Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Рактан жабыркаган студентке акча топтолууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын студенттери 1-курста окуган Иляс Ахунбаевдин операциясы үчүн акча топтоп жатышат. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн Медициналык академияда студенттер ар кандай даамдарды сатып, андан түшкөн каражатты бейтаптын ата-энесине берүүнү көздөөдө. Фармация факультетинин студенти Иляс Ахунбаев "баш мээнин залалдуу шишиги" илдетинен жабыркайт.

Эми ага Москвадан операция жасалат. Ал үчүн студентке 500 000 сом керек. (NT)

XS
SM
MD
LG