Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Миң кубулган, миң түрлөнгөн Синатра


Фрэнк Синатра
Фрэнк Синатра

Америка маданиятын ар кошкон элдердин өкүлдөрү жаратканын жана жасаганын ким да болсо билет го.

Маселен, атактуу ырчылар жана джазмендер Луи Армстронг менен Дюк Эллингтон африкалык каралардан болсо, белгилүү киноактер Арнольд Шварценеггер австриялык эмигрант, улуу Чарли Чаплин Англиядан жер которуп келген еврей, композитор Игорь Стравинский менен жазуучу Владимир Набоков орус, кинорежиссер Милош Форман венгр ж.б.

Ошол бүтүндөй Америка маданиятынын атын дүйнөгө тараткан супержылдыздардын бири, албетте, түпкү теги Италиядан тараган даңазалуу ырчы жана киноактер Фрэнк Синатра.

Синатра менен Американын ХХ жүз жылдыктагы массалык маданияты, анын ичинде эстрадасы, ырдоо маданияты өз ара тутумдаш түшүнүктөр. Ырас, бул өлкөдө Элвис Пресли, Луи Армстронг, Энгельберт Хампердинк, Том Жонс сыяктуу дүйнөгө белгилүү ырчылар чыккан, кантри музыкасы да ушул Америкадан тараган. Бирок Фрэнк Синатра - бул таптакыр башка түшүнүк.

Синатраны тарыхчылар Американын ХХ кылымдагы сыймыгынын бири катары карап келишет. Анын себеби түшүнүктүү - Синатра эч кимге окшошпогон ырдоо стилин жаратты. Башкача айтканда, вокалдагы американизмди, свингди жаратты­. Анын кимге да болсо таанымал “баркыт” үнү, романтизм менен жашоо кумарына ширелген лирикалык ырлары Дүйнөлүк экинчи согуштан мурунку жана кийинки Американын руханий жүзүн чагылдырды, бул мамлекеттин бийиги менен тереңин, кыялы менен армандарын ачып көрсөттү.

Ошону менен бирге Фрэнк Синатранын өмүрү нака америкалык супержылдыздын өмүрү. Анын 82 жылдык өмүр тарыхында укмуштуудай атак менен даңк да бар, гезит беттеринде эч качан токтобогон ал тууралуу ушак жана айың бар, миллиардга чейин жеткен доллар, төрт жолку нике, мафия менен байланыш, президенттер менен достук да бар. Ооба, президенттер Жон Кеннеди жана Рональд Рейган бул ырчынын жакын досторунан болгон.

Ал эми Синатранын сүйүү романдары, айрыкча атактуу актриса Ава Гарднер менен болгон махабат баяны, Мэрилин Монро менен байланышы, деле Синатранын бүтүн Американы дүңгүрөткөн кылык-жоруктары кайсы бир деңгээлде Американын да тарыхы. Атап айтканда, бул мамлекеттин массалык маданиятынын, музыкасынын тарыхы. Ошондуктан бир сынчы: “Синатра - бул кулакта жана көздө сакталган Америка” деп айтканы бекеринен эмес чыгаар.

Чынында да ар качандан бир качан радиодон жаңырган музыка - бул Фрэнк Синатранын ырлары, теледеги кечки шоуда миң кубулуп түрлөнгөн - бул Фрэнк Синатра, Голливуддун көркүн чыгарып, журналисттерди артынан ээрчиткен, ар кандай ушак-айыңдардын чыгышына себеп болуп берген да ушул атактуу инсан.

Синатра - Американын маданий символу
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:11 0:00
Түз линк

Ошондуктан бул ырчынын жана шоумендин узун жана байсалдуу турмушу дүйнөгө аты кеткен кино тасмалардан тартып (маселен, The Godfather, б. а. “Крестный отец” деген фильмде Синатранын образы да чагылдырылган), бир канча адабий романдарга чейин баян этилди, нечен популярдуу китептерге тема болуп берди.

Фрэнк Синатра чынында да улуу ырчы, болгондо да романтикалык маанайдагы ырчы. Үнүндө чыныгы эркектик доош, эч кимге окшошпогон ырчылык стиль бар, джаз музыкасына укмуштуудай ылайык келген каргыл үнү бар. Ошону менен бирге Синатранын ырларынын ички мазмуну абдан терең. Анын ырларында кудайга ишенүү, керек болсо сөздүн жакшы маанисиндеги динчилдик, ошондон улам келип чыккан назиктик, сөздүн жакшы маанисиндеги сентиментализм бар. Ошол назиктик жана сентиментализм менен чогуу жашаган ыйыктык бар, өкүнүч менен аруу тилек бар, биздин тилибиз менен айтканда, жаркын маанайдагы арман бар. Жашоонун кыскалыгы, өмүрдүн өктөсү, жараткандын жакшылыктарына ишеним Фрэнк Синатранын бүт дүйнөгө таралган ырларынын негизги мазмуну болуп саналат.

Айтор, Фрэнк Синатра тууралуу айта берсек оңой менен сөз бүтпөйт. Анын киноактер катары чыгармачылыгы өзүнчө сөз кыла турган чоң тема. Кинодогу эмгектери жана музыкадагы талыкпаган чыгармачылыгы үчүн “Оскардан” баштап “Грэммиге” чейинки эң эле таанымал сыйлыктардын ээси болду. Убагында Рональд Рейган менен киного түштү. Кийин Дюк Эллингтон, Луи Армстронг сыяктуу улуу джазмендер менен чогуу ырдады, дүйнөнүн эң бай артисттеринин бири болду. 60ка жакын фильмдерде роль ойноду, 82 жыл өмүр сүрдү. Ошентип, Американын эң эле таанымал супержылдызына айланды. Керек болсо ХХ жүз жылдыктагы Американын жүзүн ачкан маданий символ катары тарыхка кирди.

XS
SM
MD
LG