Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Жумгал почтасынан акча уурдагандар кармала элек


19-январь күнү Жумгал районунун Чаек айылындагы почтадан 380 миң сом уурдалган. Түн жамынып келген беткапчан адамдар акчаны кароолчунун колу-бутун байлап, алып кетишкен. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султаналиеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, алар акча салынган сейфти көтөрүп кетишкен:

- Беткапчан кишилер 380 миң сом салынган темир сейфти ачпай эле, көтөрүп кетишкен. Андан сырткары акча сактоочу башка сейфти да ачууга аракет кылышкан.

2015-жылы Ак-Талаа райондук почта бөлүмүндө да куралдуу кол салуу болгон. Анда 1 млн сомдон ашык өлчөмдөгү пенсия акчасын банктан почтага алып бараткан Ак-Талаа райондук почта кызматкерлерине чак түштө белгисиз адамдар курал кезеп, акчаны берүүнү талап кылган. Почта коштоочулары каршылык көрсөткөндө куралчан адамдар ок аткан. Натыйжада бир почта кызматкери бутунан жарат алып, бирок акчаны берген эмес.(MiK)

XS
SM
MD
LG