республикалык партиянын президенттикке талапкери Митт Ромни алгачкы таймашта утканына карабай, баары бир өзүнүн ал жердеги билдирүүлөрүнө көңүлү толбогонун айтты.

Кошмо Штаттарында президенттик шайлоо 6-ноябрда өтөт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG