Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

АКШ менен ЕБ Орусияга каршы санкциясын кеңейтти


АКШ санкция киргизген ВТБ Орусиянын мамлекеттик эң ири банкы.
АКШ санкция киргизген ВТБ Орусиянын мамлекеттик эң ири банкы.

Москва болсо санкциялар украин кризисин жөнгөрүүгө салым кошпой турганын айтууда.

Кошмо Штаттардын Орусияга каршы жаңы санкцияларын Ак үйдө сүйлөгөн кезинде президент Барак Обама өзү ачыктады.

Ал белгилегендей, Москва Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилерди колдоону жана “курал менен жабдууну” улантып жатканы үчүн жарыяланган санкциялар орус банктарынын капитал базарына кирүүсүн кыйындатып, президент Путиндин айлана-чөйрөсүнө, Украинадагы мыйзамсыз ишмердикке тартылган компанияларга кысымды күчөтүүнү көздөйт.

АКШ президентинин ырастоосунда, бул Вашингтондун эмес, Москванын тандоосу:

- Сөзсүз эле буга келбеш керек эле. Бул жолду тандабоо керек эле. Бул Орусия жана өзгөчө президент Путин жасаган тандоо болду.

Президент Обаманын Ак үйдөгү сөзү алдында АКШнын каржы министрлиги санкция жайылтылуучу уюмдардын тизмесине Орусиянын дагы үч банкын: ВТБ, “Банк-Москва” жана “Россельхозбанкты” кошконун жарыялаган.

Бул Орусия жана өзгөчө президент Путин жасаган тандоо болду.

Америкалык HWA каржы компаниясынын директору Грегори Грушко “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматы менен маегинде орус банктарына каршы багытталган чектөөнүн маңызын мындайча түшүндүрдү:

- Орус банктары салтка айлангандай арзан капиталды Батыштан алат. Биринчи кезекте Лондондон. Андан кийин бул капиталды кыйла жогору үстөк менен орусиялык корпорацияларга, жеке адамдарга беришет. Алар үчүн эми мындай мүмкүнчүлүк жабылып жатат. АКШнын жана Еврошаркеттин санкциялык тизмесине кирген банктар Түндүк Америка менен Европанын банктарынан узак мөөнөттүү каржы алуу мүмкүнчүлүгүн реалдуу түрдө жоготууда. Менимче, Путин жана Кремль бул санкциялардын олуттуулугун жана кошумча санкциялардын киргизилүү мүмкүнчүлүгүн жакшы түшүнөт. Азыркы этапта кандайдыр бир жол менен келишүүгө барып, мындан аркы санкцияларды алдын алып, буга чейин киргизилген санкциялардын таасирин азайтуу - Кремлдин кызыкчылыгындагы иш.

Ошол эле учурда АКШнын санкциялары жеке кардарлардын банк менен алака-катышына залакасын тийгизбейт.

Өзү Вашингтон соңку чараларды кошкондо Орусиянын мамлекет колундагы алты ири банкынын бешөөсүнө санкция киргизди. Алар өлкөнүн банк секторунун 30 пайызын көзөмөлдөйт.

АКШнын Соода министрлиги Орусияга суунун тереңинен мунай бургулоочу технологияларды экспорттоо чектелерин жарыялады.

Мындан сырткары Орусиянын 100% мамлекеттик ишканасы - Бириккен кеме куруу корпорациясына да санкция киргизилди. Ага ылайык, америкалыктар бул корпорация менен алака-катыш жасай албайт.

Орус өкмөтүнүн коргонуу өндүрүшүн тейлеген вице-премьери Дмитрий Рогозин АКШнын чечимин комментарийлеп: “Бул орусиялык аскерий кеме курулуш душмандарга көйгөй жаратып жатканынын анык белгиси”, - деп жазды. ВТБ банк болсо санкцияларды “адилетсиз жана саясий жүйөсү” бар деп атады.

Вашингтондогу басма сөз жыйында АКШ президентине “кансыз согуш доору кайра башталдыбы?” - деген да суроо жолдонгон эле.

Бирок Барак Обама мындай пикирлерди четке какты:

- Украин элине эмне жасоо керектигин таңуулоого аракеттенбестен, орусиялыктар алар үчүн Украинанын ичинде таасир көргөзүүнүн эң сонун мүмкүнчүлүгү жакшы коңшу болуу жана соода-сатыкты кармоо экенин канчалык эрте түшүнүшсө, президент Путин Украина Орусияга вассалдык өлкө эместигин канчалык тез тааныса, биз бул кризисти Украинанын чыгышында бүгүн көрүп жаткандай адамдардын трагедиялык өлүмүнө алып келбестен ошончолук тез чече алабыз.

АКШнын алдында Орусияга каршы санкцияларын Еврошаркет да кеңейткени белгилүү болгон.

Брюсселде макулдашылгандай, Орусияга каршы курал эмбаргосу киргизилет, мамлекет карамагындагы банктар Европанын капитал базарына кире албайт, кош максаттагы товарларды, технологияны, анын ичинде мунай секторуна тиешелүү технологияны экспорттоо чектелет.

Еврошаркет кара тизмесин да кеңейтип, буга чейинки 87 адамдын катарына дагы сегизди, 20 компаниянын ичине дагы үчтү кошту.

"Агрессор өлкө" мыйзамы

Бул аралыкта Орусия да АКШ менен Европага каршы жооп чараларын ойлонушуп жаткандай.

Кремлчил гезиттер жазгандай, айрым федералдык мыйзамдарга даярдалып жаткан толуктоолорго ылайык, Орусияга каршы санкция киргизген мамлекеттерге карата “агрессор өлкө” деген аныктама колдонулат.

Демилгечилердин бири, Мамлекеттик Думанын депутаты Евгений Федеровдун айтымында, мыйзам орус өкмөтүнө “агрессор өлкөлөрдө” катталган аудитордук жана консалтинг компаниялардын Орусиядагы ишин чектөөгө мүмкүндүк берет.

Федеров санкцияга ыктымал кабылуучулар катары Батыштын “Делойт, “Эрнест енд Янг”,Бостон консалтинг груп”, “МакКензи” өңдүү ири аудитордук компанияларын атады.

Бул мыйзам долбоору санкцияларга каршы Москванын реакциясы да курчуганын ишара кылат. Бирок айрым аналитиктер Кремль Орусиянын өзүнө сокку уруучу жана анын компанияларын изоляция кылуучу кадамга барарынан шек санап турат. Анткени тышкы базарга чыгуу үчүн орус компанияларына тескерисинче ошол эл аралык аудиторлордун текшерүүсүнөн өтүү талап кылынат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG