Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

АКШ Европада ракетадан коргонуу жайын ишке берди


АКШнын ракетадан коргонуу боюнча "Patriot" жабдуус. Польшадагы машыгуу, 21-март, 2015-жыл.
АКШнын ракетадан коргонуу боюнча "Patriot" жабдуус. Польшадагы машыгуу, 21-март, 2015-жыл.

Кошмо Штаттар Европада ракетадан коргонуу боюнча кургакта курулган алгачкы жайын ишке киргизди. НАТО менен АКШнын ракетадан коргонуу боюнча системасына Орусия башынан каршы чыгып келатат жана эки тараптын бул маселе боюнча талаш-тартышы али токточудай эмес.

АКШнын ракетадан коргонуу боюнча Европада, кургакта курулган алгачкы комплекси бүгүн Румынияда ишке берилди.

800 миллион долларга бааланган аскерий база өлкөнүн түштүгүндөгү Девеселу деген кыштагында жайгашкан.

Аянты 170 гектар келген жайга Aegis үлгүсүндөгү радар менен катар орто жана алыска аралыкка учуучу ракеталарды кармап, керектен чыгарууга жарамдуу SM- 3 ракеталарынан 44 даана орнотулган.

Румыниядагы бул аскерий объектти башкарууну быйыл июль айынан тарта НАТО жүргүзөт деп күтүлүүдө.

АКШ менен НАТОнун саясий жана аскерий өкүлдөрү адатта Европада ракетадан коргонуу боюнча системанын зарылдыгын Жакынкы Чыгыштан келиши, атап айтканда Ирандын ракеталары туудурган ыктымал коркунучтар менен түшүндүрүп келет.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг бүгүнкү пресс-конференцияда буларды айтты:

- Бул система Орусия жөнүндө эмес, Орусияга каршы багытталган эмес. Бул система техникалык, географиялык жактан Орусиянын стратегиялык коргонуусуна шек келтирип же аны алсыздандыра албайт. Аны менен Орусиянын континенттер аралык баллистикалык ракеталарын атып түшүрүү да техникалык жактан мүмкүн эмес. Бул система евро-атлантикалык аймактын сыртынан келген коркунучтарга каршы багытталган жана Орусия муну билет. Андыктан чыңалууну күчөткүдөй эч жүйө жок.

Ракетадан коргонуу боюнча алардын аймагына жайгаштырган система коргонуу гана максатын көздөй турганын жана эч бир өлкөгө каршы багытталбаганын Румыниянын президенти Клаус Йоханнис да белгиледи.

Ал эми АКШ мамлекеттик катчысынын куралга көзөмөл жүргүзүү маселелер боюнча жардамчысы Фрэнк Роуз Румыниядагы ачылыш салтанаттын алдында “Иран баллистикалык ракеталарын өнүктүрүп, сынап, жайгаштырып, алардын учуу аралыгы жана тактыгы күчөтүлүп” жатканына көңүл бурду.

Эми ракетадан коргонуу системасынын дагы бир бөлүгүнүн курулушу ушул жума күнү Польшада башталат деп күтүлүүдө. Ал 2018-жылга барып аякташы керек.

Орусия болсо бул системаны мурдагыдай эле тикелей өзүнө каршы багытталган деп эсептөөдө.

Талаштын тарыхы

Москва менен Вашингтондун ортосунда бул маселе боюнча талаш-тартыштар 2007-жылы президент Жорж Буштун администрациясы учурунда башталган.

Анда Москва Вашингтондун бир канча жолку ынандырууларына карабай АКШнын ал кездеги администрациясынын баллистикалык ракетадан коргонуу боюнча кеңири системасынын бөлүктөрүн Польша менен Чехияда жайгаштыруу пландарына караманча каршы чыккан эле.

2009-жылы бийликке келген президент Барак Обама анда Орусия менен мамилени “кайра жандандыруу” менен мурдагы президент Буштун планынан баш тартып, ракетадан коргонууда деңизге таянган стратегияга артыкчылык берген болчу.

Мындан улам 2010-жылы АКШ Европага ракетадан коргоочу кемесин жөнөтүүнү сунуш кылып, 2011-жылы Жер ортолук деңизинде мына ошондой кеме алгачкы ирет узак мөөнөткө жайгаштырылган.

2013-жылы мунаса табылбаганына байланыштуу Орусия НАТО менен ракетадан коргонуу системасы боюнча сүйлөшүүлөрүн токтоткон.

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

Бүгүн Румынияда жайдын ишке берилишин комментарийлеп жатып, Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков АКШнын ракетадан коргонуу системасы Орусиянын “улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратарына” кайрадан токтолду.

Анын үстүнө Румыниядагы базанын ачылышы Крымдын эки жыл мурдагы аннексиясынан кийин Орусия менен НАТОнун мамилеси чыңалган учурга туш келүүдө.

Акыркы апталарда Орусиянын учактары Балтика деңизинде АКШнын кемелери менен аскерий учактарына жакындап, бул өз кезегинде Вашингтондун сынын жаратты.

Польша жана Балтика өлкөлөрүнүн тынчсыздануусун басуу аракетинде АКШ жыл башында аскерлердин үч бригадасы Европа ротациялык негизде жайгашып турарын жарыялган, Орусия жакында буга өлкөнүн Батыш жана түштүк-батыш чек араларында үч жаңы дивизия түзүлөрүн айтып жооп берди.

Орус коргоо министри Сергей Шойгу бул чечимди НАТОнун аскерлери Орусияны чек арасына жакындап жатканына байланыштырды.

Мурдараак Орусия АКШнын ракетадан коргонуу боюнча Европадагы системасына жооп кылып, Калининградда “Искандер” ракеталарын жайгаштырарын да эскерткен.

"Искандер" ракеталык системасы.
"Искандер" ракеталык системасы.

500 чакырым аралыкка чейин уча алуучу бул ракеталар кадимки же өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү.

Европалык айрым расмий өкүлдөр ал ракеталар Калининградда буга чейин эле орнотулган болушу мүмкүн деп эсептешет.

Москва менен Вашингтон ошондой эле канаттуу жана баллистикалык ракеталардын бардык тибин Европадан алган 1987-жылкы келишимдин макамын талашып келүүдө.

АКШ үч жылдан бери Орусияны бул келишимди канаттуу ракеталардын жерден атылуучу түрүн өнүктүрүү менен бузуп жатат деп айыптаса, Орусия АКШны баллистикалык ракетадан коргонуу системасын Румынияга жылдыруу менен бузуп жатат деп күнөөлөйт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG