Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

"Форбс": Миллиардерлер катары калыңдады


Акчасы миллиард доллардан ашкандар саны быйыл 1826га жетти.
Акчасы миллиард доллардан ашкандар саны быйыл 1826га жетти.

Америкалык “Форбс” журналынын жаңы рейтинги дүйнөдө миллиардерлер саны өскөнүн көрсөттү. Акыркы бир жыл ичи ага катар байлыгынын жарымын жоготкондор да көп болду.

Бизнеске адистешкен “Форбс” журналынын жаңы эсеби, быйыл дүйнөдө байлыгы, акча-мүлкү миллиард доллардан ашканы далилденгендер саны 1826га жеткенин көрсөттү. Бул акыркы бир жылда үлкөн байлардын катары калыңдап, былтыркы жылга салыштырмалуу 181ге көбөйдү дегенди туюндурат.

“Форбс” журналынын башкаруучу редактору Керри Долан америкалык Си-Эн-Би-Си телеканалы менен маегинде белгилегендей, азыркыга чейин миллиардерлердин саны бир жылда мынчалык көбөйгөн учур болгон эмес:

- Тизмеге кирген миллиардерлер саны буга чейин болуп көрбөгөндөй өстү. Бир жыл мурда алардын саны 1645 болчу. Быйыл 1826га чыкты. Алардын байлыгынын орточо көрсөткүчү былтыркы жылга салыштырмалуу бир аз ылдыйлады, ал эми жалпы көлөмү жети триллион доллардан ашты.

“Форбс” миллиардерлер саны быйыл мунайдын баасы кургуйга кулап, дүйнөлүк экономикада олку-солкулуктар уланып, дүйнөлүк валюталардын бири - евро нарксызданганына карабай өскөнүнө көңүл бурат.

Билл Гейтс жубайы Мелинда менен. Давос, 23-январь, 2015-жыл.
Билл Гейтс жубайы Мелинда менен. Давос, 23-январь, 2015-жыл.

Миллиардерлердин клубуна быйыл жаңыдан 290 адам кошулса, алардын 71и Кытайдан, 23ү АКШнын Калифорния штатындагы Силикон өрөөнүндөгү технологиялык компаниялардын ээлери жана уюштуруучулары.

​Дүйнөнүн эң байы адамы деп быйыл кайрадан “Майкрософт” компаниясынын ээси Билл Гейтс таанылды. “Форбстун” эсебинде, Гейтстин байлыгы былтыр 3,2 миллиард долларга көбөйүп, 79,2 миллиард долларга жеткен.

Муну менен ал мексикалык Карлос Слимди басып өттү. Билл Гейтс дүйнөнүн эң байы дегенди титулду акыркы 21 жыл ичинде 16 жолу багындырды.

Жаш жана аял миллиардерлер көбөйдү

Быйылкы тизмеде жаш миллиардерлердин саны да көбөйүп, 40 жашка чейинкилердин саны 46га жетти.

Кырк жашка чейинкилердин эң байы - соңку кездери кыргызстандыктар да активдүү колдонууга өткөн “Фейсбук” социалдык түйүнүнүн ээси Марк Цукерберг. Цукербергдин тизмедеги орду беш тепкичке жогорулап, 33,4 миллиард долларлык байлыгы менен 16-орунду ээледи. Башкача айтканда, дүйнөнүн эң бай 20 адамдын арасына биринчи ирет кошулду.

Быйылкы тизмеде аял миллиардерлердин да саны көбөйгөн. “Форбс” журналынын башкаруучу редактору Керри Доллан Си-Эн-Би-Си телеканалы менен маегинде аял миллиардерлер тууралуу буларды айтты:

- Аял миллиардерлер саны быйылкы 172ден быйыл 197ге чыкты. Бул топтогулардын 29у гана өзү байыгандар. Басымдуу бөлүгү байлыкты аталары же күйөөлөрү мураска калтырып кеткенинен улам миллиардер болгондор.

Марк Цукерберг 40 жашка чейинки миллиардерлердин эң байы.
Марк Цукерберг 40 жашка чейинки миллиардерлердин эң байы.

Аял миллиардерлердин катарына алардын эң жашы катары 31 жаштагы америкалык Элизабет Холмс (Elizabeth Holmes) быйыл биринчи ирет кошулду. Кандын анализин чыгаруучу Theranos компаниясынын ээси азыр 4,5 миллиард доллар деп бааланган байлыгын өзү тапкан.

Орус миллиардерлеринин капчыгы жукарды

Миллиардерлердин былтыркы тизмесинен быйыл 138 адам чыгып калды. Алардын арасында украин президенти, кезинде “шоколад королу” атыккан Петро Порошенко да бар.

Ал эми миллиардерлеринин саны азайган же капчыгы жукарган өлкө болуп Орусия табылды. “Форбс” журналынын башкаруучу редактору бул боюнча Керри Доллан мындай дейт:

- Орусия миллиардерлеринин көбүн жоготту. Былтыр 111 болсо, быйыл 88 эле. Бул көбүнесе рубль нарксызданганынан улам болду.

Орусиялык миллиардерлердин эң байы «Интеррос» компаниясынын ээси Владмир Потанин 15,4 миллиард доллар байлыгы менен 60-орунду ээлеген. Миллиардерлердин жалпы саны жагынан Орусия быйыл 5-орунга түштү. Ал эми Индияда 90, Германияда 103, Кытайда 213, АКШда 536 миллиардер бар.

Казакстандан ири байлардын катарына мурдагыдай эле беш адам, анын ичине президент Нурсултан Назарбаевдин ортончу кызы Динара менен анын күйөөсү Тимур Кулибаев да кирди.

Алардын ар биринин байлыгы, “Форбс” журналынын эсебинде, 2,1 миллиард доллардан.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG